Комментарий
Trending

Европа Мюнхен коопсуздук конференциясында

Европа Мюнхен коопсуздук конференциясында

Жаңылык:

Европа коопсуздугу боюнча кооптонуулар, Украинадагы согуштун кесепеттери жана АКШнын күчөп жаткан басымдары Мюнхен коопсуздук конференциясынын биринчи күнүнө үстөмдүк кылган маселелерден болду. Эл аралык тартиптин солгундашынан улам Европада тынчсыздануу күчөп жаткан шартта лидерлер коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү жана континенттеги коопсуздук түзүмүн кайра карап чыгуу зарылдыгын белгилешти.

Жума күнү Европанын тарыхындагы сезимтал учурда өткөн Мюнхен коопсуздук конференциясына 60тан ашуун мамлекет жана өкмөт башчылары, ошондой эле 100гө жакын коргоо жана тышкы иштер министрлери катышуусу менен ишин баштады. (Al Jazeera Net).

Комментарий:

Бул конференция азыркы форматында Европа үчүн өзү жеткен абалына ыйлап-сыктоого мүмкүнчүлүк болуп калганы таң калычтуу эмес. Анткени Америка аны орус-украин согушуна аралаштырып, НАТО альянсына кошкон салымдарын 5%га чейин көбөйтүүгө мажбур кылды, бажы төлөмдөрүн жүктөдү, ал тургай европа мамлекети болгон Данияга караштуу Гренландия аралын өзүнө каратып алуу менен коркутууга чейин барды. Мындан тышкары Америка орус-украин согушун Европаны аралаштырбай чечүүгө аракет кылууда.

Эл аралык тартип негиздеринин солгундашына тынчсызданып, кайгырып жаткан Европа мамлекеттеринин көбү ондогон жылдар бою алсыз өлкөлөрдү колониялап, алардын байлыктарын талап-тоноп келген, ошондой эле колония кылынган өлкөлөрдүн элдерине каршы жырткычтык кыргындарды жасаган. Ал эми Америка өзүнүн жаңы колониализми менен европалык колониализмдин мураскери гана болуп саналат. Европанын колонизатор мамлекеттери акыркы эки кылым ичинде колония кылган өлкөлөргө тарттырган азап-кайгыларын унутуп жатышат.

Бут алды күйүп жатканын сезе баштаган Европа оор эсеп-кысап күндөрүн күтүп турат. Бул Америкадан да, Россиядан да эмес, тескерисинче колония кылынган мамлекеттер тарабынан болот. Европанын келечеги Америка менен да, Россия менен да эмес, тескерисинче Ислам үммөтү менен болот. Халифалык мамлекетинин аскерлери аны багындырып, мусулман диярларына кошуп, анда Ислам өкүмүн орнотот. Балким, бул Алланын уруксаты менен жакын.

Халифа Мухаммад

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button