Роя гезити

Бүгүн дүйнөнүн көйгөйү эмне?

Бүгүн дүйнөнүн көйгөйү эмне?

Аллах Таала адамзатты жараткан жана Адам عليه السلامдан тартып Кыяматка чейин алардын ырыскысы менен азыгын Өзү камсыз кылган. Аллах Таала мындай дейт:

﴿قُلْ أَئِنَّكُمْ لَتَكْفُرُونَ بِالَّذِي خَلَقَ الْأَرْضَ فِي يَوْمَيْنِ وَتَجْعَلُونَ لَهُ أَندَاداً ذَلِكَ رَبُّ الْعَالَمِينَ * وَجَعَلَ فِيهَا رَوَاسِيَ مِن فَوْقِهَا وَبَارَكَ فِيهَا وَقَدَّرَ فِيهَا أَقْوَاتَهَا فِي أَرْبَعَةِ أَيَّامٍ سَوَاء لِّلسَّائِلِينَ﴾

“Айткын: «Акыйкатта силер Жерди эки күндө жараткан Затка каапыр болосуңарбы жана башкаларды Ага теңештиресиңерби?! Бул (Алла) бүткүл ааламдардын Раббиси го?! Ал Зат (Жердин) үстүндө тоолорду (пайда) кылды жана аны — (Жерди) берекелүү кылды дагы, ошол (Жер)де анын жемиштерин (Жер калкынын ырыскы-насиптерин) толук төрт күндө белгилеп бөлүштүрдү. (Бул тактоо) суроочулар үчүн”. (Фуссилат: 9–10).

Аллах жердин астында жана үстүндө, деңиздерде жана океандарда адамдар үчүн байлыктарды жана жакшылыктарды жайгаштырды жана аларды адамдарга моюн сундуруп койду. Аллах Таала мындай дейт:

﴿أَلَمْ تَرَوْا أَنَّ اللَّهَ سَخَّرَ لَكُم مَّا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ وَأَسْبَغَ عَلَيْكُمْ نِعَمَهُ ظَاهِرَةً وَبَاطِنَةً﴾

“(Эй инсандар,) Алла асмандардагы жана Жердеги бардык нерселерди силерге моюн сундуруп койгонун, силерге бардык тышкы жана ички нематтарды толук кылып бергенин көрбөдүңөрбү?” (Лукман: 20).

Ошондой эле Ал адамга бул байлыктарга жетүүнүн жана аларды жер астынан чыгаруунун жолдорун, ыкмаларын илхам кылды жана ага тавфик берди. Эгер Аллахтын жардамы жана тавфиги болбосо, адам буга жетмек эмес. Аллахтын адилеттигинин, ырайымынын жана пенделерине камкордугунун белгиси катары Ал аларга Китеп түшүрдү жана аны алардын арасынан тандаган Элчи аркылуу жиберди. Ал Элчи аларга Раббисинин Китебин түшүндүрүп, аны баяндап берди. Бул Китеп өзүндө кайталангыс исламий экономикалык түзүмдү камтыйт, ал Аллах Өз пенделерине тартуулаган байлыктар менен жакшылыктардын туура бөлүштүрүлүшүн кепилдейт. Натыйжада бул байлыктар жердин чыгышындагы жана батышындагы ар бир адамга жетет. Ач адам калбайт, кедей анын пайдасын көрөт, муктаж адам өз үлүшүн алат. Анткени жараткан да, алардын ырыскысын берген да — Аллахтын Өзү, жана адамдар арасында аны кантип бөлүштүрүүнү түшүргөн да Ал Өзү. Ал Өзүнүн Китебинде мындай дейт:

﴿أَلَا يَعْلَمُ مَنْ خَلَقَ وَهُوَ اللَّطِيفُ الْخَبِيرُ﴾

“(Акыры) Жараткан Зат (Өзү жоктон бар кылган нерселерди) билбейби?! Ал Мээримдүү жана (ар нерседен) кабардар Зат”. (Мүлк: 14).

