Фикхий

Бидъаттын вакыйлыгы

Бидъаттын вакыйлыгы

Суроо: Биз жыйындарыбыздын биринде бидъат түшүнүгүн истилахий (терминологиялык) жактан талкууладык. Айрымдарыбыз: “ал шариаттын буйругуна каршы келген ар бир ишке колдонулат”, – дешти. Айрымдарыбыз болсо: “ал шариаттын буйругуна ибадаттарда каршы келүүгө гана колдонулат”, – дешти. Бул маселени түшүндүрүп беришиңиздерди суранабыз. Аллах сиздерден ыраазы болсун.

Жооп:

  1. 1. Шариаттын буйруктары эки түрдүү болот:

Биринчи түрү: Буйрук формасында келип, ошол буйрукту аткаруунун кандайча ишке ашырылары (аткаруу кайфияты) да түшүндүрүлүп берилген буйруктар. Мисалы, Аллах Таала мындай дейт:

﴿وَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ﴾

«Намазды толук аткаргыла» (Бакара: 43).

Бул буйрук формасы. Бирок адамга намазды каалагандай окууга уруксат берилген эмес. Тескерисинче, башка далилдер келип, анын аткарылыш жолун — такбир алуу, тик туруу, кыраат, руку, сажда ж.б. — түшүндүрүп берген. Ошондой эле Аллах Таала:

﴿وَلِلَّهِ عَلَى النَّاسِ حِجُّ الْبَيْتِ﴾

«Ошондой эле жолго чамасы жеткен кишилердин мойнунда Алла үчүн мына ошол үйдү ажы-зыярат кылуу милдети бар». (Али Имран: 97) — деп айтат.

Бул ажылыкка буйрук берүү (талап маанисиндеги кабар). Андан кийин ажылыктын аткарылыш жолун түшүндүргөн башка насстар келген.

Экинчи түрү: Буйрук формасы жалпы же мутлак (чектөөсүз) келип, анын аткарылыш жолу майда-чүйдөсүнө чейин көрсөтүлбөгөн буйруктар. Мисалы, Пайгамбар ﷺ  мындай деген:

«مَنْ أَسْلَفَ فِي شَيْءٍ فَفِي كَيْلٍ مَعْلُومٍ وَوَزْنٍ مَعْلُومٍ إِلَى أَجَلٍ مَعْلُومٍ»

«Ким бир нерседе салам (алдын ала төлөм, байер соодасы) кылса, анда ал белгилүү өлчөмдө, белгилүү салмакта жана белгилүү мөөнөттө болсун». (Бухари риваят кылган).

Бул жерде салам жөнүндө буйрук шарттуу сүйлөм формасында келген. Салам белгилүү өлчөмдө, белгилүү салмакта жана белгилүү мөөнөттө болушу керектиги буйрулду. Бирок шариат бул келишимди аткаруунун практикалык жол-жоболорун түшүндүргөн эмес. Маселен, келишим түзгөн эки адам бири-биринин алдында туруп, Куран окуп, андан кийин алдыга кадам таштап, кучакташып, анан салам маселеси тууралуу сүйлөшүп, соңунда ижааб-кыбылды аткарышы керек деген сыяктуу тартиптер көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле Пайгамбар ﷺ  мындай деген:

«الذَّهَبُ بِالذَّهَبِ رِبًا إِلَّا هَاءَ وَهَاءَ»

«Алтынды алтынга алмашканда колго-кол кылып гана (алмаштырылсын)». (Бухари жана Муслим) жана

«الذَّهَبُ بِالذَّهَبِ مِثْلًا بِمِثْلٍ وَالْوَرِقُ بِالْوَرِقِ مِثْلًا بِمِثْلٍ»

«Алтын алтынга теңме-тең, күмүш күмүшкө теңме-тең (алмаштырылсын)». (Бухари жана Муслим).

Бул да — талап маанисиндеги кабар. Бирок бул алмашуунун практикалык аткаруу жол-жоболору жогоруда айтылган биринчи мисалдардагыдай так көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле, Пайгамбар ﷺ  жаназа өтүп бара жатканда туруп коюуга буйрук бергендиги сахих хадисте келген:

«إِذَا رَأَيْتُمُ الْجَنَازَةَ فَقُومُوا لَهَا…»

«Эгер жаназаны көрсөңөр, ага туруп койгула». (Муслим)

Пайгамбардын ﷺ  бул амалы да талап, башкача айтканда буйрук маанисинде. Бирок ал ﷺ  мунун практикалык аткаруу жол-жоболорун биринчи мисалдардагыдай түшүндүрүп берген эмес.

