Газаны басып алуу кеңешине катышкандарга эскертүү

Газаны басып алуу кеңешине катышкандарга эскертүү
Америка президенти Трамп Швейцариянын Давос шаарында өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында «Тынчтык кеңешинин» негиздөөчү хартиясына кол койду. Аземге бир катар мамлекеттердин өкүлдөрү жана жетекчилери катышты. Ак үйдүн басма сөз катчысы Каролайн Ливитт Трамптын чакыруусун кабыл алып, кеңешке кошулган жетекчилер катышкан салтанатта мындай деди: «Куттуктайбыз, урматтуу президент Трамп, хартия эми күчүнө кирди жана Тынчтык кеңеши расмий эл аралык уюмга айланды».
Трамптын бул кеңешинин негиздөөчү хартиясына кол койгон мамлекеттер төмөнкүлөр: Иордания, Сауд Арабиясы, Катар, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Марокко, Казакстан, Венгрия, Индонезия, Аргентина, Армения, Парагвай, Пакистан, Косово, Азербайжан, Болгария, Монголия, Өзбекстан, ошондой эле Америка, анын президенти кеңештин төрагасы.
Бул кеңеш башында Газа секторун кайра курууну көзөмөлдөө үчүн негизделери айтылган. Бирок анын хартиясында дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы башка жаңжалдарды чечүүгө умтулуу сыяктуу алда канча кеңири милдеттер каралган. Трамп мындай деди: Газа «Тынчтык кеңеши иш жүзүндө башталган жер. Менимче, эгер Газада ийгиликке жетсек, аны башка маселелерге да кеңейте алабыз».
Америка менен яхудий түзүмүнүн Газада жана бүтүндөй ыйык жерлерде колониялык амбицияларына легитимдүүлүк берүүгө аракет кылган ушул абалга байланыштуу, Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү тараткан басма сөз билдирүүсүндө төмөнкүлөр баса белгиленди:
- 1. Трамп өзүнүн текебердиги жана текебер мамилеси менен Американын басып алуу саясатын бүткүл дүйнөгө таңуулоого, бул колониялаштырууга кандай гана болбосун «легитимдүүлүк» берүүгө аракет кылууда. Ал Венесуэланын президентин жубайы менен кошо уурдап кетүү менен эле чектелбестен, Гренландияны басып алуу менен коркутуп жатат. Мурда Канадага, Мексикага, Колумбияга, Кубага жана башка мамлекеттерге да коркутууларды жасаган. Ошондой эле орус-украин согушун Американын кызыкчылыктарына ылайык бүтүрүүнү каалап, эл аралык нормаларды четке кагууда, мамлекеттердин эгемендигин бузууда, ал тургай алардын көбүн өзүнүн ач көз максаттарына жетүү үчүн курал кылгысы келүүдө.
- 2. Кылмышты түздөн-түз жасаган гана эмес, аны менен кошо ошол кылмышка катышкандардын баары кылмышкер. Ошондой эле кылмышты токтотууга күчү жетип туруп, токтотпогон адам да кылмышкер. Кылмышка унчукпай карап тургандар да кылмышкер. Ошондуктан биз бул негиздөөчү хартияга кол коюуга катышкан бардык мамлекеттерди, ошондой эле кийин кол кое тургандарды да, Американын Газаны басып алуу кылмышына шерик деп баса белгилейбиз.
- 3. Ислам үммөтү өзүнө каршы кылмыш жасагандардын баарын эсинде сактайт жана канча убакыт өтсө да унутпайт. Алла Таала Өзүнүн нусраты менен үммөттү сыйлаганда жана Халифалыгын тикелегенде, Американы да, Газада, бүтүндөй Палестинада жана башка жерлерде анын кылмышына шерик болгон мамлекеттерди да сөзсүз эсеп-кысап кылат.
- 4. Хизб ут-Тахрир үммөтүнө калп айтпаган жол башчы, Ислам үммөтүнүн уул-кыздары менен, ошондой эле анын ичиндеги күч-кубат ээлери менен бирге Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рашид Халифалыкты тикелөө үчүн кадамын бекем таштап келе жатат. Мусулман жерлерин Халифалык роясынын алдында бириктирет, мусулмандардын армияларын бирдиктүү, зор армияга айлантат жана мусулмандарга каршы кылмыш жасагандардын баарынан өч алат. Ошондуктан биз силерди үммөтүбүзгө каршы жасаган оор кылмышыңардан эскертебиз, анын каарынын кесепетинен сак болгула деп эскертебиз. Өкүнүп калыштан алдын бул колониялык кеңештен тезинен чыгып кеткиле, анткени эртең өкүнүүнүн пайдасы болбойт:
﴿وَسَيَعْلَمُ الَّذِينَ ظَلَمُوا أَيَّ مُنْقَلَبٍ يَنْقَلِبُونَ﴾
“Заалим кимселер болсо жакында кандай акыбет — жыйынтыкка карап бара жатышкандарын билип атышат”. (Шуара: 227).
Роя гезити