Чындыгында, бүгүнкү күндө адамзаттын же дүйнөнүн көйгөйү ресурстардын жетишсиздигинде эмес, анткени байлыктар бар жана өтө көп. Маселе — адамдар Аллахтын жолунан жана аларга келген Анын түзүмүнөн четтеп кетишинде. Алар илимсиз өз каалоолорун ээрчип, өздөрү адашып жана башкаларды да адаштырышты. Алар вахий нурунан алыстап, напсиге ээрчиген жана кумарларга баш ийген алсыз акылдары ойлоп тапкан адамдык мыйзамдарды түзүштү. Ошентип, динди турмуштан ажыраткан жаңы капиталисттик түзүм пайда болду жана ал жер жүзүндөгү бардык жамандыктардын булагына айланды.

Дүйнө анын идеяларынын отуна күйдү, ал тургай анын бузукулугу менен адашуусунун таасири жаныбарларга жана куштарга чейин жетти. Адамдарга, айрыкча мусулмандарга оор азап тарттырды, анткени аларды коргоп жана бириктирип турган Осмон Халифалыгы кулаганда, алар өздөрүнүн улуулук булагынан ажырашты. Алар яхудийлер менен насараларды кадам сайын ээрчип, колдорундагы жакшылыкты төмөн нерсеге алмаштырышты. Аллахтын шариятын жана Ислам түзүмүн таштап, демократиялык капиталисттик түзүмдү алышты. Анын башкаруусу алдында жакырчылык, ачарчылык, зулумдук, көчүп кетүү, бузукулук, кагылышуулар жана колонизаторлук жайылды. Ал эгинди да, урпакты да кыйратты, айрыкча мусулман өлкөлөрүнө бактысыздыкты, кайгыны, согуштарды, кыйроону жана бүлүнүүнү алып келди. Бул бир нече себептерге байланыштуу:

1) Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн Бреттон-Вудс келишими негизинде пайда болгон доллар. Ушул келишим аркылуу Америка дүйнөгө акча жана экономикалык үстөмдүгүн орнотту. Алгач доллар катуу валюта катары алтынга байланган (алтындын бир унциясы 35 долларга барабар болгон), андан соң башка валюталар долларга байланды. Бул дүйнө мамлекеттерин банктарында резервдик камсыздоо катары доллар сактоого мажбур кылды. 1971-жылы Никсон чыгып, долларды алтындан ажыратканын жарыялады. Бул дүйнө кабыл алган эң чоң алдамчылык болду. Ошондон бери бүгүнкү күнгө чейин Америка доллар кагазы аркылуу дүйнөнү талап-тоноп, адамдардын байлыгын казыналарынан жана чөнтөктөрүнөн тынымсыз соруп келүүдө.

2) Эл аралык каржы уюмдары, алардын башында Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк турат. Алар дүйнө экономикасын, айрыкча мусулман өлкөлөрүнүн экономикасын, ири мамлекеттердин экономикасына пайыздык карыздар аркылуу байлап коюшкан. Бул карыздар өлкөлөрдү карыз тузагына түшүрүп, аларды душмандарынын колундагы олжого айландырат. Натыйжада бул уюмдар берген карыздардын ордуна ар кандай шарттарды таңуулап, карыз алган мамлекеттердин ички иштерине кирип, алардын бардык мүмкүнчүлүктөрүн көзөмөлдөшөт.

Алар экономикалык реформа деген жүйө менен каржылык «реформаларды» мажбурлап киргизишет. Чынында болсо, бул чаралар экономиканы кыйратуучу жана өлкөнү бүлдүрүүчү куралдар болуп саналат. Валютанын эркин агымы, салыктарды көбөйтүү, соода эркиндигин кеңейтүү, товарлар менен кызматтарга берилген субсидияларды алып салуу ж.б. Бул саясаттар өлкөлөрдү ири державаларга толук көз каранды кылат, экономикалык жактан токтоп калууга, жергиликтүү валютанын инфляциясына, гуманитардык абалдын начарлашына, жакырчылык менен кымбатчылыктын өсүшүнө алып келет. Натыйжада элдин түйшүгү көбөйөт, мамлекеттин салык жыйноосу күчөйт, ал эми камкордугу азаят.