Демек, айрым буйруктары аткаруу жол-жоболору менен кошо келген, ал эми айрым буйруктары жалпы же мутлак түрдө келип, аткаруунун деталдуу практикалык жол-жоболору көрсөтүлбөгөн. Шариат буйругунун аткаруу тартиби (кайфияты) көрсөтүлүп келген буйругуна каршы келүү истилахий жактан бидъат деп аталат. Анткени ал шариат көрсөтүп берген аткаруу тартибине ылайык эмес.

Бидъат тилдик жактан Лисан ал-Арабда мындайча берилет: мубтадиъ — мурда болбогон окшоштукта бир ишти кылуучу; абдаъту-ш-шай — аны үлгүсүз, мисалсыз ойлоп таптым дегенди билдирет.

Истилахий мааниси да ушундай: башкача айтканда, шариат бир шаръий буйрукту аткаруунун белгилүү кайфиятын баян кылган болсо, ошол кайфиятка каршы келүү. Ушул маанини хадис да билдирет:

«وَمَنْ عَمِلَ عَمَلًا لَيْسَ عَلَيْهِ أَمْرُنَا فَهُوَ رَدٌّ»

«Ким биздин буйругубузга ылайык келбеген бир ишти кылса, ал иш четке кагылат». (Бухари, Муслим).

Демек, ким намазында эки сажданын ордуна үч сажда кылса, ал бидъат кылган болот. Ким Минадагы жамараттарга жети таштын ордуна сегиз таш ыргытса, ал да бидъат кылган болот. Ар бир бидъат адашуу, ал эми ар бир адашуу тозокто. Башкача айтканда, мындай иши үчүн ал күнөөгө батат.

  1. Шариаттын буйругуна каршы келүү, бирок ал буйрукка аткаруу кайфияты көрсөтүлбөгөн болсо, анда бул шаръий өкүмдөр чөйрөсүнө кирет. Мындай учурда, эгер ал таклиф хитабы болсо, ага жараша арам, макрух же мубах деп айтылат. Ал эми вадъ хитабы (иштин же нерсенин шаръий абалы) болсо, батыл же фасид деп айтылат. Бул болсо буйрукка коштолгон каринага т.а. тактыкка, артыкчылыкка же тандоого жараша аныкталат. Мисалы, биринчи мисалда салам келишимин түзгөн адам, шариат буйругандай белгилүү өлчөм, белгилүү салмак жана белгилүү мөөнөтсүз түзсө, ал бидъат кылды деп айтылбайт. Тескерисинче, шариат буйругуна каршы келген бул келишим, каршы келүүнүн түрүнө жараша батыл же фасид деп айтылат.

Экинчи мисалда болсо, «алтын алтынга колго-кол, теңме-тең» деген буйрукка каршы келип, адам алтынды алтынга тең эмес же колго-кол эмес алмаштырса, ал бидъат кылды деп айтылбайт. Тескерисинче, ал риба (пайыз) болгон муамаланы кылып, арам иш жасаган болот.

Ошондой эле жаназа өтүп бара жатканда туруп коюу буйругуна каршы келип, отуруп калуу да бидъат деп айтылбайт. Тескерисинче, бул мубах деп айтылат. Анткени бул эки абал тең шаръий далилдерде келген. Муслим Али ибн Абу Талиб (р.а.)дан риваят кылат:

«قَامَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ ثُمَّ قَعَدَ»

«Аллахтын Элчиси  (жаназа үчүн) туруп, андан кийин отурду». (Муслим). Ушул сыяктуу эле, шариаттын

فَاظْفَرْ بِذَاتِ الدِّينِ تَرِبَتْ يَدَاكَ

«Диндүүсүн танда, колуң топуракка малынбасын». (Бухари) – деген буйругуна каршы келүү да бидъат деп айтылбайт. Тескерисинче, диндар эмес аялга үйлөнүү тууралуу шаръий өкүм изилденет. Анткени шариат бул тандоонун практикалык жол-жоболорун баян кылган эмес. Мисалы, жигит кыздын алдында туруп, Айатул Курси окушу, анан бир кадам алдыга жылып, Фалак жана Нас сүрөлөрүн окушу, анан дагы бир кадам жасап, Бисмилла айтуусу, андан кийин оң колун сунуп жуучу салуусу сыяктуу тартиптер көрсөтүлгөн эмес.

