Макала
Trending

Бир күндө «төлөнө турган» карыз

Бир күндө «төлөнө турган» карыз

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жаңы парламенттин курамынын алдында: “Кыргызстан тышкы карызын бир күндө төлөп коё алат, бирок бул пайдасыз” – деп айткан сөзүн, экономикалык көз караш менен гана эмес, саясий жааттан да кароо зарыл. Билдирүүнүн мүнөзү, далилдердин тандалышы жана басым жасалган учурлар, бул сөз айкын манипуляциялык мүнөзгө ээ экенин көрсөттү. Бул билдирүү шайлоо алдындагы кампаниянын алгачкы элементи катары көрүнүүдө.

  1. «Каржылык күч» риторикасы

Сырткы карызды бир күндө толугу менен жабуу мүмкүнчүлүгү тууралуу айтылган сөз, иш жүзүндө мүмкүн эмес жана реалдуу механизмдер менен негизделбеген. Бул сөз,  тек гана символикалык милдетти аткарууда жана коомдо мамлекеттин каржылык күчү тууралуу оң маанайды пайда кылып, бийликтин натыйжалуу иш алып баруусу жөнүндө жакшы элес жаратат. Бул экономикалык саясаттагы тартиптүү план эмес, тескерисинче, коомдун туйгусуна таасир этүү аркылуу, мамлекеттин экономика жааты толук кандуу көзөмөлдө экенин көрсөтүүчү куулук ыкма.

  1. Экономикалык түшүнүктөрдү алмаштыруу жана ачуу чындыкты жеңилдетүү аракети

Жапаровдун сөзүндө, алтын валюта резервдери, мамлекеттик карыз жана бюджеттик мүмкүнчүлүктөр сыяктуу ар кандай экономикалык категориялар атайын аралаштырылды. Ошол эле учурда, алтын-валюта резервдери «эркин пайдалануучу каражат» эмес экени, алар валюталык туруктуулукту камсыздоо, импортту каржылоо жана кризиске каршы коргонуу милдеттерин аткара тургандыгы түшүндүрүлгөн жок. Мындай терминдердин чебердик менен айкалышы, оор жана татаал иш-жараяндарды көпчүлүктүн алдында жеңил жана оңой көрсөтүп, маселенин экономикалык маңызын бурмалоодо.

  1. «Пайдасыз» сөзү – көз карандылык маселесинен качуу

Карызды мөөнөтүнөн мурда төлөө «пайыздардан жана айып пулдардан улам пайдасыз» деген билдирүү, кредиттик келишимдердин так шарттарын көрсөтпөстөн айтылууда. Маалыматтын толук жарыяланбай жаткандыгы, сырткы карыздын түзүмүн жана тышкы кредиторлор алдындагы саясий милдеттенмелерди талкуулоодон качууга мүмкүнчүлүк берүүдө. Натыйжада коомчулуктун көңүлү, ири державаларга жана эл аралык каржы институттарына болгон көз карандылык маселесинен, негизсиз жана абстрактуу далилдерге бурулууда.

  1. Карыздын ИДПга карата көрсөткүчүн куулук менен колдонуу

Карыздын ИДПга (ички дүң продукцияга) карата 54%дан 25%га чейин төмөндөшү, ийгиликтүү башкаруунун түздөн-түз натыйжасы катары берилүүдө. Бирок бул көрсөткүч карыздык жүктөмдүн реалдуу сапатын ачып бербейт жана карыз алуунун түзүмүн, валюталык тобокелдиктерди жана төлөө мөөнөттөрүн эсепке албайт. Бул көрсөткүч мамлекеттин чыныгы экономикалык абалын обьективдүү түрдө талдоодо колдонулбастан, бийликтин өзүнө-өзү отчет берүү милдетинде гана иштетилүүдө.

  1. Карыздык модел – саясий көзөмөлдүн куралы

Билдирүүдөгү карыз модели, эч кандай сын менен каралган жок. Ошол эле учурда, тышкы карыздардын сакталып калышы финансылык агымдардын үстүнөн көзөмөлдү күчөтөт, ресурстарды кайра бөлүштүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет жана экономикалык чечимдердеги жоопкерчиликти келечекке жылдырып салууга жол ачат. Карызды төлөөгө кудуреттүүлүк жөнүндө билдирүү жана ошол эле учурда, бул кадамдан баш тартуу – ыңгайлуу позицияны жаратүүда. Тактап айтканда, бийлик эч бир кооптуу кадам таштабастан, өзүнүн күчүн көрсөтүүдө.

  1. Билдирүүнүн келечектеги шайлоого карата мүнөзү

Татаал маселелерди жөнөкөйлөтүү, «финансылык көз карандысыздыкка» таянуу, президенттин жеке ролуна басым жасоо жана эмоционалдык жактан күчтүү ураандар – бул билдирүүнүн экономикалык саясаттагы бейтараптыкка негизделбегенин көрсөтүүдө. Демек, бул сөздөр мөөнөтүнөн мурун эле формалдуу чектөөлөр жана коомдук сын жок болгон жагдайда айтылган шайлоо алдындагы кайрылуу болуп саналат.

Жыйынтык

Тышкы карыз тууралуу билдирүү, алгач экономикалык эмес, саясий милдетти аткарууда. Тактап айтканда, бул сөздөр өлкөнүн реалдуу чектөөлөрүн, тобокелдиктерин жана колонизаторлорго көз карандылыгын жашыруу менен бирге, бийликтин күчтүү жана өз алдынчалык образын көрсөтүүдө. Андыктан, кеп коомду чыныгы маалымат менен камсыз кылууда эмес. Кеп азыртан баштап, манипуляциялык билдирүүлөр аркылуу шайлоонун алдында элдин ишеними үчүн күрөш тууралуу болууда.

Хужжат Жамиа

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button