Демократия – элес менен чындыктын ортосунда

Демократия – элес менен чындыктын ортосунда
Дүйнөлүк саясий окуялардын чордонунда демократия башкарууну уюштурууда адам акылы жеткен эң жогорку деңгээл катары көрсөтүлүп, эркиндик, адилеттүүлүк жана адам укуктарынын жалгыз кепилдиги катары жайылтылып келет. Бирок олуттуу талдоо бул көрүнүш чындыкты жашырган жарнамалык кабык гана экенин ачып берет. Демократия колдонулуп жаткан чындык да эмес, жайылтылгандай ишке ашуучу система да эмес. Тескерисинче, ал өз маңызы боюнча карама-каршылыктуу, практикалык жактан ишке ашуусу мүмкүн эмес фикрат болуп, «эл бийлиги» деген ат менен адамдарды алдоо үстүнө курулган. Ал эми чыныгы абал болсо капиталдын жана үстөмдүк кылган элитанын бийлигин көрсөтүп турат.
Демократиянын чындыгы — реалдуулугу жок фикрат:
Демократиянын кеңири тараган аныктамасы – элдин, эл тарабынан шайлангандардын эл үчүн башкаруусу дегенди билдирет. Бирок бул аныктаманын өзү эле биринчи практикалык сыноодо кыйрайт. Анткени эл жалпы жонунан башкарбайт, мыйзам да чыгарбайт, мамлекет иштерин да жүргүзбөйт. Чындыгында бийликти белгилүү бир элита жүргүзөт, алар бийликти мыйзамдар, каржылоо жана медиа таасири аркылуу алдын ала жөнгө салынган шайлоо механизмдери аркылуу башкарып, өз ара алмашып турушат. Ал эми «элдин эрки» болсо зарыл учурда гана колдонулган, күчтүүлөрдүн кызыкчылыктарына каршы келгенде четке кагылган ураан бойдон калат.
Эл өкүлдөрү болушу керек болгон парламенттер да чындыгында басым кылуусу топтордон, трансулуттук корпорациялардан жана каржылык таасир борборлорунан чыныгы көз карандысыздыкка ээ эмес. Көпчүлүктүн атынан кабыл алынган мыйзамдар көп учурда алардын түздөн-түз кызыкчылыктарына каршы келет. Бул болсо «терең демократиялык» деп мүнөздөлгөн мамлекеттерде башкаруучулар менен башкарылгандардын ортосундагы ажырымдын кеңейишин түшүндүрөт.
Эркиндик жана адилеттүүлүк тууралуу дооматтын жалгандыгы:
Демократия эркиндиктерди камсыздайт деп ырастайт, бирок чыныгы турмуш бул эркиндиктер тандалма экенин көрсөтөт. Алар капиталисттик элитанын кызыкчылыктарына зыян келтирбегенде гана берилет, ал эми ошол кызыкчылыктарга коркунуч туулганда дароо чектелет.
Адилеттүүлүккө келсек, ал мыйзам алдында формалдуу теңдик менен гана чектелип, коомдогу катмарлар арасындагы айырмачылыктардын көзөмөлсүз күчөшүнө жол берилет. Демократия байлыктын аз сандагы адамдардын колуна топтолушуна тоскоол боло алган жок, миллиондогон адамдардын жакырланышын алдын ала алган жок жана «демократияны жайылтуу» деген ат менен жүргүзүлгөн колониялык согуштарды да токтото алган жок.
Демократиянын мабда жактан ишке ашпастыгы:
Демократия ишке ашуусу мүмкүн эмес, анткени ал түзүмдүк карама-каршылыкка негизделген. Ал эгемендик элге таандык деп ырастайт, бирок ошол эле учурда бул элди өз эркинен жогору турган конституцияга жана мыйзамдарга баш ийдирет, анын тандоолорун ашууга болбой турган чектер менен чектейт. Ошондой эле ал бардык адамдарда бирдей саясий аң-сезим бар деп болжолдойт, бирок чыныгы турмуш билим жана таасир жагынан чоң айырмачылыктар бар экенин көрсөтөт. Натыйжада акыркы чечим акчага жана маалымат каражаттарына ээ болгондордун колунда калат.
Мындан тышкары, мыйзам чыгарууну адамдардын — көпчүлүк болобу же азчылык болобу — колуна берүү туруксуздукка жана өзгөрмөлүүлүккө жол ачат. Кечээ туура болгон нерсе бүгүн кылмышка айланып калышы мүмкүн, же кызыкчылыктарга жана шарттарга жараша тескерисинче болушу мүмкүн. Бул болсо баалуулуктардын өзүн салыштырмалуу кылып, туруктуу негизден жана абсолюттук адилеттик өлчөмүнөн ажыратат.
Батыш өзү да альтернатива издеп жатат:
Демократияны сындоо эми Батыштын каршылаштарына гана таандык эмес, анын фикирий борборлорундагы ички талкуунун бир бөлүгүнө айланды. Демократия кризиси, демократиядан кийинки доор жана институттарга болгон ишенимдин төмөндөшү тууралуу жазуулар көбөйүүдө. Эксперттердин башкаруусу, технократиялык моделдер же башкарууда корпорациялардын ролун күчөтүү сыяктуу жарым-жартылай альтернативалар сунушталууда. Булардын баары баштапкы фикраттын ийгиликсиздигин кыйыр түрдө моюнга алуу болуп саналат.
Бирок бул альтернативалар маселенин маңызын чечпейт, анткени алар ошол эле капиталисттик алкактын ичинде калат, эгемендикти Жаратуучудан башкасына берет жана адамды Аллахсыз мыйзам чыгаруучу кылат. Ошентип кризис бир формадан экинчисине өтөт, бирок түпкү чечим табылбайт.
