
Египет Борбордук банк үчүн жаңы казына векселдерин чыгарды
Мамлекет карыз туткунуна айланууда!
Жаңылык:
CNBC Arabia 2025-жылдын 1-декабрында сайтында билдиргенине караганда, Египет жаңы аукцион аркылуу 961 млн долларлык 1 жылдык долларга номинацияланган казына векселдерин сатты. Орточо пайызы 3,75% деп жарыялады. (Борбордук банк 2025-ж. 1-декабрь).
Экономикалык маалыматтарга ылайык, Египетте үч жылдан ашуун убакыттан бери биринчи жолу 2025/2026-каржылык жылынын биринчи чейрегинде 5,3% өсүү катталды. Бул былтыркы ушул эле мезгилдеги 3,5% көрсөткүчтөн жогору. Бул өсүш өнөр жай, туризм, байланыш жана маалымат технологиялары тармактарындагы жанданууга, ошондой эле Суэц каналынын кирешесинин калыбына келишине байланыштуу. Каналдын кирешеси 2023/2024-ж. экинчи чейрегинен бери биринчи жолу өсүш көрсөттү. Египетте каржылык жыл июлдан июнга чейин созулат.
Пландоо жана эл аралык кызматташуу министри Рания аль-Машат 2025-ж. 27-ноябрдагы билдирүүсүндө, Египет 2025–2026-каржылык жылында 5% тегерегинде жылдык өсүшкө жетүүнү максат кылганын айтты.
Комментарий:
Жаңылыктарда 961 млн доллар өлчөмүндө жаңы карыз алынып, 3,75% чамасындагы пайызы бар казына векселдери чыгарылганы эми эч кимге жашыруун болбой калды. Бул экономикалык багытты дагы бир жолу айгинелейт: мамлекет мурдагы карыздарын төлөө үчүн кайра карыз алууда. Ошентип, карыз айлампасы үзүлбөгөн жабык чөйрөгө айланып, анын баасын эл өз оор жашоосу, келечеги жана өлкөнүн жыл сайын Батышка күрөөгө коюлуп жаткан байлыгы менен төлөп жатат.
Бул жаңылык өзүнчө кубулуш эмес, уланып келе жаткан тизмектин бир тогоосу гана. Тышкы карыз 2023/2024-каржылык жылынын аягында 152,9 млрд доллардан ашкан, кийинчерээк 161 млрд долларга жакындаганын көрсөткөн отчеттор чыкты. Ал эми жылдык карыз тейлөө (өсүш + негизги төлөмдөр) 32,9 млрд доллардан жогору. Бул — мамлекеттин чыныгы ресурстары элдин ишин тейлөөгө эмес, акыйкатсыз финансылык саясаттын кесепеттерин төлөөгө жумшалып жатканын билдирет.
Азыркы карыз системасы толугу менен рибага негизделген кредиттерге таянат: облигациялар, казына векселдери, доллардык облигациялар, жеңилдетилген насыялар, коммерциялык кредиттер… Булардын баары түбүндө рибага негизделген милдеттенмелер. Анда бүтүндөй бир мамлекет бюджетин рибага байлап, жыл сайын мурдагы рибаны төлөш үчүн кайра карыз алууну пландап жатканы кандай кыйратуучу көрүнүш?!
«Карызды төлөө үчүн карыз алуу» айлампасы жөн гана финансыны туура эмес башкаруу эмес, бул шаръий, саясий жана экономикалык кылмыш. Анткени ал саясий чечимдерди донорлордун эркине байлап коёт, мамлекеттин ресурстарын кредиторлордун казынасына айландырат жана үммөттү азыркысы менен келечегине балээ алып келүүчү экономикалык көз карандылыкка батырат.
Бул каражаттар система айткандай «каржылоо чыгымы» эмес, тескерисинче, Алла Таала кескин түрдө харам кылган риба. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан, Алла Таала рибаны жегенди да, жедиргенди да, жазганды да, ага күбө болгонду да каргайт. Эгер адамдардын бюджеттери ушул чоң күнөөгө негизделсе, бул лаанат жеке адамдарга гана эмес, бүтүндөй коомго тийет.
