Фикхий
Trending

Жасалма интеллектти фотографияда, чиймеде жана видео өндүрүштө колдонуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Суроо жооп

Жасалма интеллектти фотографияда, чиймеде жана видео өндүрүштө колдонуу

Хизб ут-Тахрирдин амири, урматтуу аалым Ато бин Халил Абу Руштанын Facebook  баракчасынын окурмандары берген суроолорго жооп

Ислам Абу Халилге жана Роид Аль-Харш Абу Муазга.

Ислам Абу Халилдин суроосу: Урматтуу шейхибиз, сизге Аллахтын тынчтыгы, мээрими жана берекеси болсун. Аллах сизди коргоп, сиздин колуңуз менен жер бетинде Исламды орнотсун.

Мен бул доордогу көптөгөн адамдарга маанилүү болгон жасалма интеллект жөнүндө  суроо бергим келди жана эгер сиз аны расмий баракчаңызга жарыяласаңыз, Кудай буюрса, баарына пайдалуу болот деп үмүттөнөм. Бүгүнкү күндө көптөгөн адамдар жасалма интеллектти адамдардын же жаныбарлардын сүрөттөрүн тартуу үчүн колдонушат. Адам жасалма интеллектке белгилүү бир маалыматты жана белгилүү бир критерийлерди киргизет жана андан сүрөт же үзүндү видео түзүүнү суранат. Ал сүрөттөрдү же видеолорду, анимация түрүндө же чыныгы жашоодогудай болобу, айырмасы жок чыгарып берет. Ошондой эле, подкаст же программа түзүү үчүн бар болгон адамдын сүрөтүн киргизсеңиз болот же такыр эле жок адамдын сүрөтүн түзүүнү сурансаңыз да болот.

Биринчи суроо: Ислам шариятында жасалма интеллектти колдонуп, адамдардын же жаныбарлардын сүрөттөрүн түзүүгө уруксат берилеби? Ошондой эле пропаганда максатында же жалпысынан анимацияларды же видеолорду түзүү мүмкүнбү?

Экинчи суроо: Эгерде жасалма интеллектти колдонуп адамдардын сүрөттөрүн түзүүгө уруксат берилсе, анда бул сүрөттөр шарият көрсөтмөлөрүнө ылайык келиши керекпи? Башкача айтканда: Аял хиджаб кийиши керекпи же жокпу? Аллах  жообуңузга сыйлык берсин. Ислам Абу Халил, 2025-жыл 25-ноябрь.

  1. 2. Роид аль-Харш Абу Муаздын суроосу: Ассаламу алейкум рахматуллоохи уа баракаатуху. Бүгүнкү күндө жасалма интеллекттин жардамы менен биз текстти сүрөткө айландыра алабыз, ошондой эле сүрөттүн өзгөчөлүктөрүн же сапатын өзгөртө алабыз же аны анимацияга (кыймыл аракетке келтирип) айландыра алабыз. Видеолорду тексттик агымдын негизинде да жасоого болот. Сүрөттү өзгөртүү (мисалы, аны мультфильмге же анимеге айландыруу) “кол менен тартылган” деп же башка нерсе деп эсептелеби? Же бул адамдын түздөн-түз аракетине эмес, алгоритмдерге таянган “автоматташтырылган генерация деп эсептелеби?

Жооп: Уа алейкум ассалам уа рахматуллоохи уа баракаатуху.

Сиздердин суроолоруңуздар окшош болгондуктан, ага чогуу жооп мындай:

Биринчиден: Жасалма интеллект программалары адамзат үчүн ачылган чоң жана кенен эшик болуп калды. Жасалма интеллект – бул Жараткандын Улуулугу жана Кудуретинин далили, Ага чексиз мактоолор болсун.

﴿عَلَّمَ الْإِنْسَانَ مَا لَمْ يَعْلَمْ﴾،

Ал (Аллах) адамга билбеген нерселерин үйрөттү.

Анын натыйжасында адам өз күчү менен аткаруу кыйын болгон тапшырмаларды аткаруу  үчүн машиналарды, эсептөөлөрдү, алгоритмдерди жана компьютердик программаларды колдоно алды. Жасалма интеллект илимде жана колдонууда чоң секирик болуп саналат жана ал ыкмаларда жана мамилелерде, адамдардын жашоосунда жана жарандык прогрессте ж.б. чоң өзгөрүүлөрдү алып келе алат.

