
Саясатчынын жөндөмдөрү: соңку бөлүм
Билимди саясий чеберчиликке айлантуу жолу
Буга чейин айтылган бүтүндүк, саясий туруктуулук, стратегиялык ой жүгүртүү, юридикалык сабаттуулук жана башка көптөгөн сапаттар – саясий лидерликтин пайдубалын түзөт. Бирок булар жөнүндө билимге ээ болуу менен гана адам саясий жактан жетилип калбайт. Саясий жөндөмдөр теорияда гана эмес, эң негизгиси практикада, кайталанган адаттар жана принциптер реалдуулук менен сынала турчу оор кырдаалдарда калыптанат.
- Баалуулуктарды күнүмдүк адатка айлантуу
Бүтүндүк менен туруктуулук капысынан пайда болуп калбайт. Алар ырааттуу чечимдер аркылуу, маанилүү жана жөнөкөй жагдайларда өзүнө кыянат кылбоо менен калыптанат. Ошондой эле, жашоодо өз баалуулуктарын иш жүзүндө колдонбогон саясатчы, чыныгы сыноолорго туш болгон учурда аларга таяна албайт.
Мусулман адам үчүн, бул жол жөнөкөй жашоосундагы иштерден башталат. Дал ушул жерде, кичине убада болсо да ага бекем болуу, убагында макулдашылган жайга же иш-чарага келүү жана жоопкерчиликти тайманбастан көтөрүү менен адамда бүтүндүк сапаты түптөлө баштайт. Аны менен бирге, чынчылдык сапаты да калыптанат. Маселен, өз кызыкчылыктары менен үммөттүн кызыкчылыктарын аралаштырбоо менен жана эч ким көрбөй турган абалда да, куулукка жол бербөө аркылуу, адамда чынчылдык арта берет. Бул күнүмдүк чечимдер, кийин чоң саясий жүктөрдү көтөрө ала турган мүнөздү калыптандырат.
- Иш–аракеттерден жана каталардан сабак алуу
Саясий жетилгендик – бул кылынган иштерге тынымсыз баа берүү, кабыл алынган чечимдерди талдоо, натыйжаларды баалоо, кемчиликтерди моюнга алып, иш ыкмаларын жакшырта билүү менен болот. Саясатта жыгылып көрбөгөн адам утуучу болуп эсептелбейт, тескерисинче, жыгылып, бирок тез үйрөнгөн утуучу болот.
Бул жолдо адам ката кетирбей коё албайт. Ката кетирүү кулоого барабар эмес, тагыраагы, ал өсүүгө мүмкүнчүлүк жаратат. Исламий көз караш менен анын практикасына негизделсек, адам качан өз каталарын моюнга алып, аларды оңдоого умтулса, мына ошондо ал бийиктей баштайт. Мисалы: Сен бир иш-чара уюштурган соң, адамдар ага келбей койсо – бул ийгиликсиздике учуроону түшүндүрбөйт. Тагыраагы, ал аракеттериңди дагы бир жолу анализдөөгө шарт түзгөн жагдай болуп саналат.
Сен талкууда өзүңдүн туйгууларыңа берилип кетип жатасыңбы? Демек сен эмненин үстүндө иштеш керек экендигин билип алдың. Сен жамааттык демилгеде ката чечим кабыл алып койдуңбу? Анда муну моюнга алгын, анткени бул аркылуу катаңды жаап жашыргандан көрө, өзүңө элдин ишенимин көбүрөөк бекемдейсиң. Дал ушундай кырдаалдар, саясий жетилгендиктин мектеби болуп берет.
- Теорияда гана эмес реалдуу чөйрөдө иштей билүү
Стратегиялык ой жүгүртүү, юридикалык сабаттуулук, коммуникативдүүлүк жана уюштуруучулук жөндөмдөрү – партиялык, коомдук иштерде, эксперттик уюмдарда жана саясатка киришүү сыяктуу социалдык чөйрөлөрдө гана өнүгөт. Адам канчалык эрте тажрыйба топтой баштаса, ошончолук бул сапаттар анын мүнөзүнө табигый түрдө сиңет.
Өнүгүү, чектелген мейкиндикте мүмкүн эмес. Лидерликке умтулган мусулман адам, эл арасында жашап, алар менен иштеп, муктаждыктарын сезип жана анын үнүн уга билиши керек. Мечиттеги иш-чаралар, жаштардын кыймылы, кайрымдуулук долбоорлор, талкуу аянтчалары – булардын баардыгы эч бир китеп тартуулай албаган тажрыйбаны берет. Дал ушундай абалдарда башкаруу, байланыштарды түзүү, макулдашуу, чечим кабыл алуу жана ар кандай пикирлерди эсепке алуу жөндөмдөрү калыптанат. Ушундан улам, коомдун түзүлүшүн жана аны өнүктүрүүчү кандай куралдар бар экенин түшүнө баштайсың.
- Жалпы абалды түшүнүү жана кылдаттык менен иштей билүү
Саясат кеңири талдоону жана ошол эле учурда так иштөөнү талап кылат. Чыныгы стратег алысты көрүп, бирок так жана өз убагында аракет кылат. Ошондуктан, лидерликти эңсеген адам дайыма жаңы деңгээлдерге чыгуу адатын калыптандыруу маанилүү. Тактап айтканда, глобалдык маселеден баштап, көчө көйгөйлөрүн жана принциптерден услубдарга өтүү жөндөмүн арттыруу керек.
