
Быйылкы Рамазан Ислам тикелене турган ай болсун!
Бүгүн, 1447-жылы, Шаабан айынын 29-күнү, миладий 2026-жылдын 17-февралында мубарек Рамазан айы күзөтүлдү. Анын жыйынтыгында шаръий түрдө айды көрүү айрым исламий өлкөлөрдө өз тастыгын тапты. Ушуга ылайык, 18-февраль бул жылдагы мубарек Рамазан айынын биринчи күнү болуп эсептелет.
Бухарий өзүнүн «Сахих» китебинде Мухаммад ибн Зияд аркылуу ушул хадисти риваят кылат: “Мен Абу Хурайра (розияллаху анху)нун мындай дегенин уктум. Набий ﷺ айтты:
«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»
«Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер асман булуттуу болсо, шаъбан айын толук отуз күн кылгыла».
Мындан улам Кыргызстандагы “Хизб ут-Тахрир” исламий саясий партиясы бүткүл дүйнөдөгү, анын ичинде Кыргызстандагы момун-мусулмандарды мубарек Рамазан айы менен куттуктайбыз.
Рамазан айы ыйман чөйрөсү менен бөлөнгөн. Рамазанда такыбаалык жана рухий кыймат өкүмдарлык кылып, мусулман адам Роббиси менен болгон алакасын бекемдейт. Бул чөйрө мусулманды салих амалдарды кылууга үндөйт жана иш-аракетти биринчи даражадагы маанилүү амалдарды аткаруудан баштоого чакырат.
Быйылкы Рамазан Ислам дүйнөнүн чар тарабындагы калктардын жүрөгүнөн түнөк табып, Ислам дини кеңири жайылып жаткан учурга туура келди. Дүйнөдө болуп жаткан окуялар жакынкы убакытта чоң өзгөрүүлөр болушунан кабар берүүдө. Мындан ары дүйнө тынчтык же жарым-жартылай тынч абалда болушу кыйын, тескерисинче, эл аралык коомчулук утур пайда болгон жаңылыктардын ыргагында кайнап жатат. Ошондой эле, куфр державалары өздөрү менен алек болуп, кызыкчылыктары кагылышууда. Америкада бийликке Трамптын келиши менен кызыкчылык кагылыштары дагы да күчөдү. Ал БУУга альтернатива катары “Тынчтык Кеңешин” түзүп, жөөт вужуду менен бирге кыргындар аркылуу жеңе албаган Газа секторун мусулман армиялары аркылуу жеңишке жетүүнү максат кылууда. Мындан тышкары, Венесуэла президентин уурдап кетип, бир катар өлкөлөрдү басып алуу менен коркутууда. Бул болсо Америка мурдагыдай ойлоно албай калгандыгын билдирет. Трамптын администрациясында Исламдан коркуу жана үрөй учурган сезим үстөмдүк кылууда. Муну АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун “Fox News” телеканалына берген маегиндеги сөздөрүнөн да байкоого болот. Ал: “Радикал Ислам Ирак же Сириядагы бир аймакты көзөмөлдөө менен эле токтоп калбайт. Радикал Исламдын максаты дүйнөнүн чакан бир бөлүгүн ээлеп, кичинекей Халифалыгын орнотуу гана эмес экенин ачык далилдеди. Алар жайылууга умтулат. Бул кыймыл табияты боюнча революциялык, ал дагы көбүрөөк аймактарды жана элдерди башкарууну максат кылат”, — деди.
Муну менен катар Европадагы мамлекеттердин башкаруучулары жана жетекчилери мусулмандарга каршы согуштан жана яхудий түзүмүн зулумдуктун жана кылмыштуулуктун бардык каражаттары менен камсыздоодон бир да көз ирмем тартынбады. Ошондой эле Россия менен Кытай Борбор Азияда, Крымда жана Чыгыш Түркстанда мусулмандардын канына забын болууда.