Экинчиден: Жасалма интеллект бир гана тармак менен чектелбейт.

Тескерисинче, ал илим, билим жана колдонуу тармактары сыяктуу эле ар тараптуу… Аны саламаттыкты сактоо, медицина жана ооруканалар тармактарында, илим жана ойлоп табууларда, билим берүү тармагында, аскердик жана согуштук иште, ошондой эле ар кандай искусство тармактарында натыйжалуу колдонсо болот.. ж.б.у.с. Бардык илимдер жана ойлоп табуулар сыяктуу эле, ал адамдар аны жакшылык же жамандык үчүн колдонушу мүмкүн. Аны  адамзаттын жыргалчылыгы үчүн, адамдарга чоң пайда алып келүү үчүн колдонсо болот же жамандык, бузукулук, адамдарды эзүү, аларга каршы кылмыш жасоо жана алардын акчасын адилетсиз тартып алуу үчүн да колдонсо болот… ж.б.

Үчүнчүдөн: Биз жооп бере турган суроо – бул фотография, чийүү, видеолор, роботтор жана башка ушул сыяктуу тармактарда жасалма интеллект программаларын колдонуу.

Бул суроого жооп алуу үчүн, биз төмөнкүлөрдү карап чыгабыз:

  1. Сүрөт тартуу, тилдик жактан алганда, жандыктын өзүнүн жаратылгандыгына окшош образын жаратуу, башкача айтканда, анын окшоштугун же үлгүсүн тартуу, жана жандыктын образы ага канчалык жакын болсо, чыгармачылык ошончолук күчтүү жана таасирдүү болот. Башкача айтканда, бир нерсени сүрөтүн тартуу дегенде ага окшоштук жаратуу дегенди билдирет… бири биринен айырмаланбаган окшоштук…

Ал эми   “нерсенин” ар кандай аспап аркылуу (копия кылуу) көчүрүлүшү сүрөт тартуу сөзүнүн маанисине кирбейт. Тыюу салынган сүрөткө тартууга “тирүү жандыкты” чагылдырган сүрөттөр кирет.  Аспап аркылуу көчүрүлүшү эмес. Ал эми “нерсени” сүрөткө тартуу – бул ага окшош нерсени кол менен, камера менен же башка аспап менен, кургактыкта ​​же абада тартуу.

  1. Тыюу салынган сүрөткө тартуу тирүү жандыктын сүрөтү экендиги төмөнкү далилдер менен байланыштуу:

صحيح البخاري -… عَنْ سَعِيدِ بْنِ أَبِي الْحَسَنِ قَالَ: كُنْتُ عِنْدَ ابْنِ عَبَّاسٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا: إِذْ أَتَاهُ رَجُلٌ فَقَالَ: يَا أَبَا عَبَّاسٍ إِنِّي إِنْسَانٌ إِنَّمَا مَعِيشَتِي مِنْ صَنْعَةِ يَدِي وَإِنِّي أَصْنَعُ هَذِهِ التَّصَاوِيرَ. فَقَالَ ابْنُ عَبَّاسٍ: لَا أُحَدِّثُكَ إِلَّا مَا سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ ﷺ يَقُولُ، سَمِعْتُهُ يَقُولُ: «مَنْ صَوَّرَ صُورَةً فَإِنَّ اللَّهَ مُعَذِّبُهُ حَتَّى يَنْفُخَ فِيهَا الرُّوحَ وَلَيْسَ بِنَافِخٍ فِيهَا أَبَداً» فَرَبَا الرَّجُلُ رَبْوَةً شَدِيدَةً وَاصْفَرَّ وَجْهُهُ فَقَالَ: وَيْحَكَ إِنْ أَبَيْتَ إِلَّا أَنْ تَصْنَعَ فَعَلَيْكَ بِهَذَا الشَّجَرِ كُلِّ شَيْءٍ لَيْسَ فِيهِ رُوحٌ

