Кабар

Дагы бир уйгур мусулманы Түркиядан Кытайга депортация кылынуу астында турат

Дагы бир уйгур мусулманы Түркиядан Кытайга депортация кылынуу астында турат

Уйгур качкын Ахметжан Садыров Түркияда жашоого мыйзамдуу уруксаты бар экенине карабастан, Австриядан кайтып келгенде өлкөгө кирүү укугунан ажыратылды. Ал Австрияга Кытайдагы лагерлердин мурунку туткуну болгон оорулуу апасына жардам көрсөтүү үчүн барган. Анын жубайы жана балдары Түркиянын жарандары болгонуна карабастан, Ахметжан Садыров Стамбул шаарындагы аэропортто кармалып, учурда Кытайга депортация кылынуу коркунучу алдында турат. Анын үй-бүлөсү Түркия бийлигине кайрылып, депортацияны токтотууну жана укуктарын коргоону талап кылууда.

Эске салсак, мындан мурун да Чыгыш Түркстандан чыккан 55 жаштагы уйгур мусулман Алимжан Нур Стамбул шаарында көп жылдан бери мыйзамдуу жашап келгенине карабастан, анын үйүндө өткөрүлгөн рейд маалында атайын кызматтар тарабынан кармалган. Кытайга депортациялануу коркунучу астында турган Нурдун тагдыры тууралуу азыркыга чейин эч кандай маалымат жок.

Ал эми, 2025-жылы Стамбулдун 16 жана 18-соттору Кытай тараптан куугунтукка жана репрессияларга кабылгандыктан Түркиядан башбаанек тапкан Махмут Анаэти менен Айеркен Абудувайлини Кытайга экстрадициялоо тууралуу чечим чыгарган.
Түркия маалмат каражаттарынын кабарына ылайык, сот Кытайда алар куугунтукка алынары же өмүрүнө коркунуч туулары жөнүндө олуттуу жана ачык-айкын далилдер жок деген тыянакка келген.

Узак убакыт бою Түркия мусулмандарды өз баанегине алган өлкө катары эсептелип келген. Бирок акыркы мезгилде баанек алган мусулмандарды Кытай менен болгон экономикалык кызыкчылыктарга айырбаштоодо.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button