Сакофат
Trending

Бул дүйнөдө эмне үчүн жашайбыз?

Бул дүйнөдө эмне үчүн жашайбыз?

Албетте, бул суроо качандыр бир учурда ар бириңердин оюңарга келген. Кимдир аны изилдеп, бул суроону ар кимге жолдоп көргөн жана жашоосунда кандайдыр үлкөн максаттар коюп алган. Дагы бири ага салыштырмалуу чаканыраак максаттар белгилеген. Дагы башкалары бул суроого таптакыр кайдыгер карап, күндөлүк тиричилик максатчалары менен гана жашашат… Бирок, ошентсе да, буга карата ар кимдин өз жообу бар.

Мисалы бир жаш жигит “максатым – ата-энемди ыраазы кылыш” деп жооп берет жана турмушта чындап эле ага аракет кылат. Ата-энени жакшылап ичиндирип-кийиндириш, аларды кубандырыш үчүн кара жанын карч урат. Ушул орунда суроолор туулат. Жашоодогу максат ата-энени ыраазы кылыш болсо, анда ата-энеден айрылып калгандардын максаты эмне болушу керек? Же болбосо, ата-энеден алыстап кеткен перзенттердин жашоодогу максаты эмне болду экен…

Жаш кыз “максатым – жакшы эркек менен үй-бүлө куруу” дейт. Эгер эри өзү ойлогондой чыкпай калса, эми анын жашоодон көздөгөн максаты эмне болушу керек?

Дагы бир киши “максатым – перзенттерди татыктуу багып өстүрүү” дейт. Ал перзенттерин элдин алды кылып чоңойтот, бирок, перзенттен ал күткөн каалоолор кайтпай калат. Ошондо ал мурунку белгилеп алган максатына өкүнүшү керекпи? Эми мындан аркы максаты эмне болушу керек? Неберелерин перзенттерин чоңойткондой өстүрүүнү максат кылайын десе, бирок, “перзенттен кайтпаган нерсе небереден кайтмак беле” деген ой келсечи, анда максатын эмне кылып белгилеши лазым?

Негизи, жогорудагы максатчалар адамзаттагы “түр” инстиктинин (нав гарыйзасы) үйлөнүү, перзент каалоо, ата-энеге ырайым көрүнүштөрүнүн түрткүлөрү себептүү пайда болот. Б.а. адамдар бул иштерди нафистин ушул  каалоолору негизинде аткарышат.

О.э. адамзат нафсинде жашоо үчүн күрөш инстинкти (бако гарыйзасы) да бар. Ал өзүндө байлыкка, бийликке умтулуу көрүнүштөрүн да камтыйт. Байлыкка умтулуусу күчтүү адамдар инстинктивдүү түрдө “байлык болсо бардыгы болот” дешет да, байлыкка жетүүнү башкы максат кылып алышат. Натыйжада, байлык үчүн баарын саткан адамдарга айланышат. Сары чаканын артынан тоголонуп жүрүшүп, үй-бүлөгө мээримди, ата-энеге кайрымды унутушат. Бирок, ушул эле орунда кайрадан эле табийгый суроолор туулат. Эгер адам жашоодо миллионер болууну максат кылып алса, миллионер болгондон кийин анын максаты эмне болушу керек, миллиардер болушпу, а андан кийинчи? Эгер дүйнө талашуу күрөшүндө же согуштар себептүү байлыгын жоготсочу, анда эмки максаты эмне болушу керек? А эзели байлыкка жетпеген адамдын жашоодогу максаты эмне болушу даркер?