3) Умумий мүлктү жоюп, мүлктү жеке менчик жана мамлекеттик менчик менен гана чектөө. Ошол эле учурда капиталисттик мабда мүлккө ээ болуу эркиндигин толук бош коюп, натыйжада капитал ээлери ресурстарды жана жалпы мүлктөрдү өздөрүнө алып, бай катмардын байлыгы көбөйүп, мал-мүлк алардын колунда топтолот, ал эми калган адамдар барган сайын жакырланат. Мындан тышкары, умумий мүлктөр колонизатор мамлекеттер ортосунда жүрүп жаткан катуу күрөштүн өзөгүн түзөт. Алар байлыктарды, айрыкча мусулман өлкөлөрүндөгү байлыктарды талап-тоноону көздөп, аны «экономикалык шериктештик», «экономикалык кызматташтык» сыяктуу ар кандай аттар менен жүргүзүшөт. Ал эми элдер болсо өз тагдырына моюн сунган абалда калып, колу менен эмгектенип, маңдай тери менен тапканынан гана пайдалана алат.

Мына ушул капитализмдин баткагы. Бүгүнкү дүйнө, айрыкча мусулман өлкөлөрү, анын эзүүсү алдында калып, анын көлөкөсүндө жашап,  түйшүк отунунун бир бөлүгүнө айланган. Ошондуктан мусулмандар бул түзүмдү түп-тамыры менен жулуп таштап, анын ордуна ааламдарга рахмат болуп келген Ислам түзүмүн орнотуу үчүн жан үрөп иштеши керек. Ал бардык экономикалык маселелерди чечип, бардык кыйынчылыктарды жок кылат. Шаръий өкүмдөр аркылуу байлыкты бөлүштүрүп, анын пайдасы ар бир адамга жетишин камсыз кылат жана анын бир ууч адамдардын колунда топтолуп, адамдардын тагдырын башкаруусуна жол бербейт. Ошондой эле умумий мүлктү өз абалына кайтарат. Ал тууралуу Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:

«النَّاسُ شُرَكَاءُ فِي ثَلَاثٍ: الْمَاءِ وَالْكَلَأِ وَالنَّارِ»

«Адамдар үч нерседе шерик: сууда, жайытта жана отто».

Мамлекет буларды көзөмөлдөп, көрсөткөн кызматтары аркылуу бардык адамдар алардын жакшылыгынан пайдаланат жана мамлекет аларга кол салган ар кандай күнөөлүү колдорду токтотот.

Ошондой эле Исламдын риба тууралуу позициясы ачык-айкын. Аллах Таала мындай дейт:

﴿وَأَحَلَّ اللهُ الْبَيْعَ وَحَرَّمَ الرِّبَا﴾

“Акыйкатта болсо, Алла сооданы адал, бирок сүткорлукту арам кылган”. (Бакара: 275).

Ошентип, аны катуу тыюу менен арам кылып, түп-тамыры менен жок кылды. Андыктан аны жайылтып, дүйнөнүн бардык жерине тараткан эл аралык уюмдар менен иш алып баруу да арам.

Ал эми Исламдын акча түзүмү доллардан толук ажырап, алтын жана күмүш негизине курулат. Ушунун негизинде баалар туруктуу болуп, адамдардын мал-мүлкү сакталат. Ислам жакшылыгынын, адилеттигинин жана адамдарга болгон ырайымынын эң жакшы далили — Халифалык доорундагы үммөттүн абалы. Умар ибн Абдулазиздин доорунда мамлекеттин казынасы байлыкка толуп, мусулман өлкөлөрүндө кеңчилик өкүм сүргөн. Халифалыктын жарчысы: «Кимдин карызы болсо же ким үйлөнүүнү кааласа, мусулмандардын Байтул-малына келсин», — деп жарыя кылган. А түгүл мусулман жеринде куш ач калбасын деп, тоолордун чокуларына чейин дан чачылган. Бул алардын ошол кездеги байлыгы бүгүнкү байлыктын ондон бирине да жетпегенине карабастан болгон.

Демек, бүгүн дүйнө маселеси байлыктын аздыгында эмес, аны адамдар арасында жөнгө салган туура түзүмдөн алыстап кеткенинде. Ислам өкүмдөрүн Аллахка, Анын элчисине жана момундарга кыянат кылган саткын режимдер эмес, Хизб ут-Тахрир күнү-түнү орнотууга аракет кылып жаткан экинчи рашид Халифалык мамлекети ишке ашырат. Анда бүгүн аны орнотууга жардам бере турган, бул аркылуу дүйнө жана акырет жакшылыгына жетүүчү жардамчылар кайда?!

Роя гезити

Мухаммад Абдулмалик

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button