А. Сахих аль-Бухариде келишинче, Саид ибн Абу аль-Хасандын айтымында, ал мындай деген: Мен Ибн Аббас менен бирге болчумун, Аллах экөөсүнө тең ыраазы болсун: Анан бир киши келип: “Эй, Абу Аббас, мен өз колум менен тапкан тиричилигим менен алектенген адаммын жана мен бул сүрөттөрдү тартам, – деди. Ибн Аббас мындай деди: Мен сага Аллахтын Элчисинен (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) уккандарымды гана айтып берем. Мен анын: “Кимде-ким сүрөт жасаса, Аллах аны ага жан киргизгенге чейин жазалайт, ал эч качан ага жан киргизе албайт”, – деп айтканын уктум. Ал киши абдан ачууланып, жүзү кубарып кетти, ошондуктан  Аббас: “Сага кайгы болсун! Эгер сен муну кылууну кааласаң, анда бул даракты, жаны жок нерселердин баарын колдонушуң керек”, – деди.

صحيح البخاري -… عَنْ عُبَيْدِ اللَّهِ عَنْ نَافِعٍ أَنَّ عَبْدَ اللَّهِ بْنَ عُمَرَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا أَخْبَرَهُ أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ ﷺ قَالَ: «إِنَّ الَّذِينَ يَصْنَعُونَ هَذِهِ الصُّوَرَ يُعَذَّبُونَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ يُقَالُ لَهُمْ أَحْيُوا مَا خَلَقْتُمْ»

Б. Сахих аль-Бухариде келишинче, Убайдуллахтын, Нафиьнин риваятына ылайык, Абдулла бин Умар (Аллах экөөнө тең ыраазы болсун) ага Аллахтын Элчиси, (Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай дегенин кабарлаган: “Бул сүрөттөрдү жасагандар Кыямат күнү азапталат. Аларга: Жараткан нерселериңерге жан бергиле”, – деп айтылат.

صحيح مسلم -…. عَنْ نَافِعٍ عَنْ الْقَاسِمِ بْنِ مُحَمَّدٍ عَنْ عَائِشَةَ أَنَّهَا اشْتَرَتْ نُمْرُقَةً فِيهَا تَصَاوِيرُ فَلَمَّا رَآهَا رَسُولُ اللَّهِ ﷺ قَامَ عَلَى الْبَابِ فَلَمْ يَدْخُلْ فَعَرَفْتُ أَوْ فَعُرِفَتْ فِي وَجْهِهِ الْكَرَاهِيَةُ فَقَالَتْ: يَا رَسُولَ اللَّهِ أَتُوبُ إِلَى اللَّهِ وَإِلَى رَسُولِهِ فَمَاذَا أَذْنَبْتُ؟ فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ: «مَا بَالُ هَذِهِ النُّمْرُقَةِ؟» فَقَالَتْ: اشْتَرَيْتُهَا لَكَ تَقْعُدُ عَلَيْهَا وَتَوَسَّدُهَا فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ: «إِنَّ أَصْحَابَ هَذِهِ الصُّوَرِ يُعَذَّبُونَ وَيُقَالُ لَهُمْ أَحْيُوا مَا خَلَقْتُمْ»

В. Сахих Муслимде келишинче, Нафиьден, ал-Касым ибн Мухаммаддан, ал-Айша (р.а)дан риваят кылат: Ал сүрөттөрү бар жаздык сатып алган Аллахтын Элчиси аны көргөндө эшиктин алдында туруп, ичкери кирген эмес, мен анын бул жаздыкты жактырбаганын билдим же анын жүзүндөн билинди, ошондуктан  Ал: “Оо, Аллахтын элчиси, мен Аллахка жана Анын элчисине тообо кылдым. Мен кандай күнөө кылдым?» – деди. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун): Бул жаздыктын эмне кереги бар? – деп сурады. Ал: Мен аны сен отуруп, жаздык катары колдонууң үчүн сатып алдым, – деди. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун): Бул сүрөттөрдү жасагандар азапталат жана аларга: Жараткан нерсеңерге жан бергиле, – деп айтылат”, – деди.

