Жаңы бир кордук: Газа эли эки жыл бою геноцид астында ташталып, эми сууктан каза болууда!

Басма сөз баянаты
Жаңы бир кордук: Газа эли эки жыл бою геноцид астында ташталып, эми сууктан каза болууда!
Басып алынган Палестина аймактарында кырсыктар тынбай уланууда. Халифалык мамлекети кыйратылгандан бери анын башкаруучусу бир кезде: «Палестина — ата-бабаларым өз кандары менен сугарган жер. Эгер бир күнү Халифалык мамлекети кыйратылса, аны акысыз эле тартып аласыңар» — деп айткан эле. Анын ордун «мандат» деп аталган британ баскынчылыгы баскан күндөн тартып бүгүнкүгө чейин Британия түзүп берген жана бүгүн Батыш бардык малы, курал-жарагы, билими жана күчү менен колдоп жаткан яхудий түзүмү берекелүү жердин элин кырып келүүдө. Кичүүнү да, улууну да аёосуз жазалоодо, туткундарды өлтүрүү жана дарга асуу менен коркутууда, ал эми дүйнө карап гана турат. Ал көп жылдан бери Газаны курчоодо кармап, элестетүүгө да болбой турган жапайы бомбалоону улантып келет. Мунун натыйжасында жетимиш миңден ашуун адам шахид болду. Ислам үммөтү болсо өз армиялары жана аалымдары менен сокурдай карап, дүлөйдөй тыңшап, кордолгон аялдардын кыйкырыгын көрмөксөн, укмаксан болууда!
Курчоонун узак жылдары жана эки жылга созулган бомбалоо, уул-кыздарды жана жолдошторду өлтүрүү учурунда, Газадагы Хансалар эч кандай жардамчысыз туруштук берип, теңдешсиз сабыр менен эрдик көрсөтүштү. Алар бүгүн да азап чегип келишет. Бирөөлөрү шахиддин энеси, бирөөлөрү шахиддин жубайы, айрымдары колу-буту кесилген балдардын энеси, же урандылардын астында дайынсыз жоголгондордун жакыны, же туткундагы жолдошун күтүүдө…
Согушту токтотуу тууралуу кагаз жүзүндөгү келишимден кийин да, ортомчулар, башкаруучулар жана сүйлөшүү жүргүзгөндөр Газага карата кутумун улантууда. Бул эми жөн гана таштап коюу же шалаакылык эмес, ачык кутум. Алар курчоону улантып, секторго жашоонун негизги шарттарын киргизүүгө бөгөт коюшууда. Газанын эркек-аял, балдары күн сайын жасап жаткан кайрылууларга эч кандай жооп бербей жатышат. Кыш кириши менен сектор түз мааниде чоң көлгө айланды. Бирок ал көл калчылдап турган денелерге жана чатырдын ордун басышы керек делген ун каптарынын калдыктарына толуп турат, дүйнө болсо ошол нерселер денелерге жылуулук берүүгө жетиштүү деп өзүн өзү ишендирип келет! Бул катуу сууктан асманга көтөрүлүп жаткан балдардын көз жашына, кайгырган энелердин жана балдарын бул өлүмгө алып келүүчү сууктан коргоого чара таппай, жол таппай ыйлап жаткан аталардын көз жашына аралашкан көл.
Эй үммөт, Пайгамбар ﷺ айткан:
«مَا آمَنَ بِي مَنْ بَاتَ شَبْعَانَ وَجَارُهُ جَائعٌ إِلَى جَنْبِهِ وَهُوَ يَعْلَمُ بِهِ».
«Кошунасынын ачка экендигин билип туруп, өзү ток абалда таң ашырган киши бизден эмес».
Газа эли мусулман өлкөлөрүнүн так ортосунда ачка, суусап, атүгүл сууктан өлүп жатышат. Бүгүнкү күнгө чейин катуу суукка байланыштуу 14 ыймандуу жан, алардын ичинде 6 бала, курман болду. Бул суук аба ырайы, жааган нөшөрлүү жамгырлардын айынан болуп, Газа шаарынын ар кайсы кварталдарында болжол менен 15 үйдүн урашына алып келди. Жарандык коргонуу кызматтары жүздөгөн чакырык жана жардам суроолор менен иш алып барууну улантууда. Алардын айтымында, жер которгон адамдардын 27 000ден ашуун чатыры суу алдында калган, сел агып кеткен же катуу шамал жулуп кеткен.
Газа элинин тили менен айтканда: катуу бомбалоодон куткарбадыңар, эми катуу сууктан өлүүдөн куткарасыңарбы? Биз, «Хизб ут-Тахрир» партиясынын Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар бөлүмү, бул тирүү үммөткө жардам сурап үн салабыз: «Алсыроонун кийимин чечип, көтөрүлүп, аны алгачкы жолуна кайтарууга убакыт жетпедиби? Газа улуулук жолун баштаган, анда эмнеге анын колун кесип, жолду улантууну токтоттуңар?!»
Бул ыймандуу коомго жасалган жардам чакырыгы. Газанын шахиддери Аллахтын ырайымында. Андыктан Газаны мындан ары да таштап койбогула, болбосо Аллахтын ырайымы силерден өтүп, башкаларга жетип калбасын!
﴿إِنَّ فِي هَذَا لَبَلَاغَاً لِقَوْمٍ عَابِدِينَ﴾
«Албетте, мына ушул (Куранда) ибадат кылуучу коом үчүн жетээрлик нерсе бар». (Анбия: 106)
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү
Аялдар бөлүмү
18.12.25




