Комментарий
Trending

Бишкектеги B5+1 жыйыны: Борбор Азия менен Американын ортосунда экономикалык кызматташууну чыңдоо маселеси

Бишкектеги B5+1 жыйыны: Борбор Азия менен Американын ортосунда экономикалык кызматташууну чыңдоо маселеси

4–5-февраль күндөрү Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында B5+1 форматындагы жыйын болуп өттү. Ага Борбор Азиянын беш мамлекети жана Америка Кошмо Штаттарынын өкүлдөрү катышты. Жыйын эки тараптын ортосундагы экономикалык жана соода кызматташууну күчөтүүнүн алкагында өткөрүлдү.

Борбор Азия менен Американын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда диалог жүргүзүүчү аянтча болуп эсептелген B5+1 форматы экономикалык өнөктөштүктү колдоону, инвестицияларды шыктандырууну, соода, энергетика, транспорт, логистика, санариптик технологиялар жана айыл чарба тармактарында кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү максат кылат.

Жыйынга Борбор Азия мамлекеттеринин өкүлдөрү, ири америкалык компаниялардын делегациялары, эки тараптын ишкерлери жана инвесторлору катышып, инвестициялык климатты жакшыртуу, сооданын жүрүшүн жеңилдетүү жана аймактык экономикалык интеграцияны бекемдөө жолдору талкууланды.

Катышуучулар жыйын жеке сектордун ролун күчөтүү, аймакта туруктуу өнүгүүнү колдоону талкуулап, АКШ менен экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүүнүн маанисин баса белгилешти. Бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода байланыштарын диверсификациялоого жана эл аралык экономикалык алакаларын чыңдоого өбөлгө түзөт.

B5+1 жыйыны Борбор Азия менен АКШнын ортосундагы саясий жана дипломатиялык диалогго багытталган C5+1 саммитинин экономикалык багыты. Бул болсо, эки тараптын мамилелеринде экономикалык кызматташууну негизги таяныч катары өнүктүрүүгө кызыгуу өсүп жатканын көрсөтөт. (24 kg)

Комментарий:

Каржылоо, инвестиция жана соодага басым жасоо – негизги максатты жаап-жашырган калкан. Жыйындын максаты Американын геосаясий таасирин тереңдетүү, Борбор Азиянын так ортосунда стратегиялык союздарды камсыз кылуу, бул аймактагы Россиянын салттуу таасирин азайтуу, ошондой эле аймакта экономикалык жана стратегиялык тармактарда ыкчам кеңейип жаткан Кытайга каршы туруу. Мындан тышкары, аймакта америкалык үстөмдүктү бекемдөө үчүн европалык компаниялардын жана европалык дипломатиянын киришине чектөөлөр коюу аракети да байкалууда. Ошентип, стратегиялык жайгашуусу жана жаратылыш ресурстарынын молдугу менен Борбор Азия ири державалар үчүн оңой олжого айланып калууда.

Мындай шартта Борбор Азия мамлекеттерин бириктире ала турган, аймактык интеграцияны чыңдай турган, жаратылыш ресурстарын жана байлыктарын тышкы күчтөрдүн эксплуатациялоосуна жол бербестен, өз элдеринин кызыкчылыгы үчүн пайдалана турган акылман жетекчиге болгон муктаждык абдан курч болуп турат.

Ахмад Хади

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button