Газасыз “Тынчтык кеңеши”

Газасыз “Тынчтык кеңеши”
Согуштардан чарчаган дүйнөдө «тынчтык» деген сөз үстүнө эң ири жана эң бүдөмүк долбоорлор жүктөлө турган азгыруучу сөз болуп угулат. Ал эми жараланган, алсыраган Газа жаңы эл аралык кеңештин аталышы катары чакырылганда, адам баласына дүйнө акыры азапка кулак салууну чечкендей сезилет. Бирок таң калычтуусу, аталган кеңеш Газанын аты менен сунушталганы менен, Газа анын уставында таптакыр жок.
Газа сектору тууралуу эч кандай эскерүү да, анын тарткан азабынын сүрөттөлүшү да, ал жерде жасалган кыргындарга шилтеме да, аны кыйраткандардын жоопкерчилигин аныктоо да жок. Газа болгону өтмө мааниде, жаңы эл аралык түзүмдү өткөрүп жиберүү үчүн колдонулган шылтоо сыяктуу. Ал трагедия тууралуу сүйлөгөндөн көрө, анын үстүнөн дүйнөнү кайрадан кайра калыптандырууга багытталган.
«Тынчтык кеңеши» Газаны кайра куруучу уюм катары жарыяланды, бирок көп өтпөй анын уставы ачыкталып, андан кыйла кең милдеттерди камтыганы билинди. Дүйнөдөгү куралдуу жаңжалдарды башкаруу, туруктуулукту камсыздоо жана «жакшы башкарууну» кайра орнотуу сөздөрү айтылды. Дал ушул жерден оор суроолор жаралат: кыйраган аймакты калыбына келтирүү качан эл аралык тартипти кайра түзүүнүн дарбазасына айланды? Колу канга малынган тарапка тынчтыкты аныктоо, анын аянттарын белгилөө жана мүчөлөрүн тандоо укугун ким берди? Согуштарды курал менен каржылап, дүйнөлүк жаңжалдарды азыктандырып, алардын отун тутандырган адам кантип тынчтыктын чапанын жамына алат?!
Устав өзүнүн чыныгы түзүлүшүн жашырбайт: төрага жөн гана координатор эмес, жогорку бийлик болуп саналат, ал мүчөлөрдү тандайт, аткаруучуларды дайындайт, тексттерди чечмелейт, вето укугуна ээ, а түгүл кеңешти таркатуу же узартуу чечими да жалгыз анын колунда. Бүгүн биз мурда белгилүү болгон маанидеги эл аралык уюмдун алдында турган жокпуз (ал мурда да колониялык күчтөрдүн жемиши болсо да), тескерисинче, укуктук тил менен жашырылган жеке чечим борборунун алдында турабыз. Анда Трамп буйрук берип, тыюу салат, бул доордун фараону сымал, дүйнөнү өз мүлкү деп көрүп, дарыялар анын алдынан агып жаткандай элестетет.
Бул мааниде, кеңеш эл аралык системанын уландысы эмес, анын ордуна коюлган альтернатива болуп көрүнөт. Бириккен Улуттар Уюму, Коопсуздук Кеңеши, эл аралык укук жана ири согуштардан кийин адамзат топтогон бардык салттар жана эрежелердин ордун жаңы түзүм алмаштырат. Анын уставы Вашингтондо сакталат, ал эми механизмдери бир гана эрк менен башкарылат. Бул бир доордун аяктаганын жана дүйнө америкалык күч менен зомбулуктун ырайымына калган жаңы доордун башталганын жарыя кылгандай.