Бийликке умтулуусу күчтүү адамдар болсо, “бийлик болсо бардыгы болот” дешет да, бийликке жетүүнү максат кылып алышат. Ошондуктан, бийликке баарын алмашып жиберишет. Мисалы, бийликке бараткан адамдар “максатым – эл үчүн кызмат кылуу” деп чыгышат. Негизи, аларда ушундай сезимдер болсо да, бирок, алар сезимдер гана. Алар бир учурларда алоолонуп жанса да, ага каршы нерсени көргөндө кайра эле жалп өчкөн туйгулар гана. Түпкүлүгүндө, бийликтеги адамдар “эл” ким экенин билишет. Мисалы, элдин ичинде “досу да бар, касы да бар”. Арийне, досуна кызмат кылса да, эгерим касына кызмат кылбайт, тескерисинче, аларга душмандык кылат. Бара-бара бийлигин сактап калуу үчүн, бардык элди залимдик менен эзет. Буга карабастан, отуз жыл бийлик сүрсө, “отуз жыл элге кызмат кылдым” дей беришет. Негизи, ошончо жыл бийлигин сакташ үчүн зулум кылышат. Акыры барып, Кудайын унутушат, жада калса өздөрүн Кудай сезип кетишет, астагфируллох. А мейли да дейли, эл үчүн кызмат кылыптыр, эгер өзүнө окшогон дагы бирөө чыгып, аны кулатып салса, эл жаңы бийликтин этегин кармайт, демек, мурунку залимдин максаты таш капты? Ушундан кийин да ал кайра эле бийликке жетүүнү максат кылып алабы? Жана да, эгер бийлик максат болсо, анда эч качан бийликке жетпеген адамдын жашоодон максаты эмне болушу керек?

Булар нафси каалоолору негиз кылып алынган максаттарга мисалдар болду.

Жакшылап назар салсак, инстинкт деңгээлиндеги иштерди башка жаныбарлар деле өтөп жатышканын көрүп эле турабыз. Алар дагы жупташат, алар дагы бала багышат, үйүр башчысы болот ж.б.у.с. Бирок айырмалуу түрдө, адамзат – анын акылы болгондуктан – бул иштерди маалым бир түшүнүктөрүнө байланыштуу аткарышат. Ошондуктан, айрым адамдар бир кыйла акыл жүгүртүү менен б.а. нафис түрткүлөрү себебинен сырткары да, пикирлөө менен буларга салыштырмалуу үлкөн максаттарды алдыга коюшат. Ал максаттарды ишке ашыруу үчүн стратегиялар, пландар түзүшөт. Коомдук иштерге активдүү аралашат, саясий иш-чараларга катышышат, мамлекеттик иштерде жүрүшөт, үлкөн соода операцияларын жүргүзүшөт, эл аралык уюмдарды түзүшөт ж.б. Мындай иштерде ийгиликке жетише албагандар ийгиликке жетише алгандарын улуулашат. Ал эми, ийгиликке жетишкендери болсо, башкаларды жашоодо максатсыз же арзыбаган максаттар менен жашап жаткандай сезишет жана өздөрүн алардан өйдө көрүшөт. Мындай абал айрыкча капитализм доорундагы капиталисттердин – а түгүл Кудайга акаарат келтирген – текеберлигинен дапдаана көрүнөт.  Мисалы, Иракка каршы согушу учурунда Ак үй расмийси: «Биз нефтини арабдардын жерине жайгаштырган Кудайдын катасын оңдогону келдик», – деген.

Кыскасы, адамдар нафси түрткүлөрүнөн улам о.э. алардан сырткары акылдары аркылуу да белгилүү бир максаттарды белгилеп алышат. Бирок, адамдын нафси жана акылы жашоодон көздөлгөн максатты анык белгилеп бере албайт. Ушундан улам, жашоодон көздөлгөн максат жаатында адамдардын пикирлери, аныктамалары ар кыл жана карама-каршылыктуу. Буга жогоруда келтирилген айрым мисалдардан да күбө болдук.

Пенде бул дүйнөгө кантип келгенин билбейт. Анткени, ал бул дүйнөгө өз ыктыярысыз, Жаратуучунун ыктыяры менен келген. О.э. пенде бул дүйнөгө эмне үчүн келгенин, эмне үчүн жаратылганын да билбейт. Анткени, аны билүүгө махлук адамдын акылы алсыздык кылат, аны Холик Жаратуучу билет.

أَلَا يَعۡلَمُ مَنۡ خَلَقَ وَهُوَ ٱللَّطِيفُ ٱلۡخَبِيرُ ١٤

«(Акыры) Жараткан Зат (Өзү жоктон бар кылган нерселерди) билбейби?! Ал Мээримдүү жана (ар нерседен) кабардар Зат»                                                 [67:14]

ª!$#ur} ãNn=÷ètƒ óOçFRr&ur Ÿw {šcqßJn=÷ès?

«Аллах билет, силер билбейсиңер»             [2:216]

Баарынан кабардар, баарын билүүчү Аллах таала пендесин эмне максатта жаратканын да билдирип койду.

