Борбор Азия геосаясий атаандаштыктын майданында

Борбор Азия геосаясий атаандаштыктын майданында
Бүгүнкү күндө, Борбор Азия дүйнөлүк саясаттын четки аймагы эмес, тескерисинче ири державалардын кызыкчылыктары кесилишкен майданга айланууда. Аймак өзүнүн географиялык абалы, ресурстары жана транспорттук коридорлору менен гана эмес, коомдун терең диний (идеологиялык) түзүлүшү менен да маанилүү.
СССР тарагандан кийин, аймак кайрадан түпкү ислам динине кайта баштады. Баскынчылар үчүн бул ыктымалдуу идеологиялык коркунуч жана көзөмөлдү күчөтүү керек болгон саясий фактор болуп саналат. Бирок аймактын исламга болгон кызыгуусу 1991-жылы эле пайда болуп калган жок. Кылымдар бою Борбор Азия, ислам дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгү болуп келген. Аймактагы Бухара, Кокон жана Хива сыяктуу хандык мамлекеттер өздөрүнүн башкаруу тутумун ислам укуктук мыйзамдарына негиздеп келишкен.
Шарият үй-бүлөлүк мамилелерди, соода-сатыкты жана соттук иштерди жөнгө салып турган. Диний казылар менен аалымдардын кадыр-баркы башкаруучулардан кем калышкан эмес. Медреселер интеллектуалдык чөйрөнү калыптандырып, аймак Усманий халифалыктын Индостанга чейинки кеңири ислам цивилизациясынын алкагына кирген. Советтик бийликкке чейин аймак Түркстан деп аталып келген.
Аймактын Орусия империясынын курамына кириши, андан соң СССР бийлигинин орношу менен кескин цивилизациялык карама-каршылык келип чыкты. Советтик система, динди башкаруу түзүмүнөн жана коомдук түзүлүштөн сүрүп чыгарды. Аалымдар жок кылынып, мечиттер жабылып, расмий дин кызматкерлери көзөмөлгө алынып, диний билим берүү минималдуу деңгээлге чейин кыскартылган. Ислам мыйзам чыгаруунун булагы болбой калды. Ислам жеке жашоонун гана бир көрүнүшүнө чектелди. Диний элитанын ордун партиялык ишмерлер ээледи. Ошентип, аймак светтик, атеисттик моделге биротоло мажбурлап өткөрүлдү.
Буга карабастан, Ислам элдин жүрөгүндө жашап, толугу менен жок болуп кеткен жок. Ал үй-бүлөлүк салттарда, үрп-адаттарда жана жамааттык эс-тутумда сакталып калды. Советтер Союзу тарагандан кийин, табигый түрдө элдер диний өздүккө кайта баштады. Мечиттер массалык түрдө курулуп, медреселер ачылды жана дин кармангандардын саны кескин өсө баштады. Эл өз тарыхынан жана маданиятынан таяныч издеп, көп убакыттан бери тыюу салынган баалуулуктарга кайта баштады. Ислам, ал тургай эгемендүүлүк туусу астында жаңы түзүлгөн мамлекеттердин жараяндарына таасир эте баштады.
Дал ушул тарыхый көрүнүш учурдагы кырдаалды татаалдаштырууда. Бул жерде кеп жаңы идеологияны киргизүү же аны жаюу тууралуу эмес, кылымдар бою аймакты калыптандырып келген баалуулуктарга кайтуу жөнүндө болуп жатат. Бирок, бул иш глобалдык саясаттын таасири, державалардын атаандаштыгы жана Исламга кас болгон тараптардын заманбап көзөмөл технологиялары шартында жүз берүүдө. Ошондуктан, Орусиянын, Кытайдын же Батыш өлкөлөрүнүн саясаты болобу, айтор бардык тышкы күчтөрдүн исламга карата мамилеси алгач алардын режимдеринин коопсуздугун коргоого негизделүүдө. Исдамдын саясий майдандагы атаандаштыгы жана күнүмдүк көйгөйлөргө чыныгы чечимдерди сунуштай алгандыгы, алар үчүн олуттуу коркунуч жаратууда. Аймактын жашоочулары Исламдын өнүгүүгө жана бакубат жашоого жетелеген кубатын унуткан жок. Бул болсо колонизаторлорду исламдын светтик режимдерге карата саясий альтернатива болуп калуу ыктымалдыгы менен эсептешүүгө мажбур кылууда.
