
Венесуэладан кийин Гренландиябы?
АКШ лидери Гренландия тууралуу кайрадан сөз кылып, анын АКШ үчүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошол эле учурда, Ак үй Дональд Трамп Николас Мадурону уурдоого катышкан топтун жоокерлери менен түшкөн сүрөттү жарыялады.
«Бизге Гренландия чындап керек, албетте, ал коргонуу үчүн зарыл», – деди АКШ президенти. Анын айтымында, арал орусиялык жана кытайлык кемелер менен курчалган
Ошондой эле, ал Вашингтондун кийлигишүүсү Венесуэла менен эле чектелбеши мүмкүн экенин билдирип, Венесуэланын жаңы лидери Делси Родригеске Мадурого караганда да катуураак чаралар көрүлүшү ыктымал экенин эскертти.
Трамптын Гренландия тууралуу билдирүүсүнө жооп иретинде Дания бийлиги Ак үйдүн башчысынан Гренландияга карата коркутууларды токтотууну талап кылды. Премьер-министр Метте Фредериксен АКШ Дания королдугунун курамына кирген аймактарды кошуп алууга укугу жок экенин белгиледи.
Комментарий: эл аралык норма, эл аралык укук, суверенитет деген нерселер АКШнын кескин аракеттеринен улам жокко чыкканы ырасталып турат. Чечим күчтүүнүн гана колунда экени ачык-айкын болууда.
Демек, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн бүгүнкү эл аралык норма, эл аралык укук колонизатор мамлекеттердин колониалдык кызыкчылыктарына жооп бербей калды. АКШнын Ирак жана Афганистандагы баскынчылыгы дал ушундай мүнөздө башталган. Бул жагдай АКШ жетектеген Батыш үчүн өлкөлөрдүн суверенитети да, кыйылган өмүрлөр да, адам укугу да сокур тыйынга арзыбастыгын көрсөттү. Алар өздөрүнүн гана кызыкчылыгын ойлой турганы анык.
Андыктан, үммөт үчүн эл аралык абалдын мындай туруксуздугу жасалма чек араларды бузуп, Халифалык калканы астына биригүүнүн алтын учуру!
Харун Абдулхак




