
Жаңы Жакынкы Чыгыш модели (1)
Америка гегемониясыбы же Ислам жана Халифалыкпы?
Профессор Мухаммад Малкави
Кириш сөз
Жакынкы Чыгыш — Биринчи дүйнөлүк согуш аяктагандан тартып, бүгүнкү күнгө чейин — айрыкча Стамбулдагы Халифалык мамлекети кыйрагандан кийин дүйнөлүк державалардын сыноо аянтчасы жана таяныч борбору болуп келген. Экинчи дүйнөлүк согуштун акыры (1945-жылдан кийин) Европанын Жакынкы Чыгышты майда мамлекетчелерге бөлүп, аларды колониялаштырып, Биринчи дүйнөлүк согуштан бери өз көзөмөлүнө өткөргөн империялардын кулашына алып келди.
Ошондон кийин Америка Кошмо Штаттары Европа империализминен кийинки жетекчилик жүгүн өз мойнуна алып, «Жаңы Жакынкы Чыгыш модели» (New Middle East Paradigm) деп аталган жаңы үлгүнү түздү. Бул модел Жакынкы Чыгышта ички туруктуулукту камсыз кылууну, мунайдын үзгүлтүксүз агымын, саясий таасир жана идеологиялык үстөмдүктүн улануусун көздөп түзүлгөн.
Мисирден тартып Иран, Ирак, Сирия, баскынчы түзүм жана Булуң падышалыктарына чейин бул модел мурунку колониялык вассалдыкты жаңы кыйыр үстөмдүк структурасына алмаштырды. Бул үстөмдүктүн маңызы түздөн-түз басып алуу эмес, тескерисинче, аймактын ичинен башкаруунун улануусунда жатат. Бул ошол эле системага кирген өлкөлөрдүн өз ичиндеги альянстар, төңкөрүштөр жана экономикалык көз карандылык аркылуу ишке ашырылат. Натыйжада, үстөмдүктүн чыгымы азайып, таасири күчөп, туруктуулугу камсыздалат.
Америка Кошмо Штаттары өзүн бул системанын күзөтчүсү жана башкаруучусу катары коюп, Ислам дүйнөсүн бириктире ала турган жана анын үстөмдүгүнөн чыгарчу ар кандай фикирий кыймылдарды басуу үчүн ар дайым даяр турду. Натыйжада, узак мөөнөттүү тең салмак түзүлүп, америкалык булактар аны «4+2 модели» деп аташты.
Бул модел төрт аймактык тирөөчтөн турат: Иран, Түркия, Сауд Арабия жана баскынчы түзүм (израил), алардын артында болсо туруктуулук менен көз карандылыктын кепилдери катары эки мамлекет турат – АКШ жана Россия.
Бул моделге каршы Жакынкы Чыгыш аймагында он беш кылымдан бери тамыр жайган «1+0 модели» т.а. исламий альтернатива турат, башкача айтканда, Жакынкы Чыгыш чыныгы туруктуулукка бир гана Ислам Халифалыгы аркылуу жетет. Халифалык 1924-жылы кулаган, бүгүн болсо аны кайра тикелөө аракети жүрүүдө, анткени бул мамлекет аймактын эгемендүүлүгүн өз Үммөтүнө кайтарып, аны чыныгы коопсуздук жана туруктуулукту камсыз кылуучу бирдиктүү түзүмгө айлантат.
Ушул эки модел ортосундагы күрөш тынымсыз уланып келгени өзгөчө Газа, Сирия, Йемен, Ливия жана Алжир сыяктуу кризистер менен согуштар маалында айкын көрүнөт.
Империализмден кийинки амбициялар жана үстөмдүктүн жаралышы
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Вашингтон салттуу империялык башкаруу Жакынкы Чыгыштын геосаясатын көзөмөлдөөгө жарабай калганын түшүндү. Ошондо Президент Гарри Трумандын доорундагы АКШнын Мамлекеттик катчысы болгон Дин Ачесон Европанын империализминен кийинки доорго карата жаңы концепция иштеп чыкты. Ал үч негизги принципке таянган:
- Европаны Маршалл планы аркылуу экономикалык жактан кайра куруу.