Ошентип, бүгүнкү күндө Борбор Азия исламий цивилизация, советтик атеисттик түзүлүш жана батыштын секулярдык атаандаштыгынан турган үч тарыхый сызыктын кесилишинде турат. Мунун барын эске алганда, Ислам фактору аймактык өздүктүн терең негизи болуп саналат. Учурда бул өздүк кайрадан көтөрүлө баштады. Ушунюан келип чыгып, төмөндө ири күчтөрдүн аймактагы таасир талашуу факторлорун карап чыгабыз:
Орусия
Орусия үчүн Борбор Азия жөн гана коңшу аймак эмес. Акыркы 150 жылда, Орусиянын стратегиялык аң-сезиминде Борбор Азия тарыхый «арткы бакча», ансыз орус мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшү алсыз көрүнө турган түшүнүк калыптанып калды. Ошондуктан аймактагы таасирди жоготуу, жөнөкөй геосаясий алсыроо катары эмес, ички чыңалууга жана ыктымал ыдыроого жасалган кадам катары кабыл алынат.
Кремль дагы деле постсоветтик мейкиндикте оюндун эрежелерин аныктоочу империялык идеяны карманууга аракет кылат. Орусия өзүн аймакка коопсуздуктун кепили, чыр-чатактардын калысы жана чечим кабыл алуучу башкы борбор катары таңуулоодо. Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз алдынча көп векторлуу саясат куруу же батыш державалары менен кызматташтыкты тереңдетүү боюнча ар кандай аракеттери, Москвада кооптонууну жана көп учурда катаал реакцияны жаратат. АКШ, Британия же ЕБ тарабынан көрсөтүлгөн кызыгуу, кадимки атаандаштык катары эмес, Орусиянын «тарыхый жоопкерчилик» чегине жасалган экспансия катары каралат. Кремлдин логикасы боюнча, Борбор Азияны колдон чыгаруу – сырткы басымдын күчөшүн жана Орусиянын өз ичинде бөлүнүп чыгуу тенденцияларынын өсүшүн билдирет. Ошондуктан, аймакты кандай болгон күндө да кармап калууга басым жасайт.
Жамааттык коопсуздук келишими уюму сыяктуу түзүмдөр аркылуу Орусия, антитеррордук кызматташтыкты көзөмөлдөйт, биргелешкен машыгууларды өткөрөт, тыюу салынган уюмдардын тизмелерин шайкеш келтирет жана ыкчам маалымат алмашат. Орус адистери аймактагы күч түзүмдөрүнө түздөн-түз кеңеш берүүгө катышып, диний инфраструктураны катуу көзөмөлдөө, көз карандысыз исламий кыймылдарды чектөө жана мамлекет тарабынан көзөмөлдөнгөн дин кызматкерлеринин ролун күчөтүү багытын колдоп келишет.
Миграция фактору кошумча чыңалууну жаратууда. Борбор Азия өлкөлөрүнүн миллиондогон жарандары, Орусияда иштешет, ал эми алардын акча которуулары өз мамлекеттеринин экономикасын кубаттап турат. Бирок Орусиянын ичинде миграциялык режимди катаалдаштыруу саясаты күч алууда: квоталар, текшерүүлөр, депортациялар жана жумушка орношууда чектөөлөр киргизилүүдө. Мунун артында социалдык-экономикалык гана логика эмес, диний өз алдынча уюшууну көзөмөлдөн чыгарып алуу коркунучу жашырылууда. Ички уюшууга жөндөмдүү мусулман жамааттары, орус элитасы тарабынан саясий туруксуздуктун ыктымалдуу булагы катары кабыл алынат. Ошентип, ал жерде чалкеш бир жагдай жаралууда: Орусия экономикалык жактан аймактан келген жумушчу күчүнө муктаж, бирок ошол эле учурда узак мөөнөттүү демографиялык жана идеологиялык кесепеттерден чочулап, анын агымын чектеп жатат. Бул жагдай мамилелерди татаалдаштырып, көмүскө чыңалууну күчөтүүдө.