Г. Жансыз нерселерди сүрөттөөгө уруксат берилгендиги:

Экинчи шахсия китебинин “Сүрөткө тартуу” бөлүмүндө айтылат: Хадистерде дарактар ​​жана ушул сыяктуу жансыз нерселерди сүрөткө тартуунун уруксаты ачык айтылган.

ففي حديث أبي هريرة: «فَمُرْ بِرَأْسِ التِّمْثَالِ يُقْطَعْ فَيُصَيَّرَ كَهَيْئَةِ الشَّجَرَة» (أخرجه أحمد وكذلك أخرجه الترمذي وأبو داود)

Абу Хурайранын хадисинде: “Айкелдин башын кесип, дарак формасына келтирүүгө буйрук бер” (Ахмад, ошондой эле ат-Тирмизи жана Абу Давуд риваят кылышкан). Бул дарактын сүрөтүнүн эч кандай таасири жок дегенди билдирет.

 وفي حديث ابن عباس (قال سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ ﷺ يَقُولُ: «كُلُّ مُصَوِّرٍ فِي النَّارِ يَجْعَلُ لَهُ بِكُلِّ صُورَةٍ صَوَّرَهَا نَفْساً فَتُعَذِّبُهُ فِي جَهَنَّمَ، وقَالَ: فإِنْ كُنْتَ لَا بُدَّ فَاعِلاً فَاصْنَعْ الشَّجَرَ وَمَا لَا نَفْسَ لَهُ» (أخرجه مسلم)

Ибн Аббастын хадисинде ал мындай деген: Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай деп айтканын уктум: “Ар бир сүрөтчү тозокто болот жана ал жасаган ар бир сүрөт үчүн аны тозокто азаптоо үчүн жан жаратылат”. Ал ошондой эле: Эгер сен ушуну эле кылгың келсе, анда жаны жок дарактарды жана нерселерди жаса”, – деп айткан. (Муслим риваят кылган) цитата аяктады.

Жогорудагы нусустардагы тыюу тирүү жандыкка гана тиешелүү жана (حتى ينفخ فيها الروح) (ага рух үйлөнгөнгө чейин)  деп көрсөтүлгөндөй, жалпы эмес, жандуу нерсеге гана тиешелүү. Ал эми дарактарды жана ушул сыяктуулар мындан истисна болгон (буга кирген эмес), тыюу салынган сүрөт тирүү жандыктын сүрөтү. Ошондуктан,  сүрөткө тартуунун арамдыгы  тууралуу  келген башка абсолюттук же жалпы насстар  усул эрежесине ылайык мукаййадга (чектелген) жана  хоос (конкреттүү)  насстардын алкагында чечмеленет.

Башкача айтканда, сүрөт тартууну жалпы арам кылып келген хадистер мисалы:

(عن ابن عمر أن رسول الله ﷺ قال: «إِنَّ الَّذِينَ يَصْنَعُونَ هَذِهِ الصُّورَةَ يُعَذَّبُونَ يَوْمَ الْقِيَامَة

Ибн Умардын риваятында, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мындай деген: “Бул сүрөттү жасагандар Кыямат күнү азапталат”.

وعن ابن عباس قال: سمعت رسول الله ﷺ يقول: «كُلُّ مُصَوِّرٍ فِي النَّارِ

Ал эми Ибн Аббастын риваятында ал мындай деген: Мен Аллахтын элчисинин, (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мындай дегенин уктум: “Ар бир сүрөтчү тозокто”. Жана ушул сыяктуулар мукаййадка чектелет.

  1. Ал эми тирүү жандыкты сүрөткө тартуунун вакыйы жаны бар жандыкдын окшошун тартууну камтыйт. Аны аспап аркылуу копия кылууну (көчүрүүнү) камтыбайт. Муну төмөнкү далилдер тастыктайт:

А. Сахих аль-Бухаринин шархы “Умдат аль-Кариде”… момундардын энеси Айшанын Аллах андан ыраазы болсун хадиси жөнүндө мындай деп айтылат:

قَدِمَ رسولُ الله ﷺ، مِنْ سَفَر وقَدْ سَتَرْتُ بِقِرَامٍ لي عَلَى سَهْوَةٍ لي فِيهَا تَماثِيلُ، فَلَمَّا رآهُ رسولُ الله ﷺ، هَتَكَهُ وَقَالَ: «أشَدُّ النَّاسِ عَذَاباً يَوْمَ القِيامَةِ الَّذِينَ يُضاهُونَ بِخَلْقِ الله..

