Роя гезити

Борбор Азия жана карыз илдети

Борбор Азия жана карыз илдети

Борбор Азия илгертен бери бир аймак жана бир мамлекет катары каралып келген. Аймактын жерлери өтө түшүмдүү. Калкы бир акыйдада биригип, сунний акыйдасын тутунган жана ханафий мазхабын карманган. Бул аймак бай жана гүлдөп-өнүккөн, жогорку деңгээлдеги сакофаты жана хазараты менен айырмаланып турган. Ал эми элдери бакубатчылыкта жана өнүгүүдө жашаган.

Кийин орустар аймакка басып кирип, баскынчылыкты жана аскерий кеңейүүсүн улантып, акыры аны толугу менен баш ийдирип, көзөмөлүнө алды. Толук көзөмөл орноткондон кийин, аны башкарууну жана көзөмөлдөөнү жеңилдетүү үчүн жасалма түрдө беш аймакка бөлдү.

Россия Борбор Азияны өзүнө караштуу чийки затка бай арткы бакчага айлантты жана анын ар бир мамлекетин өзүнчө колония кылды. Ошентип, алар өз алдынча өнүгүп, өзүнө таандык көз карандысыз өнөр жайды түзө албагандай абалга түшүрүлдү. Аймак элдери болсо, айыл чарба продукцияларын жана чийки заттарды жеткирүүчү жумушчу күчкө айландырылды. Өзбекстан пахта өстүрүүгө, Казакстан буудай өстүрүүгө, Кыргызстан мал чарбачылыгына, Тажикстан мөмө-жемиш жана жашылча өндүрүүгө, Түркмөнстан мал багууга адистештирилди. Ошондой эле Борбор Азиядагы бардык кен байлыктар тонолуп, чийки зат түрүндө Россиянын завод-фабрикаларына жөнөтүлүп турду. Ал эми аймак элдери өндүрүштөн жана кошумча нарктан чыныгы үлүш ала алган жок.

1991-жылдан кийин да, Борбор Азия Россиядан формалдуу түрдө көз карандысыздык алганына карабастан, Россия аны дагы деле чийки зат базасы жана өзүнүн арткы бакчасы катары карап келет.

Борбор Азия мамлекеттери көз карандысыздыкка жеткенден кийин, күч менен таңууланган коммунисттик түзүм  өзүнүн саясий акыйдасы жана экономикалык системасы менен кошо кыйрады. Баары талкаланып, абал табигый нугунан чыкты. Натыйжада, он миллиондогон адамдар иш жана ырыскы издөө үчүн өз мекенин таштап кетүүгө аргасыз болуп, Россияда, Түркияда, Түштүк Кореяда жана башка мамлекеттерде эмгек мигранттарына айланышты.

Бул аймакты каптаган жалпы кыйроо жана анын жакыр, алсыраган мамлекеттерге айланышынын алдында, анын жетекчилери батыш мамлекеттеринен, ошондой эле Россия, Америка жана Кытайдан карыз сурап, тилемчилик саясатын жүргүзө башташты.

Батыш мамлекеттери жана Америка өтө катуу шарттар менен, узак жана кемсинтүүчү күттүрүүлөрдөн кийин карыз берүүнү башташты. Бул карыздардын эң негизги шарттарынын бири — аларды экономикалык жактан чыныгы киреше алып келбеген өндүрүштүк эмес тармактарга жумшоо эле, мисалы, жол куруу же калкты суу менен камсыз кылуу сыяктуу долбоорлор эле.

Бул шарттардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн, ошол мамлекеттер карыздардын кандай сарпталып жатканын көзөмөлдөө жана түздөн-түз байкоо жүргүзүү үчүн өз эксперттерин жана байкоочуларын жөнөтүштү. Чындыгында болсо, бул карыздардын болжол менен отуз пайызы гана сарпталган, ал эми мамлекет жетекчилерине чет өлкөлөрдө офшор компанияларды ачуу жана каражаттарды уурдоо менен сыртка чыгаруу ыкмалары үйрөтүлгөн.

Ошентип, төлөө мүмкүн болбогон карыздардын жүгү элдин мойнуна жүктөлдү. Мамлекеттин тышкы карызы күн сайын өсүп жаткан учурда, башкаруучулар жаңы карыз алуу үчүн табигый жана кен байлыктарды күрөөгө коюп турушту. Ал эми төлөө убактысы келгенде, алар чет мамлекеттерге качып кетип, өлкөнү карызга жана кризиске баткан абалда таштап кетишчү.

Батыш мамлекеттери «ал, анан талап кыл жана шарттарды аткар» деген негизге ылайык иш алып барышат. Алар карыздарды айлакерлик жана так эсеп менен берип, аны саясий жана экономикалык таасирин таңуулоонун, ошондой эле өз таасир аймагын кеңейтүүнүн куралы катары колдонушат. Ошол эле учурда, шарттуу карыздар жана каржылык-экономикалык байланыштар аркылуу аймактагы Россиянын таасирин азайтууга аракет кылышат. Бул механизм карыз алган мамлекеттерди алардын эркине баш ийдирип, алардын шарттары жана саясаты менен чектеп коёт.

