Блог

Борбор Азиядагы кырдаал

Борбор Азиядагы кырдаал

Борбор Азия мамлекеттеринин эл аралык саясаттагы абалы начарлап барууда. Казакстан Кытайдан калган  минералдык байлыктарын, тагыраагы стратегиялык мааниге ээ вольфрам, уран сыяктуу сейрек кездешүүчү металлдарын АКШга берүүнү убада кылууда. Өзбекстан болсо, өзүндө ашыкча болгон пахтаны АКШдан кеңири көлөмдө сатып алууга макул болду. Мындан тышкары, 8,5 миллиард долларга АКШнын 22 Боинг учагын жана айыл чарба техникаларын жогорку баада сатып алуу жөнүндө келишим түздү.

Мындан көрүнүп тургандай, Россия бошотуп бараткан экономикалык боштуктардын чоң бөлүгүн Кытай жана АКШ инвестиция шылтоосу менен толтуруп жатышат.

Эл аралык саясатта ири мамлекеттер бири-бири менен артта калган, агрардык мамлекеттерде саясий, экономикалык жана аскерий күчтөрү аркылуу атаандашат. Алар артта калган мамлекеттеги кызыкчылыктарды ар кандай саясий айла-амалдар, алдамчылык жана аскерий аракеттер аркылуу бири-биринен тартып алышат. Алар бири-бири менен бетме-бет согушпайт. Алар артта калган мамлекеттерди тартып алуу максатында ошол мамлекеттердин аймагында бири-бирине каршы турушат. Учурда АКШ, Кытай жана Россия ортосундагы күрөш Борбор Азия аймагында жүрүп жатат. Бул жердеги жетекчилер болсо алардын ар бири сунуш кылган кызыкчылыктарга кубанып, коопсуздук маселесине көңүл бурбайт жатышат. Бул өтө кооптуу, тобокелдүү позиция.

АКШ Өзбекстан жана Казакстанды тандап, Кыргызстанды Россиянын таасирине таштап жаткандай. Бул болсо, коңшу мамлекеттердин менталитети, жашоо образы жана маданияты ар башка болуп, табигый түрдө бири-биринен алысташына алып баратат. Эгер бул ыктыма туура болсо, Борбор Азия мамлекеттери ортосундагы чек араларда келишпестиктер дагы күчөйт. Себеби эл аралык саясат алардын биригүүсүнө же көз карандысыз саясий уюм түзүүсүнө жол бербейт.

АКШнын максаты Борбор Азияны Кытайдын экспансиясынан тосуп, регион үстүндө өз таасирин бекемдөө. Муну менен Кытайдын Борбор Азияга жайылышын алдын алууга аракет кылып жатат. Россия азыр АКШ үчүн чоң атаандаш же коркунуч эмес. АКШ Россияны Кытайга каршы союздаш катары колдонууга аракет кылып жатат. Ушул максатта Россия менен Кытайдын Борбор Азиядагы кызыкчылыктары кагылышуусуна шарт жаратмакчы. Ошондуктан АКШ Россия менен Украина маселеси боюнча айрым келишимдерге жетишкен болушу мүмкүн. Анткени АКШ Россияга согушта жеңишке жетүүсүнө мүмкүнчүлүк берип жатат.

Демек, Борбор Азия мамлекеттери өтө кооптуу абалда турат. Аймакты талашкан мамлекеттер биздин кызыкчылыктарды талашып, үстүбүздө бири-бири менен атаандашууда. Алар ар бири мүмкүнчүлүгүнө жараша бизге басым көрсөтөт. Экинчи жана үчүнчү тараптар болсо бизге жардам бербейт. Украина мисалында болгондой бизди да учуру келгенде таштап коюшат. Кызыкчылык негизиндеги курулган капиталисттик система жана эл аралык мыйзамдар ири мамлекеттердин кызыкчылыктарына гана кызмат кылат. Алар биздин кен байлыктарыбызды өздөштүрүп, жерибизге ээ болуу үчүн эл аралык мыйзамдарды колдонушат. Бул мыйзамдар аркылуу бизди өз мекенибиздеги минералдарды кайра иштете албаган (агрардык) абалда кармап турууга аракет кылып жатышат.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button