Жыйынтыктап айтканда, Орусиянын Борбор Азиядагы стратегиясы, өз ара байланышкан үч мотивди камтыйт: империалисттик статусту сактап калуу, альтернативдүү таасир этүү борборлорун жок кылуу жана ислам факторун катуу көзөмөлдөө. Кремль аймакты өзүнүн таасир этүү чөйрөсүндө тышкы саясий кадыр-барк үчүн гана эмес, ички бөлүнүү жараяндарын алдын алуу куралы катары да кармап турууга умтулат. Орусиянын стратегиялык ой жүгүртүүсүнө ылайык, «арткы бакчадан» айрылуу, бул идеологиялык жактан алсырап жаткан федерациянын ичиндеги жаракалардын күчөшүнө барабар. Дал ушул себептен, Москванын бул жердеги саясаты ушунчалык кызганчаак, өжөр жана көп учурда келишпес мүнөзгө ээ болууда.
Кытай
Кытай үчүн Борбор Азия жөн гана коңшу аймак эмес. Биринчи кезекте, Жакынкы Чыгышка жана Европага алып баруучу кургактыктагы көпүрө, энергетикалык артерия жана бир кезде бирдиктүү аймакка кирген исламий Чыгыш Түркстан айланасындагы буфердик зона болуп саналат. Бээжин үчүн география стратегиялык мааниге ээ. Анын Батыш чек араларынын туруктуулугу мамлекеттин ички бүтүндүгү менен түздөн-түз байланышкан.
Кытай саясатынын негизги багыты, бул Синьцзян-Уйгур автоном районундагы ислам факторун бейтарап кылуу. Бул аймакта, акыркы жылдары мусулмандарды көзөмөлдөө жана аларды куугунтуктоодо эң масштабдуу түзүмдөрдүн бири курулду. Эл аралык укук коргоо уюмдарынын баалоосу боюнча, ал жерде бир нече миллион адамды камтыган «кесиптик билим берүү борборлору» деп аталган ачык абак түзүлгөн. Аймакта видеокөзөмөл жыш орнотулуп, жүрүм-турумду санариптик чалгындоо, маалыматтарды талдоо жана байланыштарды көзөмөлдөө куралдары колдонулат. Катуу тартипке салынган көзөмөлдөн тышкары диний иш-аракеттерге чектөө коюлуп, мусулмандардын төрөлүүсүн көзөмөлдөө күчөтүлдү жана мамлекеттик системадан тышкары болгон диний билим берүүгө тыюу салынды.
Кытай, Борбор Азияга коммунисттик идеологияны экспорттоого умтулбастыгын белгилей кетүү маанилүү. Советтик доордон айырмаланып, Бээжин универсалдуу идеологияны жайылтпайт. Анын стратегиясы идеологиялык экспансия аркылуу эмес, экономикалык басымга ээ болуу жана технологиялык көзөмөлдү колго киргизүү менен аракеттенет. Бирок, Кытайдын исламий өз алдынча уюшууну катуу басууга негизделген ички саясаты, иш жүзүндө Бээжин үчүн инвестицияларын жана инфраструктурасын коргоо керек болгон учурда, өлкө чегинен тышкары жерлерде да ушундай эле мамилени колдонууга жол ачат.
«Бир алкак – бир жол» (Belt and Road Initiative) долбоору аркылуу Кытай аймактын экономикасына терең кирип алды. Кытайды Кыргызстан жана Казакстан аркылуу Европа менен байланыштырган автотрассалар жана темир жол коридорлору курулду жана модернизацияланды. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулуп жатат. Түркмөнстандан Өзбекстан жана Казакстан аркылуу Кытайга кеткен газ түтүктөрү ишке киргизилди. Казакстан-Кытай чек арасындагы «кургак порттор», анын ичинде Хоргос түйүнү кеңейтилди. Энергетикалык объекттер, электр чубалгылары жана өнөр жай зоналары каржыланууда. Кытай компаниялары мунай жана уран өндүрүүгө, мунай иштетүүчү жана цемент заводдорун, ошондой эле логистикалык хабдарды курууга катышууда.