Убакыт өтүшү менен, чоң жана кичинени бир убакта байкоо, башкача айтканда, жалпы максатты түшүнүп, майда иштерде адашпоо жөндөмү пайда болот. Эгер сен Ислам жаштарын өнүктүргүң келсе, демек ишиңди чоң үмүттөрдөн эмес, чакан жыйындардан баштооң зарыл. Үммөттүн абалын жакшыртууга урунуп жатасаң, демек биринчи болуп алар жашаган өрөөндүн мыйзамдарын изилдөөң керек. Сен саясатка аттансаң, демек коомдук жолугушууларды сабаттуу деңгээлде өткөрүүнү, адамдарды угууну жана алардын чыныгы муктаждыктарын түшүнүүнү үйрөнүүдөн башташың керек. Ошентип, акырындык менен чоң жетилгис идеялар, турмуш кадамдарына айланат.
- Жекече өсүү чөйрөсүн түзүү
Бир да саясий жөндөм бекилген жана тар чөйрөдө өнүкпөйт. Андыктан, насаатчылар пикирлештер, атаандаштар, жада калса сынчылардын бар болуусу шарт. Чыныгы саясатчы ой жүгүртүүгө, талашканга, өз позициясын коргоого мажбур болот жана ал далилдерди тактоого аргасыз болгон чөйрөдө гана калыптана алат.
Ошондуктан, айлана-чөйрө өтө маанилүү ролду ойнойт. Чыныгы Ислам негиздери менен жашаган адам, өз насааты менен ондогон теория бербей турган пайданы бере алат. Ошондой эле, чогуу иштеп, чогуу талкуулап, чогуу ката кетирген пикирлеш достор аркылуу – лидерди пайда кыла турган чөйрө түзүү зарыл. Жада калса пикириңди кайра изилдеп чыгууга үндөгөн атаандаштар, сенин өсүүңө себепчи болушат. Сен үчүн мунун баардыгы, саясий өнүгүүгө жардам бере турган аянтча болуп берет.
- Лидер болгондо да окуучу бойдон калуу
Саясат – коомдук турмушта эң тез өзгөрүүчү тармак. Коммуникациянын жаңы форматтары, мыйзамдар жана өкүмдөр, социалдык талаптар жана глобалдык процесстер, жөндөмдөрдү дайыма жаңыртып турууну талап кылат.
Ошондуктан үзгүлтүксүз үйрөнүү зарыл. Анткени Исламда илим – нурга жетелөөчү жол болуп эсептелет. Демек, саясий ишмердүүлүктө да диндеги, мыйзамдардагы жана социалдык процесстердеги түшүнүктөрдү дайыма жаңыртып туруу керек.
Ошондуктан, Такыюддин ан-Набхани «Ислам түзүмү» китебинде “Исламий дааватты жаюу жолу” темасында акыйкатты тынымсыз издөө – ийгиликтин кепилдиги жана идеологиялык жетилгендиктин негизги белгиси экенин белгилейт. Алланын ыраазычылыгы үчүн коомго кызмат кылууну көздөгөн адам, эч качан өзүн толук түрдө даяр жана толук кандуу жетилген деп эсептебейт. Дал ушул илимге карата түшүнүк, аны күчтүү кылат.
Насаат
Биздин бул жашоодогу негизги милдетибиздин алкагында, саясий жөндөмдөрдү калыптандыруунун өзүн максатка жетүү деп эсептөө туура эмес. Тагыраагы, мунун бардыгы максатка жетүүдө колдонула турган стратегия жана ыкма. Бул жараяндар, мусулман өз максатына карай аракет кылууну, таасир берүүнү жана чечим кабыл алууну токтотмоюнча аны менен бирге коштолушу зарыл. Бул ыйык жолдо ар бир кадам, ар бир чечим, ар бир аракет саясий чеберчиликти арттырат.
Эң маанилүү сабактар китептерде эмес, чыныгы жашоодо экенин түшүнүү керек. Бул жашоодо идеялардын кагылышуусуна, эл алдындагы жоопкерчиликке, оор компромисстерге, өз көз караштарын бекем карманууга даяр болушу зарыл.
Адам качан өзүн саясий жана мамлекеттик ишмер катары түптөй алса, ошондо ал саясий жактан өнүгөт. Ал эми бул жолдо, адам ниеттеринде жана туруктуулугунда сөзсүз сыналат. Андыктан, лидерлике умтулган мусулман адам, өзүнүн үстүнөн тынымсыз иштеши керек. Ибадат адамда тартиптүүлүктү калыптандырат, коом жоопкерчиликти, талкуулашуу даанышмандыкты, ал эми сыноолор туруктуулукту пайда кылат. Андыктан, бул жолдо ниетиң канчалык таза жана ыкластуу болсо, кадамың ошончолук бекем болот. Ким ушул өнүгүү жолу менен коркпой баса турган болсо, демек ал чыныгы лидерликке алгачкы кадамын таштаган болот.
Эгер сен адилеттүүлүккө, чынчылдыкка жана Ыйык Алла таалага кызмат кылууга негизделген лидерликке умтулсаң, анда сен жашаган ар бир күн, ар бир майда аракет, жөн гана жөнөкөй ыраазычылыкка эмес, Жараткан ар дайым сени менен экенине жана сага жардам берип жаткандыгына болгон ишенимге жетелейт. Саясий жетилгендик кокусунан пайда боло турган нерсе эмес. Ал сенин иштериңден, сөздөрүңдөн, адаттарыңдан, жөндөмдөрүңдөн жана чечимдерди тандооңдон өсүп чыгат.
Андыктан, сенин жолуң мүнөзүңдүн ажыралгыс бир бөлүгүнө айланганда, сен өзүң лидерге кантип айланып калганыңды байкабай каласың. Ал эми, Улуу Жаратуучу адамдардын ишенимин сага тартуулоо менен, өз жеңишин берет жана ошол аракеттериңдин натыйжасы Алла Таалага болгон үмүтүңдү үзгүлтүксүз бекемдейт.
Бурана


