
Бүгүнкү күндө дүйнөлүк тартиптин ыдырашы эмнеден кабар берет?
Окуялар жана алардын багыты
Бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк саясат, өз ара байланышы жок жаңылыктардын жыйындысы сыяктуу көрүнөт: соода келишимдери, энергетикалык чечимдер, лидерлердин кескин билдирүүлөрү… Бирок, эгер болуп жаткан окуяларга тереңирээк көз чаптырсак, анда белгилүү бир тенденциянын же бир багытты көздөгөн кыймылдын белгилери ачык көрүнө баштайт. Эске салсак, биздин милдетибиз дал ушул бүтүн көрүнүштү чагылдыруу.
ЕБ менен Индиянын ортосундагы соода келишими, Европанын орус газынан баш тартуу чечими, Трамптын Гренландия тууралуу риторикасы – мунун баары бир эле процесстин ар башка көрүнүштөрү. Бул процесс – мурда туруктуу деп эсептелген же бир кезде дүйнөгө үстөмдүк кылган капиталисттик системадан жана эл аралык мамилелердин эски форматынан бара-бара алыстоо.
Туруктуу өз ара көз карандылыктан – мамилелердин үзүлүшүнө карай кадам
Узак убакыт бою капиталисттик дүйнө “терең экономикалык өз ара кызматташтык чыр-чатактардын тобокелдигин азайтат жана мамилелер түзүмүн туруктуу кылат” деген жөнөкөй эрежеге таянып келген.
Европа Биримдиги менен Орусиянын ортосундагы энергетикалык байланыштар бул эреженин жөнөкөй мисалы болчу. Газ жөн гана товар эмес – ал Евразия континентиндеги саясий туруктуулуктун элементи эле. Мындай байланыштарды үзүү бардык тараптар үчүн өтө кымбат жана кооптуу деп эсептелчү. ЕБнин орус газынан баш тартуу чечими – бул күтүүсүз, бирок аргасыз бурулуш. Европа тарыхта биринчи жолу экономикалык натыйжалуулуктун ордуна стратегиялык өз алдынчалыкты тандоого мажбур болду. Бул маанилүү окуя, анткени өз ара көз карандылык мындан ары коопсуздуктун кепилдиги болбой калды, узак мөөнөттүү келишимдер саясий коргоосун жоготту, ал эми экономика геосаясаттын куралына айланды.
Европанын баалардын өсүшүнө, инфраструктуранын кайра түзүлүшүнө жана кымбатыраак, бирок туруксуз булактарга көз каранды болууга макул болгону, бул чоң көрсөткүч. Бул “эми саясий тобокелдик, экономикалык логикадан жана үнөмдөөдөн маанилүүрөөк” деген баардык саясий оюнчуларга багытталган белги.
ЕБ–Индия: кызматташуудан мурда этияттык чара
Мындай шартта Европа Биримдиги менен Индиянын ортосундагы соода келишими жөнөкөй келишим эмес, тескерисинче, “этияттык чара” системасынын бир элементи катары көрүнөт. Бул жаңы күч борборун түзүү аракети сыяктуу сезилиши мүмкүн жана бул түздөн-түз “кытайга каршы блок” болбосо да, келечекте Кытай бул жагдайдан зыян тарткан тарап болуп калышы толук ыктымал.
Бул системада Кытай кескин түрдө обочолонуп калбайт. Бирок ал өзү үчүн кыйла кооптуу динамикага туш болууда: жаңы инвестициялар эми этияттык менен бөлүштүрүлүүдө, ал эми келечектеги товар жеткирүү чынжырлары саясий тобокелдиктерди эске алуу менен долбоорлонуп жатат. Муну менен Кытайдын «негизги борбор» деген статусу бара-бара жоголууда. Азырынча бул чоң кризис катары сезилбеши мүмкүн. Бул – келечектеги артыкчылыктардын жай басаңдашы, пландардын же болбосо, долбоорлордун үзгүлтүккө учурашын билдирет. Ошол эле учурда, Бангладеш, Вьетнам, Камбоджа сыяктуу аймактагы чакан өлкөлөр, Европа менен болгон эски байланыштарын дароо жоготушу мүмкүн. Европа үчүн бул өнөктөштөрдү диверсификациялоо, тобокелдиктерди кайра бөлүштүрүү жана татаал мезгилде же глобалдык абал начарлап кеткен учурда альтернатива издөө аракети.
Индия үчүн бул келишим баарынан да маанилүү: ал өсүү, инвестиция жана статус үчүн бул келишимге көптөн бери умтулуп келет. Ал эми ЕБ үчүн бул, алгач туруктуулук жана бекем кадам таштоого болгон мүмкүнчүлүк. Мындай келишимдер азырынча эски байланыштардын ордун алмаштыра турган эмес, тескерисинче, алар иштебей калган учурда этияттык чара катары түзүлүп жатканы маанилүү.