وَمَا خَلَقْتُ الْجِنَّ وَالإِنسَ إِلاَّ لِيَعْبُدُونِي

„Мен жин жана инсанды Өзүмө ибадат кылуулары үчүн жараттым “.     [51:56]

Аллахка ибадат кылуу – бул Ага ыйман келтирүү жана итаат кылуу. Итаат кылуу болсо, Анын бардык буйрук-кайтарууларын өзүнө камтыйт. Бирок, ушул заманыбызда дүйнөгө өкүмдарлык кылып жаткан капитализм – индуизм, буддизм, иудаизм, христианчылыктарды кечилкана жана чиркөөгө камап койгондой (негизи алар өздөрү деле турмуштун бардык тармактарын камтый алышпайт) – Исламды да мечиттерге гана камап коюуга аракет кылып, аны сыйынуу, адеп-ахлак дини гана кылып көрсөтүүгө урунуп келет. Бирок,п Ислам алардай эмес. Ал турмуштун бардык тармактарын: сыйынуу, ахлак, башкаруу, саясат, экономика, ижтима, жаза-чара, таалим – бүт бардыгын камтыйт. Демек, акыйдага ыйман келтирүү жана андан келип чыккан ушул түзүмдөргө тиешелүү бардык өкүмдөргө моюн сунуу – ибадат деп аталат.

Ал эми, бул амалдардын натыйжасы кылып – Аллах Өз аяттарында – Өз ыраазылыгы экендигин белгиледи. Демек, инсандын бул жашоодогу башкы максаты (б.а. гоялардын гоясы) – Аллахтын ыраазылыгына жетүү.

قُلْ إِنَّ صَلَاتِي وَنُسُكِي وَمَحْيَاي وَمَمَاتِي لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ

«Айткын: “Менин намазым, курмандыгым, жашоом жана өлүмүм – ааламдардын Раббиси Аллах үчүн» [6:162].

Аллахтын ыраазылыгы эң башкы максат болсо, ага жетиштире турган амалдар да өз кезегинде ага чейинки б.а. башкы максаттан ылдыйкы баскычтагы максаттар болуп саналышат. Мисалы, учурда Аллахтын ыраазылыгына алып бара турган иш – Исламий жашоону кайра баштоо. Демек, Исламий жашоону кайра алып келүү – дааватчы үчүн эң башкы максатка чейинки максат болуп саналат. Буга алып баруучу иштер да өз кезегинде ага чейинки максаттар болот. Максаттар мына ушундайча белгиленип кете берет.

Учурда пенделер күңүрт түрдө өздөрүнө максат кылып алышкан иштер (маселен, жогоруда келтирилген мисалдардагы иштер) Аллахка итаат кылууда ишке ашпай калбайт, балким, алар да өз ирети менен ишке ашып бара берет. Мисалы, үйлөнүү, перзент күтүү, ата-энеге мамиле, байлыкка ээ болуу, бийликке жетүү ж.б.у.с иштер шаръий өкүмдөргө ылайык аткарылып кете берет.

Аллах белгилеген башкы максатка жана ага алып баруучу максаттарга каршы, каафирлер калкка ар кандай максаттарды таңуулашат. Алардын бири – “тарыхта калуу”. Биз, мусулмандар “бул ишти Аллахтын ыраазылыгы үчүн жасап кой” деп шыктандырсак, алар “ушул ишти кылсаң, тарыхта каласың” деп шыктандырышат. Мусулмандар каафирлердин мындай фитналарына азгырылбоолору ваажиб. Мындай айла-амалдарды жаркын пикирлөө жана хикматтуу талкуу аркылуу жокко чыгарылышы зарыл. Мисалы, Фараон тарыхта калды, бирок анын доорундагы канчалаган адамдардын тарыхта таптакыр аты-жыты жок. Ошондо алардын башкы максаты кандай болду экен? Фараон бу дүйнөдө тарыхта калды, а бирок, Акыреттеги абалычы. Наалаты Мустафа Кемаль (Ататүрк) тарыхта калды, анын айкелдери турат. Айрым адамдар ошондой болуп тарыхта калгысы келип жүрүшөт, бирок, анын кимдигин билген мусулмандар айкелине түкүрүп өтүшөт. А анын Акыреттеги абалычы?

Демек, мусулман бир тууган, жашоодогу көздөгөн максатыңызды аныктап-тактап алыңыз.

Сакофат бөлүмү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button