Бүгүн Рамазан айынын жаңыруусу күзөтүлөт

Бүгүн Рамазан айынын жаңыруусу күзөтүлөт
Быйыл 17-февраль Шаъбан айынын 29уна дал келүүдө. Демек, бүгүн шам убактысынын артынан Рамазан айынын хилалы күзөтүлөт. Эгер жаңырган айдын көрүлгөнү шаръий өз тастыгын тапса, анда 18-февраль мубарак Рамазан айынын биринчи күнү болуп калат. Ал эми, эгер жаңырган ай көрүнбөсө, же айдын көрүлгөнү шаръий өз тастыгын таппаса, Шаъбан айы отуз күнгө толтурулат. Эртеси, 19-февраль Рамазан айынын биринчи күнү болот.
Бухарий өзүнүн сахихинде Мухаммад ибн Зияд аркылуу ушул хадисти келтирди. Мухаммад ибн Зияд айтат: «Мен Абу Хурайра (р.а)нун мындай дегенин уккам: Набий (с.а.в) айтты:
«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»
«Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер, асман булуттуу болсо, шаъбан айынын санагын толук отуз күн кылгыла».
Ибн Аббас (р.а)дан риваят кылынат, Набий (с.а.в)айтты: «Аны (хилалды) көрүп орозо туткула жана аны көрүп орозону ачкыла. Эгер булуттар себептүү ал көрүнбөсө, санакты толук (шаъбан айын отуз күн) кылгыла».
Белгилүү болгондой, ай санак боюнча, айрым айлар 29унан жаңырса, айрымдары 30унан жаңырат. Ошондуктан, ушул аяктап бараткан шаъбан айы да 29унан же 30унан жаңырып калышы мүмкүн. Ушундан улам да, бул күн “шек” деп аталат. Быйыл шаъбан айынын 29у 17-февралга туура келүүдө. Андыктан, бүгүн кечки убак, рамазандын жаңырган айын (хилалды) күзөтүү мусулмандар үчүн шарт. Ушул себептүү, мүмкүнчүлүгү бар мусулмандар бул күнү ай күзөтөлү. Эскерте кетсек, ай көрүлгөндүгү тууралуу кабар адилеттүү (фасык эмес) мусулмандан гана кабыл алынат.
Эгер биздин өлкөдө айды көрө албасак, дүйнөнүн калган бурчтарынан ай көрүлгөндүгү тууралуу кабарларды күтөбүз. Эгер кайсы бир өлкөдөн, адилеттүү бир мусулмандын ай көргөндүгү шаръий тастыкталса, анда биз үчүн да орозо башталат. Ал эми эгер, андай кабар келбесе, анда шаъбан айын отуз күнгө толуктайбыз.
Бурана