Кредит берүү таасир этүүнүн негизги куралдарынын бирине айланды. Кытай банктары мамлекеттик кепилдиктердин негизинде ири насыяларды беришүүдө, бул болсо финансылык көз карандылыкты күчөтүп жатат. Ошол эле учурда, Бээжин аймактагы өлкөлөрдүн ички саясатына ачык кийлигишпей, алардын эгемендүүлүгүнө урмат көрсөткөн сыяктуу көрүнгөнү менен, бирок анын саясаты туруктуулук сакталган жана Кытайдын кызыкчылыктары корголгон шартта гана ишке ашууда. Ошол эле учурда инфраструктура менен бирге коопсуздук модели да жайылууда. «Шектүү» топтор жөнүндө маалымат алмашуу боюнча келишимдер түзүлүп, байкоо жүргүзүү технологиялары, санариптик жүздү таануу камералары жана киберкөзөмөл каражаттары жеткирилүүдө. Кытай коопсуздук боюнча адистерди окутуп, күч түзүмдөрүнүн ортосундагы байланыштарды кеңейтүүдө. Анын мамилеси прагматикалык мүнөзгө ээ. Кытай үчүн туруктуулук, эркиндиктен алда канча маанилүү.
Классикалык империялардан айырмаланып, ал формалдуу көзөмөлгө умтулбайт, бирок аймактагы өлкөлөрдүн саясий чечимдери Кытайдын кызыкчылыктарын эске алууга мажбур жана качып кутулгус боло турган деңгээлдеги көз карандылыкты калыптандырат.
Эгерде Орусия аймакты тарыхый жана аскердик логика аркылуу кармап турса, Кытай экономика жана технология аркылуу бекемделүүдө. Анын максаттары узак мөөнөттүү, ал эми ыкмалары – системалуу. Кытайдын Борбор Азияга болгон мамилесинин өзгөчүлүгү, дал ушул ички исламий өз алдынчалыкты катуу басуу жана прагматикалык экономикалык экспансиянын айкалышында.
АКШ:
АКШ үчүн Борбор Азия, эч качан четки бир тема болгон эмес, бирок биринчи даражадагы артыкчылыктуу багытка да айланган жок. СССР тарагандан кийин Вашингтон аймактагы процесстерге алгач көз карандысыздыкты колдоо, ядролук коопсуздук жана энергетикалык диверсификация программалары аркылуу активдүү аралаша баштады. 1990-жылдары АКШ аймактын Орусиядан көз карандылыгын азайтууга умтулуп, Казакстанды ядролук куралсыздандырууга, чек араларды бекемдөөгө, мунай жана газдын альтернативдүү экспорттук каттамдарын өнүктүрүүгө инвестиция салды.
2001-жылдын 11-сентябрындагы окуялардан кийин кызыгуу кескин күчөй баштады. Борбор Азия Ооганстандагы операция үчүн орукка айланды. Өзбекстан менен Кыргызстанда аскердик объекттер жайгаштырылып, коопсуздук жана антитеррордук координация багытында кызматташтык күч алды. Бул мезгилде, Ислам фактору терроризмге каршы глобалдык күрөш позициясынан гана каралды. Бирок Ооганстандагы аскердик катышуунун азайышы менен, аймакка карата АКШнын кызыгуусу төмөндөй баштады. 2010-жылдардын ортосунда АКШнын көңүлү Жакынкы Чыгышка жана Индо-Тынч океан аймагына ооду. Борбор Азия, кайрадан экинчи даражадагы багыт катары кабыл алына баштады. Орусияны кубандырып, аскердик базалар жабылып, активдүүлүк азайды, ал эми өз ара аракеттенүү дипломатиялык жана экономикалык мүнөзгө өттү.