Батыш мамлекеттеринен айырмаланып, Кытай карыз бергенде мындай көлөмдөгү саясий жана административдик шарттарды койбойт, ошондой эле каражаттын кантип сарпталып жатканын көзөмөлдөө үчүн байкоочуларды же эксперттерди жөнөтпөйт. Ал бул мамлекеттердин жетекчилери карыздарды талап-тоноосун жана ал каражаттарды заводдор же өндүрүштүк долбоорлорду курууга жумшабасын жакшы билет. Ошондой эле мамлекет карызын өз убагында төлөй албай турганын да билет. Кытай карыздарды өтө жеңил жана тез берет, бирок төлөө мөөнөтү келгенде мөөнөттү узартууга же жеңилдик берүүгө макул болбой, катуу жана чечкиндүү басым көрсөтөт. Эгер мамлекет карызын төлөй албаса, Кытай жерлерди тартып алып, кендерди жана табигый байлыктарды көзөмөлүнө алып, төлөнбөгөн карыздардын ордуна аларды өзүнүн толук менчигине айлантат.

Кытайдан көзөмөлсүз жана так шарттарсыз карыз алуу оңой болгондуктан, мамлекет жетекчилери бири-бири менен атаандашып, Кытайдан карыз ала башташты. Алар мамлекетти, элин жана келечегин тобокелге салып коюшту. 2025-жылы Кытай Борбор Азияга эң көп карыз берген мамлекетке айланды.

Кытай карыз берүү менен гана чектелбестен, аны менен кошо өзүнүн жумушчу топторун, эксперттерин жана жумушчуларын да аймакка жөнөтөт. Ал тургай Өзбекстан өз дыйкандарынан айыл чарба жерлерин тартып алып, аларды кытайлык фермерлерге өткөрүп берген учурлар да болду.

Азыркы учурда он миңдеген кытайлыктар Кыргызстанга агылып келип, кен казуу жайларына, жол куруу долбоорлоруна жана турак жай курулуштарына жайгашты. Ошондой эле Казакстан менен Өзбекстан визасыз кирүү тартибин киргизип, кытайлардын жарандык жана экономикалык агымын жеңилдетти. Бүгүнкү күндө кытайлар бардык жерде, бардык тармактарда жана Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринде кеңейип жатканы көрүнүп турат, алардын катышуусу ар бир кадамда жана ар бир тармакта байкалууда.

2025–2026-жылдарга карата эсептөөлөр боюнча Борбор Азиянын тышкы карызы: Казакстан — 172 миллиард доллар, Өзбекстан — 77 миллиард доллар, Кыргызстан — 12 миллиард доллар, Тажикстан — 7 миллиард доллар, Түркмөнстан — болжол менен 5 миллиард доллар. Жалпысы болжол менен 273 миллиард долларды түзөт.

Казакстан менен Өзбекстандын карызы тез өсүп жатканы байкалууда. Ал эми Кыргызстан менен Тажикстандын карызы азыраак болгону менен, алардын ички дүң өнүмүнө салыштырмалуу үлүшү жогору.

Карыз берген мамлекеттер Борбор Азияны өз-өзүнчө мамлекеттер же бөлүнгөн түзүмдөр катары эмес, бирдиктүү жана бүтүн аймак, кеңири экономикалык мүмкүнчүлүк катары карашат. Ошондуктан алар бардык мамлекеттерге бир убакта карыз берип, эч бирин четте калтырбайт жана аймактын интеграцияланган экономикалык абалын пайдаланып, саясий жана экономикалык таасирин кеңейтүүгө аракет кылышат.

Эй Борбор Азия мусулмандары, силердин жериңер бир, өлкөңөр бир — бириккиле, бөлүнбөгүлө! Силердин топурагыңар алтынга бай, жерлериңер түшүмдүү, табигый байлыктарыңар жүздөгөн мамлекеттерди байытып  өнүктүрүүгө жетиштүү. Силер тышкы карыздарга муктаж эмессиңер, тескерисинче ири мамлекеттердин баары силерге муктаж. Алар алсыз башкаруучулар жана жергиликтүү өкүлдөр аркылуу өздөрү каалагандай демократияны таңуулоого, өздөрү белгилеген адам укуктарын кабыл алууга мажбурлоого, каражаттарыңарды эч кандай чыныгы пайда алып келбеген тармактарга багыттоого аракет кылышууда. Майда жана маанисиз карыздарды берип, силерди кордолгон абалга түшүрүп, диниңерден ажыратууну көздөшөт.

Аларга ишенбегиле жана өзүңөрдү алдабагыла. Силердин күчүңөр жана Исламыңар — чыныгы мамлекетинде шарият өкүмдөрүн ишке ашырган, жериңерди, диниңерди жана келечегиңерди коргогон рошид жетекчиликти кайра курууда.

Роя гезити

Устаз Ахмад Хади

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button