Уставдагы эң кооптуу нерсе – бийликтин бир колго топтолушу гана эмес, элдердин азабын жана канын соода бүтүмдөрүнө айлантуу. Төгүлгөн кан сүйлөшүүлөрдүн предметине, дүйнөлүк биржа экранындагы акцияга айланып, ашыкча кирешелерди таасирдүү адамдардын жана кылмышкерлердин казынасына агызат. Дал ушул жерде дүйнөнүн «туруктуулугу» чыныгы баш аламандыкка жана тозокко айланат. Дүйнөгө ачык айтылгандай, кимде акча бар болсо, тынчтыкты орнотууга катышат, ал эми кимде жок болсо, анын жыйынтыгын гана кабыл алат.
Ал эми ачык жарааттын ээси болгон Газа «технократтык комитеттин» алкагына гана кысылып калды: ал күнүмдүк иштерди суверенитетсиз, саясий чечимсиз жана эч кандай кепилдиксиз башкарат! Турмуш жүргүзүлөт, бирок маселе башкарылбайт! Урандылар оңдолот, бирок аны ким кыйратканы суралбайт! Ушундайча азап анын себептеринен ажыратылат, кесепеттер «дарыланат», ал эми кылмышкер жоопкерчиликтен корголот.
Ал эми «тынчтык» көрүнүшүнүн алдыңкы сабына Жакынкы Чыгыштагы кризистерди чечүүдөн көрө, аларды башкаруу менен тарыхый түрдө байланышкан жүздөр чыкканда, суроо андан бетер курчуду. Кыйроону жүргүзгөн куралдар менен тынчтык орнотулушу мүмкүнбү?
Бул кеңеш өз маңызында Газа маселесин чечпейт, тескерисинче аны жаңы дүйнөлүк тартипке өтүүнүн баштапкы чекити катары пайдаланат. Анда жаңжалдар жана кагылышуулар соода бүтүмдөрү катары башкарылат, күчкө өзүнө таандык «укуктук» калкан берилет да, дүйнө мыйзамдашкан башаламандыкка карай сүрүлөт. Андай дүйнөдө мамлекеттерге ачык айтылат: эң күчтүү гана жашайт, төлөй алган гана туруктуулукка ээ болот! Бүгүн дүйнө ушундай чекке жетти, ал бир борбордон башкарылат, бир эркке кыскартылат, мыйзамга баш ийбеген күч менен моюн сунууга мажбурланат. Ага кылычтын зомбулугу жана текебердик үстөмдүк кылат. Бул болсо ири империялардын кулашынан мурда кайталанган ошол эле тарыхый учурду кайрадан жаратат.
Тарых түз сызык менен жүрбөйт. Империялар өздөрүн абсолюттук кудуретке жеттим деп сезген учурдан тартып, чындыгында төмөндөөнүн жолуна түшөт. Персия да ушундай болгон, Рим да ушундай болгон, дүйнөнү кылыч менен гана же өзүнө ылайык жасалган мыйзам менен башкарууга болот деп ойлогон ар бир күч ушундай тагдырды баштан кечирген.
Акыры Ислам жана мусулмандар келип, Персия менен Рим империяларын кулатып, зулумдукту, кулчулукту жана көз карандылыкты жоюп, дүйнөгө адилеттикти жайышкан. Ошондо Рабиъий ибн Амир رضي الله عنه Персиянын кол башчысы Рустамдын алдында туруп, фараондордун жана текеберлердин кылмыштарынан бүт дүйнөнү куткарган сөздөрдү айткан: «Биз – Аллах жиберген элбиз: адамдарды адамдарга кулчулук кылуудан раббилердин Раббисине кулчулукка чыгаруу үчүн; диндердин зулумунан Исламдын адилетине чыгаруу үчүн; дүйнөнүн тардыгынан дүйнө менен акыреттин кеңдигине чыгаруу үчүн жиберилдик».
Демек, бүгүн дүйнөнү ичиндеги абалдан куткара турган, ага туруктуулук, кадыр-барк жана адилет кайтара турган жалгыз түзүм – Ислам жана Ислам мамлекети. Мына ушул пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рашид Халифалык Аллахтын уруксаты менен жакында тикеленет.
Устаз Абдулла ан-Набали
Роя гезити




