Дарфурду ажыратуу пданы кайсы баскычка жетти?

Дарфурду ажыратуу пданы кайсы баскычка жетти?
Ыкчам колдоо күчтөрү Түндүк Дарфур штатындагы Дамра Мустариха аймагына чабуул жасап, 2026-жылдын 23-февралында аны толук көзөмөлүнө алды. Бул аймак Мухамид уруусунун башчысы жана «Революциялык ойгонуу кеңеши» деп аталган түзүмдүн жетекчиси Муса Хилалга таандык аймак болуп эсептелет. Ага чейин, 2026-жылдын 22-февралында бул аймак учкучсуз аппараттар менен бомбалоого кабылган.
Бул киши ачык түрдө армияны колдой турганын жарыялаганына карабастан, Ыкчам колдоо күчтөрүнө каршы согушка түздөн-түз катышкан эмес. Ал согуштун бүткүл мезгилинде өз аймагында кала берген. Акыркы кабарларга караганда, анын аймагы басып алынгандан кийин ал Чад мамлекетине өтүп кеткен. Ошондой эле маалыматтар анын уулдарынын бири өлтүрүлгөнүн, дагы биринин жарадар болгонун ырастоодо. Белгилей кетчү нерсе, Муса Хилал мурда «Инказ» режиминин куралдарынын бири болуп эсептелген. Ал режимдин тарабында азыр өкмөт менен бирге «бириккен күчтөр» деген ат менен согушуп жаткан кыймылдарга каршы күрөшкөн. Ал эми ал-Башир аны 2008-жылы федералдык башкаруу министрлигине кеңешчи кылып дайындаган.
Муса Хилал 2014-жылы «Революциялык ойгонуу кеңеши» деп аталган түзүмдү негиздеген. Кийинчерээк ал өкмөт менен, айрыкча Мухаммад Хамдан Дагало (Хамидти) жетектеген Ыкчам колдоо күчтөрү пайда болгондон кийин, олуттуу келишпестиктерге барган. Белгилей кетсек, Хамидти мурда Хилалдын армиясында жөнөкөй жоокер болгон. 2017-жылы Хилал менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуулар болуп, анын жыйынтыгында ал кармалып, соттолуп жана түрмөгө камалган. Кийин 2021-жылы Суверендүү кеңештин мунапыс чечиминен кийин бошотулган.
Суроо туулат, эмне үчүн өкмөт аны курмандыкка чалды жана жардам берүүдө шалаакылык кылды, натыйжада Ыкчам колдоо күчтөрү дал ушул учурда акыркы операцияларын жүргүзө алды?
Белгилүү болгондой, Американын планы — бул согуш аркылуу Дарфурду өз агенти Мухаммад Хамдан Дагало аркылуу бөлүп чыгуу. Акыркы убакта армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда жарашуу тууралуу сөздөр көбөйдү. Бул болсо Дарфурдун толугу менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн колуна өтүшүнө америкалык ниет бар экенин билдирет. Ошондуктан Дарфурда куралдуу күчтөрү бар жана уруу башчысы катары салмагы чоң болгон Муса Хилалдын болушу келечектеги ар кандай сүйлөшүүлөргө тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Ошондуктан Америка өз агенти Хамидтиге андан кутулууну буюрду. Мунун максаты Дарфурда Чад менен чектеш Тина аймагы сыяктуу аз гана чөнтөктөрдөн башка күч калтырбоо. Ыкчам колдоо күчтөрү ал аймакты да көзөмөлгө алууга аракет кылууда. Бирок алар жергиликтүү элдин катуу каршылыгына туш болуп жатышат. Айрыкча бул аймак Миннави жана Жибрил күчтөрү үчүн негизги таяныч болуп эсептелет.
Ал эми согуштун башка фронттору, айрыкча Кордофан аймагында, акыркы эки айдан ашык убакыттан бери дээрлик токтоп турат. Айрым учурларда гана Ыкчам колдоо күчтөрү менен армия тарабынан учкучсуз аппараттар жана авиация аркылуу айрым операциялар жүргүзүлүүдө. Бул болсо иш жүзүндө жарашуу бар экенин көрсөтөт, бирок ал расмий жарыяланган эмес. Армия жетекчилиги кайра-кайра: «Биз Ыкчам колдоо күчтөрү толук жок кылынмайынча эч кандай сүйлөшүүгө барбайбыз» деп айтып келүүдө. Бирок Америка бул согуш тараптардын биринин да аскерий жеңиши менен аяктабайт деп кайталап айтууда. Бул болсо анын Дарфурду бөлүп чыгаруу боюнча кылмыштуу планын ишке ашырууга умтулуп жатканын көрсөтөт.