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун), сапардан кайтып келгенде, мен текчени сүрөтү бар парда менен жаап койгон элем. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) аны көргөндө, аны жыртып салып: “Кыямат күнү эң катуу азапка дуушар боло тургандар Кудайдын жаратканын туурагандар…” – деди.

Б. Ибн Хажардын “Фатх аль-Бари” китебинде ушул эле хадис жөнүндө мындай деп айтылат: «أَشَدُّ النَّاسِ عَذَاباً يَوْمَ القِيَامَةِ الَّذِينَ يُضَاهُونَ بِخَلْقِ اللَّه» “Кыямат күнү эң катуу азапка дуушар боло тургандар, Кудайдын жаратуусун туурагандар”. Алар Кудайдын жаратуусун туурашат, башкача айтканда, алар өздөрүнүн кылган иштерин Кудайдын жасаган иштерине салыштырышат… жана Муслимдеги аль-Касымдын риваятындагы Зухринин риваятында: “Аллахтын жаратуусун туурагандар…” деп айтылат.

Ошондуктан, тыюу салынган сүрөттөр – бул Аллахтын жаратуусун туурап тирүү жандыкты чагылдырган сүрөттөр. Сүрөткө тартуу Аллахтын жаратуусуна канчалык окошошкон сайын, образ ошончолук чыгармачыл болот. Ошондуктан, кээ бир хадистерде “Аллахтын жаратуусун туурагандар” башка хадистерде (сүрөтчүлөр) деп аталган.

عن ابن مسعود رضي الله عنه قال: سمعت رسول الله ﷺ يقول: «إِنَّ أَشَدَّ النَّاسِ عَذَاباً يَوْمَ الْقِيَامَةِ الْمُصَوِّرُونَ» متفق عليه

Ибн Масуд Аллах андан ыраазы болсун айтты: Мен Аллахтын Элчисинин ага Аллахтын салам-салаваттары болсун мындай дегенин уктум: “Кыямат күнү эң катуу азапка дуушар боло тургандар – сүрөтчүлөр”.  (Муттафакун алейхи).

سنن النسائي -… عَنْ مُسْلِمِ بْنِ صُبَيْحٍ عَنْ مَسْرُوقٍ عَنْ عَبْدِ اللَّهِ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ: «إِنَّ مِنْ أَشَدِّ النَّاسِ عَذَاباً يَوْمَ الْقِيَامَةِ الْمُصَوِّرُونَ» وَقَالَ أَحْمَدُ: الْمُصَوِّرِينَ

Сунан ан-Насаиде келишинче, Муслим ибн Субайхтан, Масруктан, Абдуллахтан, ал мындай деген: Аллахтын Элчиси (ага Алланын салам-салаваты болсун): “Чындыгында, Кыямат күнү эң катуу азапка дуушар боло турган адамдардын арасында сүрөтчүлөр бар”, – деп айткан. Ал эми Ахмад: “Сүрөтчүлөр”, – деп айткан.

1969-жылдын 23-мартында Негиздөөчү амир, Аллах Таала ага ырайым кылсын, берилген суроого жообунда мындай деп айтылган:

وقال ﷺ: «يَا عائِشَةُ أَشَدُّ النَّاسِ عَذَاباً عِند اللَّهِ يَوْمَ القيامةِ الَّذينَ يُضاهُونَ بِخَلقِ اللَّهِ» أي الذين يصورون

Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай деген: “Эй Айша, Кыямат күнү Аллахтын алдында эң катуу азапка дуушар боло тургандар – бул Аллахтын жаратканын туурагандар”, башкача айтканда, сүрөт тарткандар.