- Бреттон-Вудс келишимдери жана НАТО аркылуу дүйнөлүк тартиптин институционалдык архитектурасын түзүү.
- АКШга көз каранды союздаштарды түзүү, анын борбордук огу катары Жакынкы Чыгышты белгилөө.
Эйзенхауэр принциби (1957-ж.) жана жашыруун кийлигишүүлөр аркылуу үстөмдүктүн орношу:
1950-жылдардан тартып АКШ Эйзенхауэр принциби жана бир катар жашыруун операциялар аркылуу Британиянын таасирин – анын колониялык жүгүн көтөрбөстөн – четтетүү боюнча алгачкы кадамдарын жасады. Башталышында, CIAнын жашыруун катышуусу менен 1952-жылы Мисирдеги эркин офицерлер революциясы болду.
1956-жылы Суэц кризиси маалында Вашингтон Британия, Франция жана баскынчы түзүмдүн аскерлерин Мисирден чыгарууга мажбурлаганда дүйнөгө империялык бийлик Атлантика аркылуу Вашингтонго өткөнү ачык болду.
Андан кийинки ондогон жылдар АКШ коопсуздук келишимдери, аскердик базалар жана доллар менен бааланган мунай системасы аркылуу Жакынкы Чыгыштагы өзүнүн үстөмдүгүн чыңдады. 1973-жылдагы араб өлкөлөрү менен баскынчы түзүмдүн ортосундагы согуштан кийин нефтедоллар системасы алтындын ордуна АКШнын акча үстөмдүгүнүн негизи болуп калды. Ушундайча «Жаңы Жакынкы Чыгыш модели» экономикалык өлчөмдө да бекем орноду.
(4+2) Моделинин түзүлүшү:
(4+2) концепциясы 2018-жылы Брукингс борбору чыгарган «Жаңы Жакынкы Чыгыш геосаясаты» аттуу баяндамада расмий мүнөзгө ээ болуп, аймактык туруктуулукту башкаруу боюнча АКШ стратегиясын чагылдырат. Ал стратегия төрт негизги мамлекетке бөлүштүрүлгөн башкаруу системасын жана акыркы көзөмөлдү АКШ менен Россия аркылуу камсыздоону карайт.
Бул мамлекеттерди тандоо АКШнын чечим кабыл алуучу чөйрөсүнүн так эсептерине негизделген:
- Түркия: НАТО менен Ислам дүйнөсүн байланыштырган көпүрө; секулярдык жана исламий өзгөчөлүктөрдү айкалыштырган гибриддик күч; маанилүү экономикалык мүмкүнчүлүккө ээ.
- Иран: Америкага каршы риторикасына карабастан, региондук саясатта алмашкыс оюнчу. Иран Афганистандагы, Ирактагы жана Сириядагы позициялары аркылуу АКШ долбоорлорунун аймактык максаттарына кызмат кылып келет.
- Сауд Арабия Падышалыгы: эки ыйык мечитти (аль-Харам жана ан-Набавий) көзөмөлдөгөндүктөн, бул өлкө идеологиялык башкаруу ролун аткарат. Ал саясаттан бөлүнгөн диний түшүнүктү жайылтуу, нефтедоллар тутумун коргоо жана каржылык-геосаясий туруктуулук механизмин колдоо аркылуу иш жүргүзөт.
- Баскынчы түзүм (израил): Батыштын аскерий жана чалгындык чабуул базасы катары кызмат кылат. Анын кеңейүүчүлүк амбициялары стратегиялык ролу үчүн төлөм катары кабыл алынат.
Россиянын кепил катары кошулушу көп тараптуу мыйзамдуулуктун элесин жаратат жана АКШнын үстөмдүгүн «эл аралык тең салмак» өңүтүндө жашырат. Бул конструкциянын негизги максаты — Европа менен Кытайды четтетүү жана Вашингтонго БУУнун чектөөлөрүнөн тышкары аймактык кризистерди көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берүү.
