Макала

Жарандардын менчигин көзөмөлдөө демократияны жок кылууда

Жарандардын менчигин көзөмөлдөө демократияны жок кылууда

Өзбекстанда мурда болуп көрбөгөн чектөө киргизилди. Айрым товарлар жана кызматтар үчүн накталай акча менен төлөөгө тыюу салынды. Президенттин жаңы жарлыгына ылайык, мындан ары накталай акчага жаңы автоунааларды, батирлерди, алкоголдук ичимдиктерди, тамекини жада калса ичүүчү сууну да сатып алууга болбойт. Бул тууралуу Өзбекстандын Юстиция министрлигинин түшүндүрмөлөрүнө таянып, жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришти.

Өзбекстанда бир катар товарларга жана кызматтарга накталай төлөөгө тыюу салынышы, жарандардын үстүнөн каржылык көзөмөлдү системалык түрдө күчөтүүгө багытталган кезектеги кадам. Мындай түшүндүрмөлөр, жеке каражаттарды эркин пайдалануу укугун олуттуу түрдө чектеген чечимдерди актоо үчүн универсалдуу шылтоого айланган.

Белгилей кетсек, бул демилгелер аймак үчүн өзгөчө бир көрүнүш эмес. Акыркы жылдары Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү, транзакциялардын болушунча ачыктыгына, накталай акча жүгүртүүнү кыскартууга жана төлөмдөрдү санариптештирүүгө ырааттуу түрдө өтүүдө. Кыргызстандын өкмөтү да, ири накталай эсептешүүлөргө чектөө киргизүүнү талкуулап, онлайн-кассаларды милдеттүү түрдө колдонууда чектөө киргизген жана салыктан качууга каршы күрөшүү шылтоосу менен чакан бизнестин финансылык агымдарын көзөмөлдөөнү күчөткөн. Кыргызстанда бул чаралардын масштабы жана катаалдыгы азырынча Өзбекстандын деңгээлине жетпесе да, бирок финансылык чөйрөнү жөнгө салуу жол-жобосу бирдей багытта бара жаткандыгы байкалууда.

Жарандардын автоунааларды, батирлерди, алкоголдук жана тамеки продукцияларын, жада калса ичүүчү сууну сатып алууну жалаң гана накталай эмес формада төлөөгө милдеттендирүү, бир нерсени ачыктоодо: Мамлекет, адамдын ар бир чоң жана кичине чыгымдарын толук көзөмөлдөө үчүн жаңы системаны негиздөөдө. Эске салсак, 2026-жылдан тарта электр энергиясы, күйүүчү май, мамлекеттик органдардын кызматтары жана ири сатып алуулар үчүн накталай эсептешүүлөргө тыюу салынат. Бул болсо тоталдык каржылык көзөмөлдү ого бетер күчөтөт.

Мындай модел жеке экономикалык активдүүлүк үчүн мейкиндикти кескин кыскартып, калкты алда канча алсыз абалга алып келет. Ар кандай техникалык ката, банктык чектөөлөр, эсептердин бөгөттөлүшү же системалык каталар, жарандарга негизги кызматтарга жетүүнү дароо чоң көйгөйгө айландырат. Андан тышкары, мамлекет чыгымдардын айрым түрлөрүн, ири сатып алууларды, күнүмдүк соода-сатыктарды көзөмөлдөөгө гана эмес, аларды чектөө мүмкүнчүлүгүнө да ээ болот.

Ошентип, көмүскө экономика менен күрөшүү шылтоосу менен, санариптештирүүгө мажбурлоочу жана жарандардын накталай акчаны колдонуу укугун кескин чектөөчү чечимдер кабыл алынууда. Демек, кеп мыйзамсыз каражаттарды айландырууга каршы күрөш тууралуу эмес, калктын экономикалык көз карандысыздыгын ырааттуу түрдө кысуу жана бардык каржылык агымдарды, ири суммалардан тарта күнүмдүк чыгымдарга чейин толук көзөмөлгө алуу жөнүндө болуп жатат.

Аймактагы бийликтердин мындай схемаларды киргизүүгө мажбурлап жаткан капиталист баскынчылардын аракети убагында ачыкталып турбаса, диктатура адамдардын ар бир чөйрөсүнө орной баштайт. Натыйжада, Борбор Азия жакын арада «финансылык ачыктык» басым көрсөтүүчү курал катары иштетиле турган аймакка айланат. Ал эми Өзбекстан, бүгүн бул процесстин эң айкын көрсөткүчтөрүнүн бири болууда.

Чындыгында, адамдарга негизги чөйрөлөрдө накталай акчаны колдонууга тыюу салуу менен бийлик өзү чарчабастан айтып келген жеке менчик эркиндигине кол салууда. Бул – ошол эле демократиянын баалуулуктарына карама каршы келет.

Акча, бул жөн гана сатып алуу каражаты эмес, бул жеке менчик! Ал эми, мамлекеттин анын колдонуусуна чектөө коюшу менен капитализмдин экономикалык эркиндигин кыйратууда. Эгер мамлекет ар бир төлөмдү көзөмөлгө алган болсо, анда демократиялык эркиндик тууралуу сөз кылбай эле койсо болот. Мындай чаралар, демократия өзүнүн акыркы көз ирмемдерин  жашап жатканын ырастайт. Башкача айтканда, демократия чирип бүтүп, анын аты эле калды.

Хужжат Жамиа

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button