Дал ушундай мусулман өлкөлөрүн каптаган коюу караңгылык артында зор үмүт жана жакынкы жеңилдик жашырылып турат. Бул Аллах Тааланын төмөнкү сөзүнүн ишке ашуусун билдирет:
﴿قَالَ مُوسَى لِقَوْمِهِ اسْتَعِينُوا بِاللّهِ وَاصْبِرُواْ إِنَّ الأَرْضَ لِلّهِ يُورِثُهَا مَن يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ وَالْعَاقِبَةُ لِلْمُتَّقِينَ﴾
«Муса коомуна (мындай) деди: «Алладан жардам сурап, сабыр кылгыла! Бул жер, албетте, Аллага Таандык. Аны өзү каалаган пенделерге мурас кылып берет. Акыбет-натыйжа болсо такыбаалардыкы (Алладан корккондордуку) болот». (Аъраф: 128).
Мусулмандар азырынча аларды көлөкөсүнө алып, чачыраган абалын жыйнаган Халифалыксыз, аны менен корголгон жана артында туруп согуш кылынган, аларга мээрим кылган имамсыз жашап келүүдө. Ошентсе да, алардын жашоого болгон өжөрлүгү жана Исламды бекем кармануусу үстөм келди. Муну Батыш жана колонизаторлор ачык сезишти. Анткени момундардын баштарына түшкөн сыноолор аларды улам бышырып, күчүн жана бекемдигин арттырган соккуларга айланды. Мунун натыйжасында Аллах Тааланын төмөнкү сөзү ишке ашууда:
﴿وَلِيُمَحِّصَ اللّهُ الَّذِينَ آمَنُواْ وَيَمْحَقَ الْكَافِرِينَ﴾
«Ошондой эле Алла ыйман келтирген заттарды (күнөөлөрүнөн) арылтуу жана каапырларды кыйратуу үчүн (бул күндөрдү адамдардын арасында айландырып турат)». (Али Имран: 141).
Биз Аллахтын нусраты жакын жана ал сөзсүз келишине Аллахтын уруксаты менен терең ишенебиз. Аллах Таала айтты:
﴿أَمْ حَسِبْتُمْ أَن تَدْخُلُواْ الْجَنَّةَ وَلَمَّا يَأْتِكُم مَّثَلُ الَّذِينَ خَلَوْاْ مِن قَبْلِكُم مَّسَّتْهُمُ الْبَأْسَاء وَالضَّرَّاء وَزُلْزِلُواْ حَتَّى يَقُولَ الرَّسُولُ وَالَّذِينَ آمَنُواْ مَعَهُ مَتَى نَصْرُ اللّهِ أَلا إِنَّ نَصْرَ اللّهِ قَرِيبٌ﴾
«(Эй, момундар!) силерден мурунку өткөн заттардын өрнөгү силерге келбей туруп Бейишке кирүүнү ойлодуңарбы? Аларга балээ жана кайгы касыреттер катар-катар келе бергендиктен ыргылжың болуп калышты. Ал тургай, пайгамбар жана ыймандуу кишилер: «Акыры Алланын жардамы качан келет» – дей башташты. (Ошондо аларга) мындай жооп болду: “Билип койгула, албетте Алланын жардамы жакын». (Бакара: 214).
Демек, бүгүн мусулмандар тартып алынган бийлигин кайтарып ала турган, азиздик дооруна кайта турган учур. Ислам Үммөтүнүн эң маанилүү жетекчилеринин бири болгон халифа Умар ибн Хаттаб розияллоху анхунун акыйкат сөздөрүн эске салабыз. Умар розияллоху анху мындай деген: «Биз кордолгон адамдар элек, Аллах бизди Ислам менен азиз кылды. Эгер, биз азиздикти Аллах бизге берген нерседен башка тараптан издесек, Аллах бизди кайра кор кылат».
Андыктан, мусулмандардын мойнунда армияларды аракетке келтирүү, кыянатчы өкүмдарларды кулатуу жана жасалма чегараларды бузуу аркылуу үммөттү бириктирүү вазыйпасы турат. Мына ошондо Алланын нусратына ылайык амал кылган болобуз.
Хизб ут Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү




