Кабар
Жакырчылыктын деңгээли

Жакырчылыктын деңгээли
Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээли боюнча маалыматтар жөн гана статистика. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди. Анын пикиринде, бул статистикалар реалдуу абалды чагылдырбайт.
«2025-жылы жакырчылыктын деңгээли 25% түздү. Бирок бул болгону статистика. Маселен, Дүйнөлүк банктын 500 үй-бүлөнү камтыган “Кыргыз Республикасын угуу” аттуу изилдөөсүнө көңүл бургум келет. Төрт жыл мурун каржылык жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча кыйынчылыктарды башынан өткөргөн үй-бүлөлөр көп болсо, азыр бул көрсөткүчтөр төмөндөгөн. Бүгүнкү күндө өздөрүн жакыр деп эсептеген үй-бүлөлөрдүн үлүшү болжол менен 10–12%ды түзөт», – деп белгиледи Эдил Байсалов.