Трамптын билдирүүсү жана жазылбаган эрежелердин кыйрашы
Бир караганда, Гренландия тууралуу билдирүүлөр таң калыштуу сөз сыяктуу угулат. Бирок, саясий жактан алганда, алар кулакка туюлуп жаткандан да маанилүүрөөк. Бул жерде кеп, аймакты чын эле басып алуу жөнүндө эмес, тескерисинче, баары көнгөн жана жалпыга белгиленген тыюуларды бузуу тууралуу болуп жатат. Буга чейин союздаштардын аймагы кол тийгис деп эсептелчү, ал эми альянс ичиндеги эгемендик маселелери, ачык соодага чыгарылчу эмес.
Дүйнөдөгү эң ири державанын лидери, мындай билдирүүлөрдү кыла баштаган учурда, эл аралык мамилелер «транзакциялык» тактап айтканда, соода-сатыкка негизделген мүнөзгө өтө баштайт. Союздардын кадыры жоголуп, алардын узак мөөнөттүү кызматташтык сыпаты төмөндөйт. Ал эми «эрежелер ыңгайлуу учурда гана иштейт» деген кооптуу сезим барган сайын күчөй берет. Бул кырдаал, Европа Биримдиги үчүн автономияга умтулуунун дагы бир себеби болду. Анткени, жада калса көнүмүш болгон кепилдиктер да, мындан ары туруксуз жана өзгөрүүчү болуп калды.
Башкы тенденция
Эгерде майда-барат деталдарды алып салсак, дүйнөлүк саясаттын негизги багыты ачык көрүнө баштайт: дүйнө капиталисттик системанын жаңы туруктуу моделине эмес, тескерисинче, бирдиктүү борбору жок болгон жана мурдагы универсалдуу эрежелер иштебеген шартта “өзүн-өзү сактап калуу” режимине өтүүдө. Коопсуздукка болгон ишенимдин солгундашы, саясий оюнчуларды өздөрүнүн стратегияларын кайра карап чыгууга түртүүдө. Экономика саясий лоялдуулуктан ажыралып, ал эми коопсуздук мындан ары сооданын кепилдиги болбой калды. Союздар жарым-жартылай жана убактылуу мүнөзгө ээ болуп, өлкөлөр бир эле учурда бири-бирине атаандаш лагерлер менен кызматташууда. Маселен, АКШнын стратегиялык планында Орусия жөн гана атаандаш эмес, “душман” катары жазылган, бирок иш жүзүндө биз Путин менен Трамптын Украина чатагы боюнча маселелерде жашыруун келишим кылып жаткандарын көрүп жатабыз.
Башкарууну жоготуу
Эң кооптуу сценарийлер тууралуу айтылганда, адатта чоң согуштун чыгуу коркунучу каралат. Чынында эле ал кооптуу, дал ошол себептен андан качуу үчүн баардык тараптар болгон күчүн жумшашат. Бирок муну менен бирге, азыраак талкууланган, бирок чоң согуштан көрө алда канча реалдуу болгон башка сценарий бар. Тактап айтканда, ири кагылышуусуз эле, учурдагы түзүмдүн кыйроосу. Ал кризистердин топтолушу, чектөөлөрдүн автоматтык түрдө колдонулушу, эрежелерге болгон ишенимдин жоголушу жана институттардын абалды турукташтырууга кудурети жетпей калышы сыяктуу көрүнүштөргө ээ. Акыр-аягында бул чоң саясий кризиске алып келет. Азырынча бул капиталисттик системанын толук кыйрашы эмес, бирок учурдагы глобалдык башкаруу механизмдеринин бара-бара урашынын башталышы.
Жыйынтык:
Саясий өзгөрүүлөр эчак эле башталган. Анын экономикалык таасири бир нече жылдан кийин толук сезиле башташы күтүлүүдө, бирок алгачкы белгилери азыртан эле байкалууда. Ал эми стратегиялык жактан алганда – бир нече жылдан кийин баары айкын болот, бирок ошол убакытта баардыгы кеч болуп калышы толук ыктымал. Тактап айтканда, адаптацияга жетишпей калгандар башкарылбай турган узак мөөнөттүү туруксуздук фазасына киришет.
Европа Биримдигинин орус газынан баш тартуусу, Индия менен түзүлгөн келишимдер жана АКШнын риторикасы – мунун баары кокустук эмес. Бул ири державалардын эски тирек-таянычтары жок болгон дүйнөгө ыңгайлашуу аракеттеринин бир көрүнүшү. Бул көрүнүштүн алгачкы белгилеринин бири – капиталисттик мамлекеттердин мындан ары учурдагы системанын туруктуулугуна ишенбей калгандыгы. Ошондуктан, алар кеч боло электе системанын кыйроо ыктымалдуулугуна даярданып жатышат. Дал ушул нерсе, бүгүнкү доорду, системалык ишенимсиздик менен аман калуу аракети арасында дүрбөлөңгө салууда
Латыфул Расых