Тууроо же окшоштуруу арамдыкка  иллет эмес.  Ошондуктан, жогоруда айтылгандай, жансыз дарактарды жана башка нерселерди тартууга уруксат берилген. Бирок тирүү жандыкты тууроо же окшоштурууга тыюу салынган нерсе, сүрөттү сүрөттөө болуп саналат. Башкача айтканда иллеттин белгилүү бир вакыйга колдонулушу бабына кирет. Эгерде сүрөт Аллахтын жаратуусуна окшош болсо, анда ага тыюу салынат. Бирок, эгерде сүрөт жандыктын өзүнүн көчүрмөсү болсо, анда ага тыюу салынбайт, анткени жандыкты сүрөттөө анын маңызын эмес, ага окшош үлгүнү же форманы көчүрүү аркылуу болот. Затты көчүрүп басуу (ксерекопия): (Бул адамды сүрөткө тартуу эмес, андан үлгү алуу маанисинде, тескерисинче, адамдын өзүн жана нерсенин өзүн эле көчүрүү болуп саналат. Башкача айтканда анын окшошу эмес. Ошондуктан, сүрөткө тартууга тыюу салган хадис ага тиешелүү эмес, ошондой эле аны камтыбайт. Бул нерсенин вакыйына өкүм бериш үчүн далилдерди издөө эмес, иллеттин белгилүү бир вакыйга колдонулушу  бабына кирет. Анан ал эмне экени изилденип, ага карата өкүм чыгарылат. 1969-жылдын 23-мартындагы суроого берилген жоопто айтылгандай.

Төртүнчү: Жогорудагылардын негизинде биз төмөнкү суроолорго жооп беребиз:

  1. Биз сүрөт тартуу, скульптура (айкелдер) жана фотография жөнүндөгү өкүмдөрдү китептерибизде (шахсия экинчи китеп) жана жарыялаган суроолорго жоопторубузда, анын ичинде 2017-жылдын 19-мартындагы суроого жоопто көптөгөн деталдарды жана далилдерди камтыган маалыматтарды түшүндүрдүк. Биз тирүү жандыктардын (балдардын оюнчуктарынан тышкары) айкелдерин кол менен тартуу жана жасоо ислам шариаты боюнча тыюу салынганын, эгерде ал адамдын күчү менен жасалса, анткени бул жаратылышты туурап жасалгандыгы үчүн арам экендигин, түшүндүрдүк. Далилдер кеңири берилген суроо жоопко кайрылсаңыз болот.
  2. Компьютер ойлоп табылгандан кийин, чычкандын жардамы менен чийме программаларын колдонуп, тирүү жандыктарды тартуу жана сүрөткө тартуу мүмкүндүгү пайда болду. Компьютердик чийүүдө бул чийүү жана фотография жаатында олуттуу өзгөрүүгө алып келди, анткени фотографтар азыр чиймелерди жана сүрөттөрдү тартуу үчүн программалык камсыздоонун мүмкүнчүлүктөрүн колдонушат. Бирок адамдын күчү менен тартылган сүрөт жаратылганды тууроо ошол бойдон эле калды,  жаратылган  менен  анын окшоштук сүрөтү канчалык күчтүү болсо, чыгармачылык ошончолук күчтүү болот…
  3. Аспап аркылуу сүрөткө тартууга келсек, ал уруксат берилген, ага тыюу салынган эмес, анткени ал нерсенин өзүнүн көчүрмөсү жана анын окшошу эмес. Далилдердин арасында:

А. 1969-жылдын 23-мартындагы суроого берилген жооптон: Фотографиялык сүрөткө келсек… ал күзгүгө окшош. Күзгү ошол эле нерсени чагылдыргандай эле, фотоаппарат да ошол эле нерсени чагылдырат. Аппарат тарткан нерсе, чийме же форма болбогондон тышкары, адамдын сүрөтү да эмес. Бул адамды сүрөткө тартуу эмес, андан үлгү алуу маанисинде, тескерисинче, адамдын өзүн жана нерсенин өзүн эле көчүрүү болуп саналат. Башкача айтканда анын окшошу эмес. Ошондуктан, сүрөткө тартууга тыюу салган хадис ага тиешелүү эмес, ошондой эле аны камтыбайт. Бул нерсенин вакыйына өкүм бериш үчүн далилдерди издөө эмес, иллеттин белгилүү бир вакыйга колдонулушу бабына кирет. Анан ал эмне экени изилденип, ага карата өкүм чыгарылат. Чындыгында, бул чиймелеп же түзүлүшүн түзүп тартуу эмес, болгону көчүрүү же чагылыш. Ошондуктан, ага сүрөткө тартуу эрежеси колдонулбайт, ошондуктан ал андан чыгарылат жана күзгүгө тиешелүү өкүм ага тиешелүү, же ал уруксат берилген нерселерге байланыштуу жалпы мубахтардын астына кирет. Ошондуктан, аспап аркылуу сүрөткө тартууга тыюу салынган эмес. (05 Мухаррам 1389 – 23-март 1969).

