
Британиянын Кыргызыстанга салган санкциялары канчалык кооптуу?
Улуу Британия, Россияга каршы санкциялык тизмесин жаңылап, ага Өзбекстандан төрт компанияны жана Кыргызстандан бир компанияны кошту. Бул бизнес субъекттери, Россия Федерациясы менен экономикалык кызматташтыкта болгон деп шектелүүдө.Ушуга байланыштуу, 18-декабрдан тарта, Лондон аларга карата активдерди тоңдуруудан тышкары кошумча каржылык чектөөлөрдү киргизүүдө. Бул тууралуу Британия казыначылыгы документтеринде айтылды.
Лондондун позициясы
Улуу Британиянын Россияга каршы санкциялык тизмесине Өзбекстан менен Кыргызстандын компанияларын кошуу чечими, сенсациялык кабар эмес. Лондон Украинадагы согуштан улам, Россияга киргизилген чектөөлөрдү айланып өтүү каналдарын жабууга аракет кылып, санкциялык географиясын кеңейтип жатканына бир нече жыл болду. Бирок, Борбор Азия үчүн бул чечим масштабы боюнча эмес, маани-маңызы жагынан кооптуу.
Британия казыначылыгында жаңыланган тизмеде, Өзбекстандан төрт компания жана Кыргызстандан бир компания – Бишкекте катталган «Кифико» ЖЧКсы бар. Лондондун версиясы боюнча, бул компания Россия бийлиги үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон каржы сектору жана мурда санкцияга кабылган «A7» компаниясы менен байланышта. Формалдуу түрдө санкциялар конкреттүү бир тарапка багытталган, бирок анын саясий таасири, иш жүзүндө саналуу адамдардын ашып өтөт.
Өзбекстан: коргонуу үчүн аралыкты сактоо
Өзбекстан үчүн бул окуя жагымсыз болгону менен, олуттуу коркунуч жаратпайт. Ташкент көптөн бери этият саясатын карманып келет: ал ЕАЭБге жана ЖККУ уюмдарына мүчө эмес. Россия, Батыш жана Кытайдын ортосундагы тең салмактуулугун сактоого аракет кылат жана көлөмдүү союздук милдеттенмелерден качып келет. Андыктан, айрым компанияларга каршы санкциялар беделине шек келтирип, инвестициялык тобокелдиктерди жаратат. Бирок жалпы мамлекеттин туруктуулугуна коркунуч туудурбайт.
Бул жагынан алганда, Өзбекстан расмий нааразычылыктарга туш болбостон, Россия менен болгон сезимтал экономикалык байланыштарды акырындык менен жоюуу үчүн кошумча шылтоого ээ болууда.
Кыргызстан: санкциялардын системага болгон соккусу
Кыргызстан үчүн кырдаал башкача. Жада калса бир эле компанияга салынган санкциялар, кооптуу белги катары кабыл алынат, анткени өлкөнүн экономикасы түзүмдүк жактан Россияга көз каранды. Эмгек мигранттарынын акча которуулары, финансылык каналдар, соода жана транзит – мунун баары, Бишкекти тышкы көзөмөлдүн ар кандай катаалдашуусунун алдында өзгөчө алсыз кылат.
Мындай шартта, санкциялар жөн гана тышкы саясий фактор болбостон, ички туруктуулук үчүн чоң коркунучка айланат. Текшерүүлөрдүн күчөшү, банктардын этияттуулугу, санкциялардын кайра кайталануусу – мунун баары, Кыргызстандын ансыз да чектелген мүмкүнчүлүк менен иштеп жаткан экономикалык мейкиндигин тарытат.
Батыш менен Кремлдин ортосунда
Британиянын чечими маанилүү өзгөрүүнү көрсөтүүдө. Батыш, үчүнчү өлкөлөрдүн формалдуу түрдө бейтараптыгына карабастан, Россия экономикасын колдогон ролуна мындан ары көз жумбай турганын ачык билдирүүдө. Бул болсо, Бишкектин «биз согушка катышпай элебиз» деген мурдагы логикасы иштебей калганын билдирет.
Ошол эле учурда, Кыргызыстандын айла табуу үчүн мүмкүнчүлүктөрү өтө чектелүү. Кыргызстандын Москвага басым көрсөтө турган же, санкцияларды соодалашуу куралы катары колдоно турган ресурс жок. Себеп – өлкө өтө алсыз. Тескерисинче, Кремлден аралыкты алыстатууга жасалган ар кандай аракет, экономикалык жана саясий жактан бейрасмий сезилерлик кесепеттерге алып келет.
Бийлик, пайда жана көз карандылык
Кыргызстан үчүн санкциялар темасы, тышкы саясат менен эле чектелбейт, ал ички саясатка да түздөн-түз байланыштуу. Элитанын бир бөлүгүнүн экономикалык жана саясий кызыкчылыктары, Россиялык структуралар менен тыгыз байланышкан. Бул байланыштар кирешени гана эмес, бийликтин коопсуздугун да камсыз кылат.
Бул байланыштардан баш тартуу, жеке жана конкреттүү тобокелдиктерди жаратат. Ошондуктан, Россиядан аралыкты алыстатуу жана ачыктыкты жогорулатуу багытындагы ар бир кадам, Бишкек үчүн оор кабыл алынат жана дайыма тең салмактуулукту издөө менен коштолот. Айрыкча, келерки жылы боло турган шайлоолордун алдында бул абдан маанилүү. Анткени ал шайлоонун колдоочулары дагы деле Кремлде жайгашкан.
Жыйынтык
Кыргызстандын компанияларына карата коюлган Британиянын санкциялары, Батыш менен мамиленин үзүлүшүнө же Россия менен автоматтык түрдө кагылышууга алып келбейт. Бирок, алар бейтараптуулук үчүн мейкиндик тарып баратканын ачык көрсөтүп турат. Кыргызстанды келечекте, күчөп жаткан санкциялык кысым жана Кремлдин колдоосу менен өз бийлигин жана пайдаларын сактап калуунун ортосунда, татаал жана оор тандоо күтүп турат. Бул жол, оор чечимдерди талап кылат. Андыктан, Бишкек канчалык өзүнүн стратегиялык чечимин кечиктирсе, ошончолук бул чечимдин наркы кымбаттай берет.
Абду Шүкүр




