Фикхий
Дааратканага акы алуу тууралуу

Дааратканага акы алуу тууралуу
Суроо: Мечиттин алдындагы дааратканаларды жабууга же аларды пайдаланганы үчүн акы алууга болобу? Ошондой эле мечиттин короосунун бир бөлүгүн адамдарга сатып, андан түшкөн акчаны мечиттин пайдасына жумшоого болобу? Же короодо үйлөрдү же дүкөндөрдү куруп, мечиттин пайдасы үчүн ижарага берсе болобу?
Жооп:
1. Мечит – бул беш убак намаз окулуусу үчүн даярдалган имарат. Ага чатыр бөлүгү да, мечиттин короосу да кирет. Мечиттин өкүмү вакф, демек, ал сатылбайт жана мусулмандарга анын ичинде намаз окууга тыюу салынбайт.
2. Бул жерден намаздан башка нерсе үчүн, башкача айтканда, коюлган максаттан башка пайдаланыла тургандай бөлүк ажыратууга болбойт. Демек, анын короосунда дүкөндөр куруу же үйлөр үчүн жер бөлүп берүү сыяктуу иштерге жол берилбейт.
3. Эгер мечит менен кошо вакф катары башка аянттар да берилген болсо, мисалы, имам же азанчы үчүн үйлөр, дааратканалар жана башка пайдалануучу жайлар, же алдында дүкөндөр болсо, анда бул жаиз. Башкача айтканда, мечиттин курулуш долбоорунда так көрсөтүлсө:
– (А) аянты – намаз окуу үчүн,
– (Б) аянты – жашоо үчүн (имам, азанчы),
– (В) аянты – жалпы муктаждыктар үчүн (дааратканалар ж.б.),
– (Г) аянты – дүкөндөр үчүн деп жазылса, анда бул жаиз. Мечит жана ага тийиштүү бардык аянттар мечит иштери үчүн вакф болуп саналат жана алардан түшкөн пайда мечиттин керектөөлөрүнө жумшалат.
4. Жогоруда айтылгандардын негизинде, мечиттин алдындагы нерселер да анын вакфы болуп саналат. Ошондуктан, дааратканалардын негизги өкүмү – намаз окуучулар акысыз пайдаланууга тийиш. Ошондуктан, намаз убакыттарында, башкача айтканда, дааратканаларды пайдалануунун негизги себеби намаз үчүн даярдануу болуп турган учурда, пайдалануу үчүн акы алуу жаиз эмес, анткени бул намаз окуучуларга кыйынчылык жана чектөө алып келет, бул болсо харам.
Бирок намаз убакыттарынан башка учурда, башкача айтканда, пайдалануу көпчүлүк учурда намаз үчүн болбой турганы билинсе, анда акы алууга болот. Ал алынган каражат мечиттин пайдасына, башкача айтканда, вакфтын чегинде колдонулат.
Демек, негизги өкүм – мечитке келгендердин дааратканаларды пайдалануусуна акы алынбайт, бирок намаз убакыттарынан тышкары учурларда акы алуу истиснаа (исключение) болот, жана мындан түшкөн каражаттар мечиттин пайдасы үчүн колдонулат. Истиснаа ага негиз болгон себеп үчүн кылынат. Мисалы, дааратканаларды таза сактоо, намаз окуучулар үчүн дайыма жарактуу абалда кармоо, намаз убактысынан тышкары жалпы пайдаланууну тартипке келтирүү сыяктуу.
Муну менен катар эске алуу керек: бул өкүм намаз белгилүү өз убакыттарында гана окулуп турган мечиттерге тиешелүү. Ал эми ири шаарлардагы мечиттерге келсек, анда аларга намазкандар күнү бою кирип-чыгып турушат, башкача айтканда, дааратканалардын негизги колдонулушу намаз үчүн болуп эсептелет. Ошондуктан, мындай мечиттерде акы алынбайт.
Жыйынтык:
Дааратканаларды пайдалануу намаз үчүн болот деген басымдуу ой (галабатуз зонн) турган убактарда акысыз болот, анткени вакф болгон мечиттин пайдалары – анын ичинде даарат алуу мүмкүнчүлүгү – чектөөгө түшпөшү керек, андай чектөө жеңилдетүүнү жокко чыгарып, харам болуп калат.
Эгер дааратканалардын колдонулушу намаз үчүн эмес деген ой үстөмдүк кылган убактарда болсо, анда акы алуу жаиз, жана ал мечиттин кереги үчүн жумшалат. Ошол эле учурда акы албай коюу да жаиз.
Ал эми ири шаарлардагы, күнү-түнү намазкандар тынымсыз келе турган мечиттерде т.а. азан маалында жамаат менен намаз окугандар жана андан кийин өзүнчө намаз окугандар үзгүлтүксүз кирип-чыгып турган жерлерде дааратканалардын басымдуу пайдаланылышы намаз үчүн болгондуктан, акы алынбайт.
27-Рабиъул Ахир 1428-х.
14/05/2007-м.