Б.  1971-ж, 22-январда суроого берилген жооптон: сүрөт тартуу бул адамдын сүрөтүн тартуу жана ташты чегип сүрөт тартуу жана башка нерселер. Аллах Таала мусулманга кандайдыр бир тирүү жандыкты түз сүрөткө тартууга тыюу салган. Кагазга, кийимге, дубалга же башка нерсеге тартылган сүрөт болсун, мусулманга ташка, идиш-аякка же башка нерсеге чегилген сүрөт болсун, тирүү жандыктын сүрөтүн түз эле чегүүгө тыюу салынат. Мусулман адамга тирүү жандыктын сүрөтүн тартууга же оюп түшүрүүгө, ал териге, дубалга гипс же чегүү менен, же кийимге боёк же башка нерселер менен тартылган сүрөт тартууга же гравюрага окшош нерселерге тыюу салынат. Ошондуктан, “сүрөткө тартуу” деген сөздүн тилдик аныктамасына кирген нерселердин баары, анын ичинде скульптура, сүрөт тартуу, гравюра жасоо, басып чыгаруу ж.б. мусулмандар үчүн тыюу салынган. Бирок, тилдик маанидеги сүрөткө тартуу маанисине кирбеген нерсеге тыюу салынбайт. Ошондуктан, аспап аркылуу сүрөткө тартуу, спутниктик сүрөттөр жана башка  түрлөрүнө тыюу салынбайт. (22.01.1971).

  1. Жасалма интеллектти колдонуп, тирүү жандыктардын сүрөттөрүн, чиймелерин же видеолорун жасоого келсек, анын вакыйы мындай:

А. Адам жасалма интеллект программасына текст жазып, бул текстти тирүү жандыктын сүрөттөрүн түзүү үчүн колдонууну суранат, мисалы: (Белгилүү бир президенттин спорттук кийимдеги сүрөтү). Андан кийин жасалма интеллект программасы каалаган президенттин спорттук кийимдеги сүрөтүн, сүрөт же чийме түрүндө  түзөт… ж.б.у.с.  Бул видео өндүрүшкө да тиешелүү. Адам программадан белгилүү бир мүнөздөмөлөрү бар видео тартууну сурана алат. Мисалы, программа белгилүү бир дин кызматкеринин жума күнкү насаатынын видеосун чыгарышы мүмкүн. Программа колундагы маалыматты колдонуп, зарылчылыкка жараша ушул дин кызматкеринин жума күнкү насаатынын видеосун чыгарат… ж.б.у.с.

Б. (Төртүнчүнүн 1 жана 3) пунктунда айтылгандарга таянып, эгерде сүрөт ошол эле нерсенин көчүрмөсү болсо, мисалы, сүрөттүн өз ордунда жана өз убагындагы көчүрмөсү болсо, анда мунун эч кандай жаман жери жок. Бирок, эгерде сүрөт нерсенин жаралышы жагынан ага  окшоштуруу болсо, башкача айтканда, кол менен же компьютерде түзүлгөн сүрөт сыяктуу болсо, анда ага уруксат берилбейт. Анткени  хадистеги “сүрөткө тартуу” деген сөз ага тиешелүү б.а. “алар Аллахтын жаратуусун туурашат” деген хадиске тиешелүү.  Эгерде бул сүрөткө реалдуу эмес б.а. чындыкка коошпогон  нерселер кошулса, мисалы, анын жүзүнүн контурларын же кийген кийиминин түрүн өзгөртүү, же ал жок кезде жума күнү кутба окуп жатканын көрсөтүү, же өлгөн адамдын элесин түзүү ж.б. Башкача айтканда, эгерде сүрөт сүрөттөлгөн адам менен бирдей убакта жана жерде көрсөтүлбөсө, анда бул тыюу салынгандан тышкары, алдоо, калп айтуу жана зыян келтирүүгө каршы тыюу салынгандын катарына кирет… Бул чындыкты бурмалоо үчүн сүрөттөрдү манипуляциялоого кирет.