2021-жылы Ооганстандан аскерлер чыгарылгандан кийин жаңы этап башталды. АКШ аймакка эми башка көз караш менен, тагыраагы, аскердик плацдарм катары эмес, Орусия менен Кытайды ооздуктоочу элемент катары кайтып келди. Борбор Азиянын беш мамлекетин жана Вашингтонду бириктирген «С5+1» форматы күчөтүлдү. 2023-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында аймактын лидерлери менен АКШ президентинин жолугушуусу өттү, бул кызыгуунун кайтып келгендигинин символикалык ырастоосу болду. Транспорттук байланыш, энергетика, сейрек кездешүүчү кен байлыктар, ошондой эле коопсуздук маселелери талкууланды.
Казакстан менен Өзбекстан жетекчилеринин акыркы жылдардагы АКШга жасаган сапарлары, натыйжа чыгаруу мүмкүн болгон мүнөзгө ээ болду. Инвестициялар, энергетика, сейрек кездешүүчү металлдар жана санариптик технологиялар чөйрөсүндө келишимдерге кол коюлду. Вашингтон формалдуу аскердик-саясий союзду талап кылбастан, экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүгө даяр экенин көрсөтүүдө. АКШ Москва менен Бээжинден көз карандылыкты азайтуу, батыш базарларына жана технологияларына жол ачуу сыяктуу алтернативаларды сунуштап, байланыштарды диверсификациялоодо. Ошону менен бирге, исламий өнүгүү АКШнын тынчсыздандыруусун улантууда. Бул маселе америкалык стратегияда маанилүү ролду ойноп келет. Вашингтон өзүн эл аралык коопсуздукту камсыздоодогу лидер катары көрсөтүү менен экстремизмге каршы күрөштүн глобалдык өлчөмдөрүн сактап калууда. Бул багытта айрым идеологиялык программаларды каржылоонун кыскарганына карабастан, адаттагыдай эле «радикалдашуунун» алдын алууга, жаштар менен иштөө программаларына, билим берүү демилгелерине жана салттуу диний институттарды колдоого көңүл бурулууда. Ошол эле учурда АКШ Жакынкы Чыгыштагы мамилелерди нормалдаштырууга багытталган дипломатиялык демилгелерди, анын ичинде «Ибрахим келишимдерин» илгерилетүүдө. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан буга формалдуу түрдө катышып жатат. Ошондой эле аймакты “Израил” менен кызматташуу боюнча диалогго тартуу иштери ырааттуу түрдө жүргүзүлүүдө.
Американын саясаты аймакка карата үч баскычты басып өттү: СССР тарагандан кийин аймакка жигердүү түрдө аралашуу, Ооган кампаниясы учурундагы аскердик кызматташтык, кызыгуунун төмөндөшү жана азыркы прагматикалык кайтып келүү. Бүгүнкү күндө АКШ аймакка ар тараптуу үстөмдүк кылууга умтулбайт. АКШнын учурдагы максаты, аймакты Орусиянын же Кытайдын толук таасирине өткөрүп жибербестен, стратегиялык көңүл борборунда кармап туруу жана ошол эле учурда коопсуздук жана ислам күн тартиби маселелеринде глобалдык лидерликти сактап калуу.
Британия:
Британия тарыхый жактан ислам дүйнөсүнүн жана Борбор Азиянын азыркы көрүнүшүн калыптандырууда негизги ролду ойногон. Дал ушул Лондон шарияттык башкарууну сактап келген Усманий халифалыкка каршы турууга жана аны иш жүзүндө ыдыратууга олуттуу күч жумшаган. Британия алсыраса да, легитимдүү исламий бийликти бузууга багытталган татаал интригаларды жана диверсиялык иштерди жүргүзүп, муну менен мусулман аймактарынын саясий туруктуулугун алсыраткан.
