Бүгүн айдын жаңыруусу күзөтүлөт

Бүгүн айдын жаңыруусу күзөтүлөт
Бул жылы 18-мартта шавваль айынын хилалы күзөтүлөт, эгер анын көрүнгөнү шаръий тастыгын тапса, 19-март Орозо Айт болот. Эгер ай көрүнбөсө, же көрүнгөнү шаръий тастыкталбаса, анда Рамазан айы отуз күнгө толтурулат жана 20-март Орозо Айт күнү болот.
Бухарий өзүнүн сахихинде Мухаммад ибн Зияд аркылуу ушул хадисти келтирди. Мухаммад ибн Зияд айтат: «Мен Абу Хурайра (р.а)нун мындай дегенин уккам: Набий (с.а.в) айтты:
«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»
«Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер, асман булуттуу болсо, шаъбан айынын санагын толук отуз күн кылгыла».
Белгилүү болгондой, хижрий жыл санак боюнча, айрым айлар 29унан жаңырса, айрымдары 30унан жаңырат. Ошондуктан, ушул аяктап бараткан Рамазан айы да 29унан же 30унан жаңырып калышы мүмкүн. Ушул себептүү, мүмкүнчүлүгү бар мусулмандар бул күнү ай күзөтүшү шарт. Ошондой эле, ай көрүлгөндүгү тууралуу кабар адилеттүү (фасык эмес) мусулмандан кабыл алынат. Эгер биздин өлкөдө айды көрө албасак, дүйнөнүн калган бурчтарынан ай көрүлгөндүгү тууралуу кабарларды күтөбүз. Эгер кайсы бир өлкөдөн, адилеттүү бир мусулмандын ай көргөндүгү шаръий тастыкталса, анда биз үчүн да орозо бүтөт. Ал эми эгер, андай кабар тастыкталбаса, анда Рамазан айын отуз күнгө толуктайбыз.
Бурана