قَالَ النَّبِيُّ ﷺ: «الْخَدِيعَةُ فِي النَّارِ وَمَنْ عَمِلَ عَمَلاً لَيْسَ عَلَيْهِ أَمْرُنَا فَهُوَ رَدٌّ» أخرجه البخاري.

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун): “Алдоо тозокко алып барат, ким биздин буйругубузга туура келбеген амалды жасаса, ал кабыл алынбайт” – деп айткан. Аль-Бухари риваят кылган.

قال رسول الله ﷺ: «لَا ضَرَرَ وَلَا ضِرَارَ» أخرجه أحمد.. وأخرجه ابن ماجه، والحاكم في المستدرك

Алланын Элчиси (ага Алланын салам-салаваты болсун): “Зыян келтирүү да, зыян берүү да болбошу керек” – деп айткан (Ахмад, Ибн Мажа жана Хаким Мустадрак китебинде риваят кылышкан).

قال الرسول ﷺ: «وَإِنَّ الْكَذِبَ يَهْدِي إِلَى الْفُجُورِ وَإِنَّ الْفُجُورَ يَهْدِي إِلَى النَّارِ» وأخرجه مسلم بلفظ «وَإِيَّاكُمْ وَالْكَذِبَ فَإِنَّ الْكَذِبَ يَهْدِي إِلَى الْفُجُورِ وَإِنَّ الْفُجُورَ يَهْدِي إِلَى النَّارِ

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун), мындай деген: “Чындыгында, калп айтуу бузукулукка, ал эми бузукулук тозокко алып барат”. Муслим муну мындайча риваят кылган: “Калп айтуудан сактангыла, анткени калп айтуу бузукулукка, ал эми бузукулук тозокко алып барат”.

Ошондуктан, бир нерсенин чындыгын өзгөртүп, аны чыныгы абалынан башкача кылып көрсөткөн сүрөт, бул калп жана алдамчылык, ал жараксыз же уруксат берилген эмес. Ошо сыяктуу эле, жогорудагы далилдерге таянып, сүрөткө тартылган корголгон адамга чындыкка дал келбеген жол менен зыян келтирүү да жараксыз же уруксат берилген эмес. Бул сүрөттөрдү жасоо үчүн жасалма интеллект программаларын колдонгон адам күнөө кылып жатат… жана эгерде ал сүрөттөр жана видеолор төмөнкүлөр болсо, күнөө ого бетер күчөйт:

Пайгамбарлардын ыйыктыгынан улам элчилердин жана пайгамбарлардын сүрөттөрүн жаратуу (аларга Аллахтын дубалары жана тынчтыгы болсун) же аларды чагылдырган жана алардын үндөрү менен сүйлөгөн видеолорду жаратуу. Пайгамбарды Аллах Таала пайгамбарлык жана рисалат катары тандап алган жана бул ага гана таандык артыкчылык, башка эч бир адамга берилген эмес. Вахий алган пайгамбардын же элчинин сүрөтүн же видеосун жаратуу – бул алардын рисалаатына кол салуу жана пайгамбарлыкка татыктуу баа бербөө. Рисалатын чыныгы баалуулугун баалабай коюу Пайгамбарга карата чоң адилетсиздик болуп саналат. Куфр идеяларын жайылткан, адеп-ахлаксыздыкты жана бузукулукту жайылткан, же адамдардын ар-намысын бузган, же башка бардык тыюу салынган аракеттерди жана сөздөрдү жайылткан сүрөт же видео түзүү арам.

Менин оюмча, бул маселеде эң ыктымалдуу натыйжа ушул. Аллах эң жакшы билүүчү жана өкүмдар.

Боордошуңар Ато бин Халил Абу Рушта.

1447-х,18-жумаадил аахир.

2025-ж, 9-декабрь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button