Бүгүнкү күндө, Британиянын аймактагы таасири, элиталар жана каржы каналдары менен иштөөдө байкалат. Лондон аймактык саясий жана бизнес-элита өкүлдөрүнүн капиталын сактоочу маанилүү борборлордун бири бойдон калууда. Инвестициялык механизмдер, юридикалык куралдар жана билим берүү программалары, университеттик стипендиялар жана гранттар аркылуу Британия өз кызыкчылыктарын алдыга жылдырууга жөндөмдүү кадрлардын жана адистердин чөйрөсүн калыптандырууда. Мындан тышкары, Лондон мамлекеттик институттарды реформалоо боюнча консультациялык колдоо көрсөтүп, батыш стандарттарына шайкеш келген административдик жана укуктук түзүмдүн калыптанышына көмөктөшөт. Бул ага аймактагы өлкөлөрдүн ички саясатына таасир этүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Ислам факторуна келгенде, Улуу Британия адаттагыдай эле эки ача позицияны карманат. Бир жагынан, Лондон исламдын светтик коомго интеграциялануусун ачык колдойт. Экинчи жагынан Британия, учурдагы элиталарга же анын өз кызыкчылыктарына чакырык таштай ала турган өз алдынча диний кыймылдардын өнүгүшүнө жол бербөө үчүн экстремизмге жана исламдын саясатташуусуна тынымсыз каршылык көрсөтүп келет. Лондон бул аймакты дагы деле ислам таасири кайра жаралуусун ооздуктоо стратегиясындагы маанилүү түйүн катары карап келет. Демек, Британия дагы деле Исламга каршы күрөштөгү өзүнүн душмандык ролун сактап калууда.
Европа Биримдиги
ЕБ үчүн Борбор Азия, дайыма түз ээлик кылуу же көзөмөлдөөчү аймак катары эмес, экономикалык жана саясий таасир этүү, ошондой эле ресурстардын булагы катары кызыктуу болуп келген. Тарыхый жактан Европа бул аймакты Азиянын «арткы короосу» соода үчүн маанилүү, бирок түз кийлигишүү үчүн жетүү кыйын болгон аймак катары кабыл алган. XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башынан тартып, европалык державалар аймакта мунайга, газга жана транзиттик жолдорго жетүү үчүн атаандашып келишкен, бирок Орусиянын, кийинчерээк Советтер Союзунун каршылыгын эске алуу менен этияттыкты сакташкан.
СССР тарагандан кийин ЕБ жаңы экономикалык жана саясий тартипти калыптандыруу процессине тез арада кошулду. Алгачкы миссиялар реформаларды колдоого, эл аралык институттарга интеграциялоого жана рыноктук экономиканы өнүктүрүүгө багытталган. Негизги басым башкаруунун либералдык стандарттарына жасалып, анда ачык-айкындуулук, мыйзамдарды модернизациялоо жана коррупцияга каршы күрөшүү ураандары алдында таасирин жаюуга аракет кылышкан. Дал ушул мезгилде ЕБ, Борбор Азия мамлекеттери менен диалог түзүү үчүн «Чыгыш өнөктөштүгү» форматын жана Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан менен өзүнчө стратегиялык келишимдерди түзө баштаган. Бүгүнкү күндө ЕБнин стратегиясы «жумшак күчкө» басым жасоого негизделген. Борбор Азия аймагы, энергия ресурстарына бай. Казакстандын мунайы, Түркмөнстан менен Өзбекстандын газы, Кыргызстандын ураны жана сейрек кездешүүчү металлдары абдан көп. Европалык компаниялар бул ресурстарды казып алууга жана ташууга активдүү катышып, ошол эле учурда аймак өлкөлөрүнүн европалык технологияларга жана башкаруу стандарттарына болгон көз карандылыгын калыптандырууда. ЕБ инвестициялык, билим берүү жана технологиялык долбоорлорду ырааттуу түрдө алдыга жылдырууда. Транспорттук коридорлор өнүгүүдө: Казакстан жана Өзбекстан аркылуу өтүүчү темир жолдорду модернизациялоо, кургактыктагы логистикалык хабдарды өнүктүрүү, анын ичинде трансулуттук инфраструктуралык долбоорлорго катышуу жүрүп жатат. Энергетикалык келишимдерде европалык базарларга газ жана мунай берүүнү, кайра жаралуучу энергияга инвестицияларды, ошондой эле мунай-химия ишканаларын модернизациялоо долбоорлору камтылган.
