Жамаат менен намаз окуунун маанилүүлүгү

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Жамаат менен намаз окуунун маанилүүлүгү
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Бул тууралуу Сахих аль-Бухаринин шархы Ибн Хажар аль-Аскаланинин Фатх аль-Барисинде “Жамаат менен намаз окуунун маанилүүлүгү жөнүндөгү” бөлүмдө айтылат:
حدثنا عبد الله بن يوسف قال: أخبرنا مالك عن أبي الزناد عن الأعرج عن أبي هريرة، أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال: “والذي نفسي بيده لقد هممت أن آمر بحطب، فيحطب ثم آمر بالصلاة فيؤذن لها، ثم آمر رجلا فيؤم الناس، ثم أخالف إلى رجال فأحرق عليهم بيوتهم، والذي نفسي بيده لو يعلم أحدهم أنه يجد عرقا سمينا أو مرماتين حسنتين لشهد العشاء
Абдулла бин Юсуф бизге мындай деп айтып берди. Абу Хурайранын риваятында Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай деди: “Жаным колунда болгон Затка ант болсун, мен отун чогултууну буйрук кылып, андан кийин азан чакырууну буйрук кылып, андан кийин бир кишиге элге намазга имамдык буйрук кылып, андан кийин ( жамаат намазына үзүрсүз келбей койгон) бир нече кишиге барып, алардын үйлөрүн өрттөп жиберүүнү ниет кылган элем. Жаным колунда болгон Затка ант болсун, эгер алардын бири бир майлуу сөөк же эки туяктын ортосундагы этти табаарын билсе (бул дүйнө пайдаларынан бир кыпындай пайда табаарын билгенде эле), куптан намазга катышмак”.
Урматтуу бир туугандар:
Бул биздин урматтуу Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) үйдө гана намаз окууну билгендерге карата ачык позициясы, ал бизге карата эй мусулмандар: намазыңар мечиттерде гана окулат. Ал бизге: силердин диниңер – бул жамааттын дини, жеке адамдын дини эмес, деп айтып жаткандай. Бул диндеги ачык чындык. Мусулмандар муну мечиттеги жамааттык намаздарда гана эмес, ажылык жана умра үчүн чогулуу сыяктуу көптөгөн ибадаттарда да сезишет. Алар ошондой эле айт намазы сыяктуу башка намаздар үчүн да чогулушат жана Рамазан айында жана анын таравих намаздарында чогулушат. Алар башкаруучу ката кетирген учурда аны тергеп тескей турган партияга же жамаатка чогулушат, ошондуктан Ислам дини жеке адамдын эмес, жамааттык дин болуп саналат.
Эй мусулмандар:
Бул окуя пайгамбарды, (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) бир өкүм болгон жамаат намазына катышпагандардын үйлөрүн өрттөп жиберүүгө аз калтырса, Исламдын бардык өкүмдөрүн этибарга албагандар жөнүндө эмне айтууга болот? Бул өкүмдөрдү ишке ашыруу үчүн эч кандай чара көрбөгөндөр жөнүндө эмне айтууга болот? Пайгамбар (ага тынчтык жана береке болсун) аларга эмне кылат деп ойлойсуз? Алар өздөрүн анын алдында актай турган кандай жүйө бар? Мусулмандар бир өкүмдү эле ишке ашырбай калбастан, бул доордо диндин көпчүлүк өкүмдөрүн ишке ашырууну көңүл сыртында калтырышкан. Ошондуктан, келгиле, эй мусулмандар, пайгамбарлык үлгүсүндөгү экинчи туура жолдогу Халифалыкты тикелөө аркылуу жер жүзүндө диндин өкүмдөрүн кайрадан калыбына келтирүү үчүн амал кылуучулар менен бирге амал кылууга шашылгыла.
Оо, Аллахым, бизге мусулмандарды бириктирип, азап-тозоктон арылта турган, пайгамбарлык үлгүгө ээрчиген туура жолду көрсөткөн Халифалыкты курууну тездет. Оо, Аллахым, жер жүзүн Өзүңдүн даңазалуу жүзүңдүн нуру менен жарык кыл.
Оо, Аллахым, аамиин, аамиин.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 7- жумади саани.
2025-ж, 28-ноябрь.
