«Биргелешкен араб күчү» үммөт үчүн калканбы же Америкага кызмат кылуубу?

«Биргелешкен араб күчү» үммөт үчүн калканбы же Америкага кызмат кылуубу?
Аскердик чыңалуулар күчөп, аймактагы кырдаалды кайрадан түзүүгө багытталган эл аралык аракеттер күчөгөн шартта, Египет режими биргелешкен араб коргонуу келишимин жандандырууга жана «коркунучтарга» каршы туруу үчүн биргелешкен араб күчүн түзүүгө чакырды.
Мусулман өлкөлөрү колонизатор тутанткан согуш оту менен алек болуп, яхудий түзүмү Палестинадагы элибизге каршы жалгыз үстөмдүк кылып турган учурда, Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абдулати кайрадан эски формадагы, бирок жаңыланган алдамчылык үнүн көтөрүп чыгып, биргелешкен араб коргонуу келишимин жандандырууга жана биргелешкен араб күчүн түзүүгө чакырууда. Бул чакырык, өз маңызы жана убактысы жагынан алганда үммөттү коопсуздук жаатында катуу көзөмөлгө алуу жана «араб биргелешкен иш-аракеттери» деген көшөгө астында эскирип калган режимдерди бекемдөөгө багытталган жаңы саясий тузактан башка нерсе эмес.
Биргелешкен араб коргонуу келишими кабыл алынган күндөн бери атайылап иштетилбей келди. Анткени ал үммөттүн колундагы курал болсун деп эмес, тескерисинче, араб мамлекеттери эл аралык системанын ичинде функциялык бирдиктер катары башкарылган саясий чөйрөдө жүрүүсү үчүн түзүлгөн. Ошондуктан бул келишим бир да жолу Палестинаны азат кылуу үчүн же мусулман жерлерине болгон тынымсыз кол салууларды токтотуу үчүн колдонулган эмес. Ал тек гана кагаз жүзүндө болуп, Америка аймакты өз көз карашы боюнча жөнгө салууну талап кылган учурларда гана эске алынып келет.
Бүгүн бул келишим ачык-айкын эл аралык абалда кайрадан көтөрүлүүдө. Америка түздөн-түз жаңжалдарга катышуусун кыскартууга аракет кылып жаткан шартта, «биргелешкен араб күчү» жөнүндө сөз дал ушул багыттан ажырабайт. Тескерисинче, бул аймакты коопсуздук жагынан кайрадан калыптандыруунун бир бөлүгү болуп саналат. Мунун натыйжасында араб армиялары үммөттүн эркин билдирген жана анын кызыкчылыктарын коргогон күч эмес, эл аралык стратегиянын куралына айланып калат.
Бул чакырыкты актаган расмий баяндамалар «аймактык коркунучтар», Иран менен чыңалуу же башаламандык жана туруксуздук коркунучу тууралуу сөз кылат. Бирок бул баяндамалар үммөт жетимиш жылдан ашуун убакыттан бери бетме-бет туш келип жаткан негизги жана түз коркунучту т.а. Палестинаны басып алган, эң мыкаачы зулумдуктарды жасап жаткан жана Америка менен Батыштын толук колдоосуна ээ болгон яхудий түзүмүн атайылап жашырат.
Эгер бул келишим баскынчы түзүмгө каршы түзүлбөсө, анда кайсы коркунучка каршы түзүлүп жатат?! Коопсуздук кайсы негизде камсыздалмак эле, эгер ал түзүм сакталып, анын үстүнө корголуп, чек аралары камсыздалып турса?! Палестина маселесин коопсуздук жана коргонуу темасынан четтетүү – бул кокустук эмес. Бул режимдердин табиятын көрсөтөт. Алар бул түзүмдү душман катары эмес, түздөн-түз Америка көзөмөлдөгөн аймактык тартиптин алкагындагы «шерик» катары карап калышкан.
Абдулати айтып жаткан жана каршы турууга аракет кылып жаткан «коркунучтар» – бул Сайкс-Пико тартибин сактоо, башкача айтканда, жасалма чек араларды бузуп, үммөттү Халифалык роясы астында бириктирүүгө умтулган ар кандай чыныгы элдик кыймылдарды токтотуу. Ошондой эле, үммөттүн азаттыкка болгон умтулуусун басуу үчүн чек арадан ашкан аскерий басым куралын түзүү. Ал ар кандай колонизатордун таасирин жулуп таштоого багытталган көтөрүлүштөрдү басуу үчүн колдонулат.
Египет режими чыныгы эгемендүү мамлекет катары эмес, тескерисинче, Америка жетектеген аймактык система ичинде функционалдык ролду аткарган тарап катары аракет кылууда. Анын тышкы саясаты, дипломатиялык аракеттери, ал тургай коопсуздук приоритеттери да Ислам акыйдасынын талаптарына жана үммөттүн кызыкчылыктарына дал келбейт, капиталисттик системанын талаптарына шайкеш келет.
