Бул жылкы Ражаб айы Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыктын тикеленишине күбө болсун

Бул жылкы Ражаб айы Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыктын тикеленишине күбө болсун
Эй, пайгамбар Мухаммаддын ﷺ ааламдарга ырайым болуп жиберилген үммөтү! Өткөн эки оор жылда мусулмандардын башкаруучулары — Батыштын куйруктары — аскерлерибизди яхудий түзүмүнө каршы согушка жыйноону кайра-кайра талап кылганыбызга карабай, ага тыюу салышты. Андан соң бул замандын Фараону Трамп мина коюлган ок атышууну токтотуу буйругун берди. Анда каршылык кыймылы ок чыгарууну токтотушу талап кылынды. Ал эми өздөрү аларга ок жаадырып аткылашты! Эми болсо, Трамп Ислам өлкөлөрүндөгү өз кулдарынын жардамы менен, яхудий түзүмүн коргоо жана мужахиддерди куралсыздандыруу үчүн, мусулман аскерлерин АКШ армиясынын жетекчилиги астына жыйноого даярдык көрүүдө!
Мусулман башкаруучуларынын саткынчылыгына кошо, яхудий түзүмү Газаны аёосуз курчоосун улантып, чатырлар, жууркандар, дары-дармек, күйүүчү май жана башка негизги каражаттардан турган зарыл гуманитардык жардамдын киришине тоскоол болууда. Ошол эле маалда Газадагы жүз миңдеген эл катуу кышкы бороон-чапкынга, суукка, катуу шамалга, нөшөрлүү жамгырга жана кеңири жайылган селге туш болууда.
Эй, адамдар үчүн чыгарылган эң кайырлуу үммөт!
28-ражаб 1342-хижрий, 1924-жылдын 3-март күнү Халифалык кыйратылгандан берки абалыңар кандай болду? Андан берки жашообуз баскынчылыктарга, кол салууларга, жеңилүүлөргө, кордолууга, жакырчылыкка жана азапка толду… Динибиз колдонулбаса мындан башкасын күтө алабызбы?! Аллах Таала бизди эскертип айткан:
﴿وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكاً﴾
«Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда албетте, ал үчүн тар-бактысыз турмуш болот» (Таха: 124).
Бизди коргой турган калканыбыз жок, Ислам менен өкүм кылып, аскерлерибизди душмандарга каршы жыйнай турган адилеттүү халифабыз жок кезде мындан башкасын кантип күтөбүз?! Ал эми Аллахтын Элчиси ﷺ эскерткен:
«يُوشِكُ الأُمَمُ أَنْ تَدَاعَى عَلَيْكُمْ كَمَا تَدَاعَى الأَكَلَةُ إِلَى قَصْعَتِهَا».
«Бир күн келип, кудум иттер олжого таштанганы сыяктуу, силерге да айланаңардан калктар таштанышат».
Эсиңерде болсун, Ражаб айы ар дайым кайгы менен кыйроо айы болгон эмес. Ислам колдонулган доорлордо бул ай үммөттүн душмандарына каршы улуу жеңиштерге күбө болгон. Ражаб айында Мута согушу өткөн, бул мусулмандар менен румдуктардын ортосундагы биринчи ири салгылаш болгон. Ал доордогу каапырлыктын эң улуу күчүнө, өз заманынын биринчи державасына каршы согуш болгон. Анда Аллахтын кылычы Халид ибн Валид үч миң жоокер менен, саны эки жүз миңге жакын рум аскерине каршы согушкан. Ошого карабастан мусулмандар жеңилген жок, румдуктар да жеңишке жеткен жок. Бүгүн биздин доордун эң чоң каапыр күчү Америка менен ким беттешет?
Ошондой эле Ражаб айында Салахуддин Айюбийдин колу менен Байтул-Макдис кресттүүлөрдөн азат кылынган. Ал ондогон жылдарга созулган кресттүүлөрдүн баскынчылыгынан кийин Акса мечитин кайра Исламдын кучагына кайтарган. Анда бүгүн Акса мечитин ким азат кылат, аны яхудий түзүмүнүн ыпласынан ким тазалайт? Батыштын кресттүүлөрү толугу менен жабыла чабуул койгон бул учурда, үммөттүн жерин бошотуп, алсыздарды колдой турган насаатчы ким болот?
