Сакофий

 Дефицит фактору тууралуу

 Дефицит фактору тууралуу

Суроо: Исламдагы Экономика түзүмү китебинин 29-бетинде товардын кыйматы мындай деп аныкталган: «Ар кандай товардын кыйматы – таңсыктык факторун эсепке алган абалда – ушул товардагы пайданын өлчөмү (т.а. анда канча пайда бардыгы)».

Ал эми 30-бетте мындан да кененирээк түшүндүрүлүп:

«Кыйматты белгилөөдө болсо, товарда канча пайда бар экендиги өз өкүмүн өткөзөт (т.а. товардагы пайда өлчөмүнө карай анын кыйматы белгиленет). Ушуну менен бирге, дефицит фактору да эсепке алынат, бирок бул фактор кыйматты белгилөөдө өзгөчө бир бөлүк деп этибар кылынбайт» – деп айтылган. Эгер дефицит фактору баалоонун өзүнө кирбесе, анда аны эмне үчүн аныктамада эскеребиз? Аны эске алуунун кандай пайдасы бар? Ушуну түшүндүрүп берсеңиздер, Аллах силерге жакшылык берсин.

Жооп: Товардын кыйматы – таңсыктык факторун эсепке алган абалда ушул товардагы пайданын өлчөмү деп аныктоо туура. Ошондой эле, дефицит факторун кыйматты белгилөөнүн бир бөлүгү катары эсептебөө керек. Эмне үчүн мындай айтылганына келсек, түшүндүрмө төмөнкүчө:

Дефицит факторун эске алуу – бул кыйматты белгилөөнүн бир бөлүгү эмес.  Болгону кыйматты сактоо, ага этият мамиле кылуу, аны коргоо үчүн керек. Мисалы, сенде бир нан бар дейли. Анын кыйматын, башкача айтканда, ичиндеги пайдага жараша (курамы, касиеттери, колдонулушу) баалап койдуң. Эгер ал нан сейрек болсо, анда сен ага абдан этият болосуң. Бир бөлүгүн эртең менен, дагы бир бөлүгүн кечинде жейсиң, экинчи күнү да ошол сыяктуу. Эгер бир күкүмү жерге түшүп кетсе, шашылыш аласың.

Бирок эгер сенде нандар көп болсо, пайдасы (б.а. кыйматы) ошол эле болсо да, ага мынчалык этият болбойсуң, күкүмү түшсө албай койосуң, бир күндө ал нан менен кошо дагы бир нечесин жеп коюшуң мүмкүн.

Ошондуктан китеп «дефицит факторун эске алуу» деген түшүндүрмөгө «ошол убакытта» деген сөздөрдү кошкон. 30-беттин башында мындай делет: «Себеби, товардын кыйматы – мына ушул убакыттагы дефицит факторун эсепке алган абалда – ушул товардагы пайда өлчөмүнө карай белгиленет». Башкача айтканда, кыйматты белгилөөдөгү убакыт эске алынат.

Демек, кыймат – бул буюмдагы пайда. Ал эми сейрек кездешүү факторун эске алуу – кыйматтын өзүн баалоо үчүн эмес, аны сактоо, ага кам көрүү үчүн керек. Анткени ал жоголуп кетсе, анын ордун толтуруу кыйын болот. Бул эскертүү кыйматтарды текке кетирбөөгө жардам берет .

Мындан тышкары, дефицит факторун эске алуу кыйматтын туруктуулугун жана нарктардын (баалардын) дефицитке жараша өсүп же төмөндөшүн салыштырып түшүнүүгө да жардам берет.

17.11.2006

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button