Капитализмдин чыныгы альтернативасы:
Мунун карама-каршысында Ислам так мабдага негизделген толук башкаруу тартибин сунуш кылат: бийлик шариятка, ал эми жетекчилик үммөткө таандык. Мыйзам чыгаруу адамдарга эмес, Аллах Таалага таандык. Аллах Таала айткан:
﴿إِنِ الْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ﴾
«Өкүмдарлык бир гана Аллахка таандык». (Юсуф: 40).
Ушундайча таяныч маселеси так чечилип, баалуулуктар жана өкүмдөр менен ойноо эшиги жабылат.
Ал эми үммөткө бул шариятты ишке ашыра турган жана анын иштерин жүргүзө турган адамды тандоо, аны эсепке тартуу жана эгер каршы чыкса кызматтан алуу укугу берилет. Бул болсо адилеттүү өкүмдөрдүн туруктуу алкагында формалдуу эмес, чыныгы саясий катышууну камсыз кылат.
Рошид Халифалык мамлекети — элестүү эмес, практикалык үлгү:
Халифалык ишке ашпаган идея же кол жеткис кыял эмес, тескерисинче, чыныгы колдонулган башкаруу системасы болуп, тарых анын адилеттигине жана камкордугуна күбө болгон. Анда башкаруучу үммөттүн кызматчысы болуп, Исламды колдонууда анын атынан өкүл катары иш алып барган, казыга баш ийген жана ачык түрдө мухасабага тартылган. Бул тууралуу Абу Бакр ас-Сыддык رضي الله عنه биринчи хутбасында мындай деген: «Мен силердин араңарда Аллахка моюн сунганымча мага моюн сунгула, эгер Ага каршы чыксам, анда силерге мага моюн сунуу жок (важиб эмес)».
Бул системада укуктар мамлекет тарабынан берилген «жардам» болгондугу үчүн эмес, аткарылышы милдеттүү болгон шарият өкүмдөрү болгондугу үчүн сакталат. Адам болсо урматталган махлук болгондугу үчүн корголот. Аллах Таала айткан:
﴿وَلَقَدْ كَرَّمْنَا بَنِي آدَمَ﴾
«Чындыгында, Биз Адам балдарын азиз – урматтуу кылдык». (Исра: 70).
Эки альтернативанын ортосундагы түпкү айырма:
Демократия менен Ислам ортосундагы айырма механизмдерде гана эмес, фикрат жана негизинде. Демократия адамды мыйзам чыгаруучу кылат, ал эми Ислам аны Аллахка кул, жер жүзүндө орун басар кылат. Демократия башкарууну өзгөрмө кызыкчылыктарга байланыштырат, Ислам болсо аны туруктуу акыйкатка байлайт. Демократия бийлик үчүн тынымсыз күрөштү пайда кылат, ал эми Ислам бийликти өкүмдөр жана жоопкерчиликтер менен жөнгө салып, зулумдукту да, башаламандыкты да алдын алат.
Демократия кылымдар бою жүргүзүлгөн тажрыйбадан кийин ишке ашпаган элес экенин, зулумдук жана карама-каршылыкка толгон чындыкты жашырган ураан экенин далилдеди. Батыш өзү да анын туңгуюгун аңдап калды, бирок Роббаний таянычты четке какканы үчүн кризистен чыга албай жатат. Ал эми Ислам болсо чыныгы альтернативаны сунуш кылат — ал жөн гана теория эмес, толук башкаруу тартиби болуп, бардык убакыт жана бардык жер үчүн жарактуу бойдон калат. Ага кайтуу адамзаттын адашуудан кутулушуна жана адам түзгөн системалар жетише албаган адилеттикке жетүүгө себеп болот.
Чыгыш жана Батыштагы эй Ислам үммөтү. Силерге таңууланган башкаруу системалары силердин мүмкүнчүлүктөрүңөрдү тушап, биримдигиңерди бөлүп-жарып, байлыктарыңарды душмандардын олжосуна айландырган кишендер экенин аңдоо убагы келди. Силерге кутулуу жолу катары сунушталган демократия чындыгында көз карандылыкты улантуунун жана силерди өз хазарий долбооруңардан алыстатуунун куралы болду. Силердин биримдигиңер бир роя алдында гана, жетекчилигиңер бир гана шарият менен болот. Элдер арасындагы ордуңарды кайра кайтаруучу мамлекет — пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети. Ал бөлбөйт – бириктирет, адилеттик орнотот – зулум кылбайт, жетектейт – жетектелбейт.
Эй «Ажнад аль-Кинана» жоокерлери! Эй колунда күч жана кудурети барлар, тарых бою үммөттүн калканы жана кылычы болгондор! Силердин жоопкерчилигиңер чоң, аманатыңар оор. Силер ушул үммөттүн бир бөлүгүсүңөр, бирок бүгүн силерден ийгиликсиз режимдердин калканы, Исламга да, Мисирге да тиешеси жок кызыкчылыктардын күзөтчүсү болуу талап кылынууда. Силердин чыныгы жардамыңар жасалма түзүлгөн система же адам чыгарган конституцияны коргоодо эмес, үммөтүңөрдүн тарабында туруп, анын бийлигин жана чечим кабыл алуу укугун кайра кайтаруусуна көмөктөшүүдө, зулумдукту жойгон, өлкөлөрдү азат кылган жана үммөттү акыйкат үстүндө бириктирген Ислам башкаруусун орнотууда.
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ اسْتَجِيبُواْ لِلّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُم لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾
«Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашообере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла». (Анфал: 24).
Роя гезити
Устаз Махмуд ал-Лайси