Акыркы жылдары, ЕБнин дипломатиялык активдүүлүгү байкалаарлык деңгээлде өстү. Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын лидерлери менен болгон жолугушуулар энергетика, транспорт, климат жана санариптик технологиялар тармагында кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюуга себеп болду. Негизги багыттардын бири катары укуктук жөнгө салууну, ачык-айкындуулукту жана коррупцияга каршы күрөштү колдоо программалары калууда. Бул ЕБ үчүн түз саясий көзөмөлсүз эле өз таасирин чыңдоонун механизми болуп саналат.
ЕБ аймактагы Ислам фактору менен өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурат. Евробиримдик Исламды түз коркунуч катары кабыл албаса да, бирок «жарандык коомду» калыптандыруу ураандары астында толеранттуулук, светтик жөнгө салуу жана диний чөйрөнү интеграциялоо сыяктуу ууланган идеяларды жайылтат. Билим берүү жана маданий программалар аркылуу, ЕБ өзү үчүн европалык баалуулуктарга багытталган чөйрөнү түзүп, ошол эле учурда исламий өнүгүү идеяларынын таасирин төмөндөтөт. Ошентип, ЕБ үчүн Борбор Азия, алгач ресурс, логистика жана стратегиялык байланыштар болуп эсептелинет. Европа түз көзөмөлгө умтулуусун көрсөтпөйт, бирок инвестициялар, башкаруу стандарттары, билим берүү жана технологиялык долбоорлор аркылуу узак мөөнөттүү таасирин бекемдөөгө аракет кылат.
Жалпы вектор
Борбор Азиядагы ислам идеологиясы, колонизаторлор тарабынан салттуу дин же маданий салттын элементи катары эмес, учурдагы светтик башкаруу моделдерине потенциалдуу саясий альтернатива катары кабыл алынат. Кеп динчилдикке же салттуу ырым-жырымдарга каршы туруу жөнүндө эмес, исламий бийликтин өз алдынча мыйзамдуу булагына айлануу мүмкүнчүлүгү тууралуу болуп жатат. Колонизаторлордун негизги тынчсыздануусу дал ушунда. Алардын түшүнүгүндө, эгерде ислам саясий долбоор катары кабыл алынса, ал автоматтык түрдө көзөмөлдөн чыгат. Ошондой эле, байлыктарды тоноо жана элиталарга таасир этүү аркылуу макулдашууларга багытталган экономикалык көзөмөл колдон чыгат.
Бул кооптонуулар, исламдын улуттар аралык табиятын моюнга алууга негизделген. Ал улуттук чек аралар менен чектелбейт, белгилүү бир аймакка байланган эмес жана коомдор арасында горизонталдык байланыштарды түзүүгө жөндөмдүү. Улуттук мамлекеттер салыштырмалуу жаш, ал эми социалдык институттар дагы эле калыптануу баскычында турган Борбор Азиянын шартында, Ислам кубаттуу мобилизациялоочу факторго айланышы мүмкүн.
Советтик жана постсоветтик мезгилде калыптанган аймактын элиталары, административдик жана күч түзүмдөрүнүн вертикалына гана таянышат. Саясий ислам, а түгүл салттуу формасында болсо да, алар менен моралдык лидерлик үчүн атаандашууга жөндөмдүү. Эгерде коом, диний мыйзамдуулукту бюрократиялык башкарууга караганда адилеттүү жана акыйкатка дал келүүчү катары кабыл ала баштаса, бул мамлекеттердин ичиндеги тең салмактуулукту түп тамырынан бери өзгөртөт.
Ошондуктан, аймакта «салттуу ислам» модели калыптандырылууда. Алардын түшүнүгү боюнча, мындай ислам адеп-ахлактык-маданий, салттуу жана саясаттан ажыратылган болушу керек. Салттуу исламчылардын милдети, коомду «уктатуу» жана альтернативдүү коомдук долбоордун пайда болуусун алдын алуу.