Дагы Ражаб айында Айн Жалут согушу болгон, анда мусулмандар татарларды талкалап, алардын Ислам жерлерине карай кыйратуучу жүрүшүн токтотушкан. Анда бүгүнкү замандын татарларына ким каршы турат? Эзилген үммөткө ким жеңиш алып келет?
Бул айда биз халифа Мутасимдин доорунда Амуриянын фатх кылынышына да күбө болгонбуз. Ал мусулман аялдын «Оо, Мутасим!» деп жардам сурап кыйкырган үнүнө жооп берип, улуу аскерди баштап чыгып, улуу жеңишке жеткен. Анда бүгүн кыйкырып, жардам сурап жаткан миңдеген аялдар үчүн ким жеңиш алып келет?
Эй, мусулмандар!
Ар бирибиз Кыямат күнү Аллах Тааланын алдында өз заманыбызда күбө болгон нерселерибиз жана үммөтүбүздүн абалын оңдоо үчүн эмне кылганыбыз үчүн эсепке тартылабыз. Ар бирибиз Аллахтын динин колдоого, Ага моюн сунуу жана жашообузда Анын шариатын колдонуу үчүн аракет кылууга милдеттүүбүз. Ошондо Аллах Таала бизге жардам берет жана кадамдарыбызды бекем кылат. Аллах Таала айтат:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِن تَنصُرُوا اللَّهَ يَنصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ﴾
«Эй момундар, эгер силер Аллага жардам берсеңер (тактап айтканда Анын жолунда жихад кылсаңар), Ал Зат да силерге жардам берет жана согуш майданында кадамдарыңарды бекем, туруктуу кылат». (Мухаммад: 7).
Халифалык шаръий далилдер көрсөткөн башкаруу түзүмү. Ал дин жана дүйнө иштеринде бардык мусулмандарга жалпы жетекчилик. Аны өз шартына ылайык тикелөө важиб. Анткени ал үммөттүн биримдигин сактап, Исламды колдонгон түзүм. Ансыз үммөт бөлүнгөн, алсыз бойдон калат. Аны тикелөө үчүн иш алып баруу жөн гана кыял же алыс үмүт эмес, тескерисинче, мусулмандар биригип аткарууга тийиш болгон шаръий фарз. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«إِنَّمَا الإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»
«Албетте имам — калкан, анын артында туруп согуш кылынат жана аны менен корголунат».
Эй, Ислам үммөтүнүн аскерлериндеги мусулмандар!
Диниңерди жана үммөтүңөрдү колдоо боюнча Аллахтын алдында жоопкерсиңер. Үммөт силерден жардам сурап жатат жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыгын тикелөөдө силердин нусратты күтүп жатат. Бул улуу фарз, бийик даража жана аны ишке ашырган адам үчүн зор ар-намыс. Силер Мединадагы ансарлардай Аллахтын динине жардамчы болууну каалабайсыңарбы? Ушул үммөттү фатх кылуучулар жана куткаруучулар катары ысымдарыңардын Аллахтын китебине жазылышын каалабайсыңарбы? Саткын башкаруучуларды четтетип, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыгын тикелөө үчүн Хизб ут-Тахрирге нусрат бергиле. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«تَكُونُ النُّبُوَّةُ فِيكُمْ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا اللَّهُ إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ، فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ مُلْكاً عَاضّاً، فَيَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ يَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ مُلْكاً جَبْرِيّاً، فَيَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ يَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»
«Силердин араңарда Пайгамбарлык Алла каалаганча болот, кийин Алла каалаганда аны көтөрөт. Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот жана ал Алла каалаганча болот. Кийин Алла аны көтөрүүнү каалаганда көтөрөт. Кийин зордукчул падышалык болот жана ал Алла каалаганча болот. Кийин Алла аны көтөрүүнү каалаганда көтөрөт. Кийин жабыр көрсөтүүчү падышалык болот жана ал Алла каалаганча болот. Кийин Алла аны көтөрүүнү каалаганда көтөрөт. Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот».
Устаз Мусъаб Умайр Пакистан вилаяты.
Роя гезити