Эмне үчүн Массад Булос жарашуу тууралуу кайра-кайра айтып жатканына карабастан, Америка азырынча жарашууну мажбурлап киргизбей жатат? Бул — адамдарды акырындап жарашууну кабыл алууга көндүрүү үчүн жасалып жаткан аракет. Башкача айтканда, согуш да жок, тынчтык да жок деген узакка созулган абал адамдарды чарчатып, акырында жарашууну кабыл алууга мажбур кылуу максаты көздөлүүдө. АКШ президентинин араб жана африка иштери боюнча улук кеңешчиси Массад Булос 2026-жылдын 20-февралында өткөн БУУ Коопсуздук Кеңешинин Судандагы кризисти талкуулаган жыйынында согушту токтотуу үчүн эл аралык координациянын беш негизги багытын белгилеген. Ал X платформасында жарыялаган билдирүүсүндө пайдасыз болуп калган миң күндөн ашуун согушту токтотуунун шашылыш зарылдыгын баса белгилеген. Ошондой эле Британия тышкы иштер министри Иветт Купер төрагалык кылган Коопсуздук Кеңеши ачык жана бирдиктүү билдирүү жасаганын айтып: «Бул жаңжалдын аскерий чечими жок, согушту токтотуунун убактысы келди» — деп билдирген. Өз кезегинде Судан тышкы иштер министрлиги билдирүү жасап, Булостун сөздөрүнө жооп кайтарды. Анда кайсы бир сунуштарды көтөрүү же сунуш кылуу өкмөт аны сөзсүз кабыл алат же ага макул болот дегенди билдирбейт деп айтылган. Бирок бул тил ачык четке кагууну билдирбейт. Анткени: «Бул сөзсүз кабыл алууну билдирбейт» деген сөз айкашы, аны кабыл алууга да болорун түшүндүрөт. Башкача айтканда, бул сүйлөмдү мындайча да түшүнүүгө болот: «бул сөзсүз четке кагууну билдирбейт».
Эгерде алар Булос сунуштап жаткан жарашууну чындап четке кагышканда, анда «биз эч кандай тышкы тараптын сунуштарын кабыл албайбыз» деп ачык айтышмак. Айрыкча тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө өлкөнүн жогорку кызыкчылыктарын, Судандын улуттук коопсуздугун, толук улуттук эгемендигин, Судандын аймактык бүтүндүгүн, мамлекеттик институттарынын биримдигин жана аймактык бүтүндүгүн сактоо тууралуу сөз кылынганын эске алганда, бул билдирүү ачык баш тартууну билдирбейт, тескерисинче келечекте макул болууга мүмкүнчүлүк калтырган дипломатиялык тил болуп саналат.
Судан тышкы иштер министрлиги дагы бир жолу Судан эгемендүү мамлекет экенин, өзүнүн позицияларын жана чечимдерин жогорку улуттук кызыкчылыктарына негиздеп кабыл аларын баса белгиледи. Бирок Америка Суданды мурдунан жетелеп, аны бөлүп-жаруу жана майдалоо жолуна алып бара жаткан учурда, эгемендик жана өз алдынча чечим кабыл алуу тууралуу кантип сөз кылууга болот?! Бул — мурда түштүк Судандын сценарийи менен сүйлөшүүлөр жана күн тартиптери аркылуу өлкө жетекчилерине таңууланып, акырында ажырап чыгууга жеткирген. Муну ошол учурдагы президент ал-Баширдин өзү да мойнуна алып: «Түштүктү бөлүп чыгарган — Америка» деп айткан.
Эми бир аз убакыт өткөндөн кийин: «Дарфурду да Америка бөлүп чыгарды» — деген сөздү угуп калгыбыз келбейт. Ошондуктан Судандын биримдигине чындап күйгөн бардык адамдар Дарфурдун бөлүнүшүнө жол бербөө үчүн олуттуу аракет кылышы керек. Америка өзүнүн шайтандык планын ишке ашырып, Суданды майдалап бөлүп-жарууга жетишине жол бербеши керек.
Негизинен, мусулмандар катары, кандай гана шарт болбосун каапырдын биздин иштерге аралашуусуна жол бербешибиз керек. Анткени ал Исламга жана мусулмандарга душман. Айрыкча Америка бизди мурда бөлүп-жарган душман. Андай болсо, кантип анын кайрадан бизди бөлүүсүнө жол беребиз?! Мусулман өз ишине каапырдын кийлигишүүсүн кабыл албайт.
Мурда мусулмандардын аң-сезиминде Ислам иззаты үстөмдүк кылып турганда, Муавия Рум императорунун жардамын четке каккан. Бул окуя Рум падышасы Кайсар Муавия менен Али ибн Абу Талиб ортосундагы согушту пайдаланып кетүүгө аракет кылганда болгон. Кайсар Муавияга кат жазып: «Силер менен Али ибн Абу Талибдин ортосунда эмне болгонун билдик. Биз сени Халифалыкка андан көрө татыктуураксың деп эсептейбиз. Эгер буйрук берсең, сага аскер жиберип, Алинин башын алып келебиз», — деген.
Муавиянын Кайсарга жообу болсо мындай болгон: «Эки бир тууган чатакташса, сен эмне үчүн алардын ортосуна аралашасың? Эгер унчукпай калбасаң, башы сен тарапта, аягы мен тарапта турган аскер жиберем, алар сенин башыңды кесип алып келип, мен аны Алиге берем».
Мына ушундай иззат, мына ушундай эгемендик болгон. Ал эми бүгүнкү күндө батыштын каапыр колонизаторуна моюн сунган, анын чечимдерине жана кутумдарына баш ийген жасалма режимдердин шартында чыныгы эгемендикке жетүү мүмкүн эмес. Чыныгы эгемендикке Исламга кайтып, жашообузду анын негизинде куруп, пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелегенде гана жетебиз.
Роя гезити
Ибрахим Усман Абу Халил
Хизб ут-Тахрир партиясынын Судан вилаятындагы расмий өкүлү