Мындай шартта рибанын мамлекеттик чыгымдардын чоң бөлүгүн жеп коюусу, ал эми кредиторлорду кубаттоо үчүн саламаттыкты сактоо, билим берүү жана негизги кызматтарга жумшалчу каражаттардын кыскарышы таң калычтуу эмес. Анткени риба системасынын табияты ушул: элди соруп, аз гана жергиликтүү жана эл аралык сүткорлорду байытат.
Расмий жактар элге «кеңейүү жана инвестиция», «экономикалык реформа», «каржылоого болгон муктаждык» сыяктуу баяндарды сунушташы мүмкүн. Бирок чыныгы кырдаал төмөнкүлөрдү көрсөтөт:
- Карыздар экономиканын байлык өндүрүү мүмкүнчүлүгүнөн ылдамыраак өсүүдө, риба жыл сайын көбөйүүдө.
- Улуттук валюта күн сайын кыйрап, төлөм жүгүн оорлотууда.
- Дефицитти жабуу үчүн мамлекеттик активдерди сатуулар тездетилди.
- Эл аралык кредиторлор мамлекеттин ички чечимдерине үстөмдүк кылууга жетишти.
Бул реформа да эмес, акылдуу башкаруу да эмес. Бул — көптөгөн өлкөлөрдү кыйраткан ошол эле модел. Экономиканы эл аралык институттарга байлоо, уулуу насыя программалары менен чынжырлоо жана мамлекетти грант берүүчүлөрдүн кулуна айлантуу.
Экономикага туура караш учурдагы системаларды жамоо же карыз шарттарын «жакшыртуу» эмес. Туура жол дүйнөлүк риба системасынан толук бошонуу, жана бул шариат койгон так негиздерге таянат:
- Рибанын бардык түрүн харам кылуу. Облигациялар, казына векселдери, насыяларды жокко чыгаруу.
- Үммөткө таандык болгон умумий мүлк жана байлыктар: мунайды, газды, кендерди, каналдар менен суу жолдорун рибаны төлөөгө эмес, калктын иштерин камсыз кылууга багыттоо.
- Алтын менен күмүшкө негизделген туруктуу валюта, ал инфляцияны да, акчанын кыйрашын да алдын алат.
- Дефицитти риба менен каржылоого тыюу салуу, анын ордун чыныгы шаръий булактар менен жабуу. Саясий чечимди кредиторлордун шарттарынан бошотуу, мамлекеттин чыныгы эгемендүүлүгүн кайтаруу.
Мындай чечимдер жалаң теория эмес, бул шариат өкүмдөрү, тарыхта эл аралык шантажга баш ийбей турган, карызга жашабаган күчтүү экономикаларды курган өкүмдөр.
Мурдагы карыздарды төлөө үчүн жаңы карыз алуу тууралуу акыркы жаңылык — бул айсбергдин учу, бүтүндөй экономикалык көзкарандылыктын башкы белгиси. Билгилүү болгон маселе карыздын көлөмүндө эле эмес, анын рибада курулганында, өлкөнү эл аралык институттарга байлоону уланткан саясий түзүмдө, жана үммөттү карыз айлампасынан чыныгы камкордукка чыгара турган шариат өкүмдөрүнүн четке кагылышында.
Карызга батып бара жаткан өлкөнүн куткарылышы рибанын кишендерин үзүүдө, донорлордун чынжырларынан бошонууда, рибасыз, чыныгы байлыкка таянган, көзкарандылыктан арылган жана элдин иштерин адилеттүү караган бир илахий экономикалык түзүмгө кайтууда.
Египетте бүгүн Исламдын жана анын хазарий долбоорунун муктаждыгы бар: анда риба менен насыялар жок, элдин акчасын адилетсиз тартып алуу жок, байлыктарды текке кетирүү жок жана талап-тоноочуларды коргоо жок. Тескерисинче, адамдардын укуктарын кайтарып, аларды мыкты караган адилеттик бар. Бул адилеттик биринчи эле күндөн эл сезе турган, анын көлөкөсүндө дарак да, куш да, таш да бейпилдик таба турган адилеттик. Ал мамлекет пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык.
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾
«Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла жана билип койгула, албетте, Алла ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат жанаАнын алдына топтолосуңар». (Анфаль: 24).
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн радиосу