Ошондой эле Пайгамбар ﷺдын соодагерлерге кайрылып айткан сөзү бар:

«يَا مَعْشَرَ التُّجَّارِ إِنَّ هَذَا الْبَيْعَ يَحْضُرُهُ اللَّغْوُ وَالْحَلِفُ فَشُوبُوهُ بِالصَّدَقَةِ»

«Эй соодагерлер жамааты! Бул соодада куру сөз жана көп ант берүү катышат, андыктан аны садака менен аралаштыргыла». (Абу Дауд жана Ахмад).

Бул хадис соодагерлердин антты көп колдонушуна байланыштуу айтылган. Бирок шарият бул жердеги «фашубуху» (садака менен аралаштыргыла) деген буйрукту аткаруунун майда-чүйдө жол-жоболорун түшүндүрүп берген эмес. Ошондуктан, сатууда ант берип, бирок садака кылбаган адамга “ал бидъат кылды” деп айтылбайт. Тескерисинче, сатууда ант берген соодагердин садака бербегенине байланыштуу шаръий өкүм изилденет.

Ушул сыяктуу эле, аткаруу кайфияты деталдуу түрдө көрсөтүлбөгөн бардык буйруктарга каршы келүү да ушундай бааланат.

  1. Шаръий насстарды изилдөө (истикра) аркылуу белгилүү болгондой, шариат буйругунун аткаруу кайфияты негизинен ибадаттардын көбүндө гана келген. Башкача айтканда, шариат буйругун аткаруунун практикалык жол-жоболору көбүнчө ибадаттарда баяндалган. Ошондуктан, ибадаттардан башка иштерде бидъат орун албайт. Анткени дал ошол ибадаттарда гана буйрукту аткаруунун практикалык жол-жоболору келген.

Биз “ибадаттардын көбүндө” деп айтып жатабыз, анткени айрым ибадаттарда да аткаруунун практикалык жол-жоболору келген эмес. Мисалы, жихад ибадат болгону менен, анын буйруктары мутлак же жалпы түрдө келген:

﴿قَاتِلُوا الَّذِينَ يَلُونَكُمْ مِنَ الْكُفَّارِ﴾

«Жаныңардагы каапырларга каршы согушкула жана алар силердеги күч-кубатты көрүшсүн!» (Тообо: 123).

﴿جَاهِدِ الْكُفَّارَ وَالْمُنَافِقِينَ وَاغْلُظْ عَلَيْهِمْ﴾

«Каапырларга жана мунаафыктарга каршы күрөшкүн жана аларга катуу тур». (Тообо: 73).

Бул буйруктардын аткарылыш тартибин түшүндүргөн насстар келген эмес. Маселен, “кантип согушуу керек, аят окуп, анан ок чыгарып, бир кадам алдыга жылып дагы бир ок чыгарып, андан соң оң тарапка жылуу” сыяктуу тартиптер баяндалган эмес. Ошондуктан, жихад парз болгон учурда жихад кылбаган адам тууралуу “ал бидъат кылды” деп айтылбайт, тескерисинче, жихаддан баш тартканы үчүн арам иш кылды деп айтылат.

  1. 5. Корутунду.

Шариат аткаруу кайфиятын так баяндап берген буйрукка каршы келүү — бидъат болуп эсептелет. Ал эми аткаруу тартиби баяндалбаган, мутлак же жалпы буйрукка каршы келүү — шаръий өкүмдөр чөйрөсүнө кирет. Таклиф жагынан: арам, макрух, мубах;  вадъ жагынан: батыл, фасид. Насстарды изилдөөнүн жыйынтыгында, ибадаттардын көбүндө аткаруу тартиби келгендиги аныкталгандыктан, аларга каршы келүү бидъат бөлүмүнө кирет.

Ал эми муамалаттарга же жихадга байланыштуу далилдер мутлак же жалпы түрдө келгендиктен, аларга каршы келүү шаръий өкүмдөр бөлүмүнө кирет: таклиф: арам, макрух, мубах;  вадъ: батыл, фасид.

29-Рамазан 1430-х.

18.09.2009-м.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button