Белгилүү болгондой, бул режимдин дал өзү яхудий түзүмү менен коопсуздук келишимдерине жана түшүнүшүүлөрүнө байланган, чек араларды көзөмөлдөөгө катышкан, ошондой эле ал Газа элине коюлган блокадада рол ойнойт. Ошондуктан «коргонуу күчү» жөнүндө сөз болуп жатканда, ал күч бул түзүмгө каршы эмес, тескерисинче, аны коргогон чөйрөнүн ичинде иш алып бара турганы өтө кооптуу маселе.
Египет режими Америкага баш ийген кызматчы жана анын пландарын так аткаруучу болуп эсептелет. Биргелешкен күч түзүү чакырыгы анын өз демилгеси эмес, Америка тарабынан өз күчтөрүнө түшкөн жүктү жеңилдетүү жана функционалдык режимдерге аскерий өкүлчүлүк милдетин өткөрүп берүү максатында берилген көрсөтмөнүн натыйжасы.
«Араб улуттук коопсуздугу» жана «биргелешкен күч» деген түшүнүктөр улутчулдук жана мекемчилик идеяларына негизделген. Алар мусулмандарды бөлүп, ар бир мамлекетти өзүнчө пландаштырып, өзүлөрүнүн аларга карата кызыкчылыктарын өзүнчө эсептешет. Ал эми Ислам үммөттү үчүн бөлүнбөгөн бир бүтүндүк катары мусулман жерлерин коргоо мазлумдарды колдоону тар саясий эсептерге баш ийбеген шаръий милдет. Исламда күч жөн гана аскерий курал эмес, ал акыйдадан келип чыккан саясий эркти билдирет. Ал душман менен дос ким экенин аныктайт жана куралды кимдир бирөөнү ыраазы кылуу үчүн эмес, кимге каршы буруу керектигин белгилейт. Ошондуктан акыйдага негизделбеген ар кандай күчтөр шал абалда калат: душмандар каалаган жерде колдонулат, керек болгон жерде кыймылсыз калат.
Бул жол менен жүрүү коопсуздукка жеткирбейт, тескерисинче, көз карандылыкты күчөтөт жана үммөттүн армияларын анын кызыкчылыгына кызмат кылбаган кагылыштардын куралына айлантат. Ал тургай алар үммөттүн өзүнө каршы колдонулуп, анын аракеттерин басуу же мыйзамдуулугун жоготкон режимдерди коргоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн. Мындан тышкары, бул багыт бөлүнүүнү сактап калат, үммөттү бириктирген саясий түзүлүштүн пайда болушуна тоскоол болот, анын ордун кайтарып, чечим кабыл алуусун көзкарандысыз кылуусуна жол бербейт жана анын күчүн чыныгы күчкө эмес, формалдуу күчкө айлантат.
Эй Кинана эли, силер түбөлүктүү рисалат көтөрүп жүргөн улуу үммөттүн жүрөгүндө жашап жатасыңар. Силерге өз эркиңерден тышкары башкарылган долбоорлордун бир бөлүгү болуу, же балдарыңардын акыйдаңарга каршы келген саясаттарды ишке ашырууда колдонулушу жарашпайт. Силер өлкөңөргө карата эмне пландалып жатканын аңдап түшүнүүгө жана аны башка бирөөлөрдүн куралы катары эмес, үммөттүн жүрөгү катары табигый ордуна кайтарууга аракет кылышыңар керек.
Эй Кинана аскерлери, министр жана анын режими талап кылып жаткан күч – силерди аймактык коопсуздук деген ат менен Америка кызыкчылыктарын коргоочу жалданма күчкө айландыруу үчүн керек. Эгер силердин аскердик наамдарыңар Кэмп-Дэвид келишимине кызмат кылса, анда ал силерге урмат алып келбейт. Силердин куралыңар болсо пайгамбарыңардын исра кылган жерин басып алган Аллахтын душмандарына каршы багытталганда гана ардактуу болот. Силердин милдетиңер үммөтүңөр тарапта болуу жана Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылып жаткандарга нусрат берүү. Ошондо гана силер чындап жер жүзүндөгү эң жакшы аскерлер болуп, баскынчылардын чек арасын кайтаруучулар эмес, Байтул-Макдисти азат кылуучулар болосуңар.
Бүгүн Ислам үммөтү тарыхый бурулуштун босогосунда турат. Аны саткын режимдердин уулуу демилгелери куткара албайт. Чыныгы кутулуу пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетинде гана болот. Ал мамлекет армияларды бириктирет, чек араларды бузат, өлкөлөрдү колонизаторлуктун нажасатынан жана анын калдыктарынан тазалайт.
Роя гезити
Устаз Махмуд ал-Лайси