Ислам каршы күрөштө бул державалар бирдиктүү, болгону ыкмаларында гана айырма бар. Бирок, душмандыкка жана исламга каршы күрөшүүнүн чексиз ыкмаларына карабастан, аймактагы элдердин Исламга ыктоосу туруктуу бойдон кала берет. Алардын өзгөрүүгө болгон күчү жана каалоосу ушул күнгө чейин аягына чейин баалана элек. Ишенимден кеткен колонизатордук долбоорлор эмес, дал ушул эрк аймактагы мусулмандардын келечегин аныктайт.
Ким үстөмдүгүн сактап калат?
Эгерде жалпы жыйынтыкты чыгарууда, тең салмактуулук жана объективдүүлүк көз карашынан карай турган болсок, келечектеги динамиканы талдоодо, Орусиянын аймактагы таасиринин тереңдигин эске албай коюу мүмкүн эмес. Ошондой эле, ал тыгыз тарыхый, тилдик жана маданий байланыштарын азыркыга чейин жоготпой, күчөтүүгө аракет кылып келет. Борбор Азия өлкөлөрүнүн элиталарынын жана башкаруу аппаратынын олуттуу бөлүгү үчүн орус тили дагы деле негизги байланыш куралы болуп саналат, ал эми институттар көбүнчө совет заманында калыптанган. Миграциялык көз карандылык, эмгек мигранттарынын акча которуулары, энергетика жана коргонуу тармагындагы кызматташтык, бул жыйынтыкты дагы да күчөтөт. Мындай жагдайды эске ала турган болсок, олуттуу геосаясий өзгөрүүлөрсүз, Орусиянын аймактагы таасир этүү мүмкүнчүлүктөрүнүн кайра бөлүштүрүлүшү кыйын.
Ушундан улам, Кытай аймакка өзүнүн үстөмдүгүн толук орнотушу азырынча эрте. Кытай, экономикалык жана инфраструктуралык катышуусун күчөтүп, соодадагы өз ара көз карандылыкты ырааттуу түрдө жогорулатып, насыя берүүнү кеңейтип, транспорт, энергетика жана санариптик инфраструктура тармагында технологиялык чечимдерди алдыга жылдырууда. Күчтөрдүн учурдагы жайгашуусуна караганда, Бээжиндин дал ушул экономикалык масштабы жана узак мөөнөттүү каржы мүмкүнчүлүктөрү, тышкы оюнчулардын арасында эң динамикалуу өсүп жатат.
АКШ, Улуу Британия жана Европа Биримдиги нормативдик куралдар, каржылык механизмдер жана элиталар менен иштөө аркылуу таасир этүүнү улантууда. Бул тышкы катышуунун көп катмарлуу түзүмүн пайда кылат. Натыйжада, аймак бир гана борбордун таасир талаасында эмес, бири-бири менен кесилишкен кызыкчылыктардын татаал жайгашуусу ортосунда калууда. Ошентип, учурдагы жагдай сактала турган болсо, Орусиянын аскердик, маданий жана институттук таасири сакталуу менен бирге, Кытайдын экономикалык таасири бара-бара күчөйт. Бул жыйынтык, башка таасир күчтөрүнүн ролун жокко чыгарбайт жана келечекте тең салмактуулуктун кайра бөлүштүрүлүү ыктымалын да четке какпайт. Бирок, аймак мамлекеттери тышкы күч борборлорунун ортосундагы атаандаштыкты өзүнүн эгемендүүлүгүн чыңдоо үчүн канчалык деңгээлде колдоно алышат?
Демек, аймакты көзөмөлдөө сценарийлери төмөнкүдөй шарттарга негизделет: диний чөйрө колонизаторлордун туруктуу көңүл борборунда кала берет, ал эми көз карандысыз исламий кыймылдардын күчөшү коомдун Ислам баалуулуктарын кабыл алуусу менен коштолот.
Латыфул Расых