Жылдар өтүп, айрыкча Сирия революциясы (2011–2024-ж) учурунда Россия АКШнын белгилеген сызыгынан чыкпаганы далилденди. Ал өз миссиясын «толук профессионалдуулук менен» аткарып, ролу бүткөндө талаадан чыгып кетти.
(4+2) түзүмүнүн карама-каршылыктары жана жалган туруктуулуктун кыйрашы:
Бирок (4+2) моделинин ички карама-каршылыктары терең жана түпкү мүнөзгө ээ. Ар бир тирөөч өлкө өзүнүн идеологиялык багыты боюнча башкалардан кескин айырмаланат. Мындан тышкары, баскынчы түзүм жүргүзгөн оккупация жана тынымсыз согуштар аталган системанын кепилденген туруктуулук жөнүндөгү идеяларын толугу менен жокко чыгарууда. Айрыкча Газадагы согуш жарандарга алып келген кыйроо жана кайгы-апаат бул моделдин ахлакый жана стратегиялык жактан банкрот болгонун ачык көрсөттү. Анткени ал коопсуздукту баш ийүү жана үстөмдүк менен теңеп, туруктуулукту зордук-зомбулук аркылуу сактоого аракет кылууда.
Исламий (1+0) көз карашы:
Буга карама-каршы түрдө “1+0” модели чыныгы туруктуулук бир гана биримдиктүү жана түпкү исламий саясий түзүм Исламий Халифалык мамлекетинен келип чыгат деп эсептейт. Бул модел тыштан таңууланган бөлүнүүнү четке кагат жана бийлик чек аралары колонизаторлор тарабынан белгиленген секулярдык улуттук режимдерге эмес, Аллах Таалага гана таандык деп баса белгилейт.
Бул көз караш Такийюддин Набхани сыяктуу ойчулдар жана «Хизб ут-Тахрир» сыяктуу кыймылдар тарабынан өнүктүрүлүп, Куран жана Сүннөткө негизделген, башкаруу, экономика жана сот системалары камтылган мамлекетти курууну максат кылат. Бул аргумент романтикалык же утопиялык эмес, структуралык жана реалдуу негизге ээ. Анткени, аймактагы биримдик күчтөрдүн тең салмактуулугу аркылуу эмес, 1924-жылга чейин Жакынкы Чыгыш аймагында ал хазарий туруктуулуктун чыныгы булагы болгон. Халифалык кулатылгандан бери болсо, саясий бөлүнүү ар дайым чет элдик кийлигишүүнүн жолун ачып келди.
Бул моделди колдогондордун пикирине ылайык, адилетсиздиктин, оккупациянын жана экономикалык көз карандылыктын уланышы ойгонуу зарылдыгына түрткү берет. Ар бир согуш же басынтуу толкуну Халифалыктын кайра кайтуусу жакындаганына болгон ишенимди күчөтөт. Айрыкча, азыркы режимдердин Газа согушу (2023–2025-ж) сыяктуу кризистер алдында алсыздыгы анык көрүнгөн учурда Халифалыкка болгон муктаждык артууда. Ошондуктан (1+0) модели идеологиялык альтернатива жана сөзсүз түрдө (4+2) моделинин кыйрашына алып келүүчү системалык жараканы күчөтүүчү булак болуп саналат.
Үстөмдүк жана туруктуулуктун иллюзиясы:
“4+2” моделинде Америка ар түрдүү ыкмаларды колдонгону менен үстөмдүктүн ыкмасы бир эле болгон. Каирде Коупленддин жашыруун катышуусунан, Иранда аскер башчыларын базалар жана курал-жарак аркылуу өзүнө тартууга, андан соң Ирактагы түз оккупацияга жана акырында Булуң өлкөлөрүндөгү падышалар менен хандарды өзүнө байлоого чейинки бардык учурларда натыйжа бир эле болду: АКШнын таасири эң аз чыгым жана эң чоң натыйжа менен бекемделди.
АКШ баскынчы түзүмгө туруктуулукту сактоочу төрт мамлекеттин бири катары борбордук рол бергенине карабастан, ал түзүм америкалык моделдин толук ишке ашуусуна тоскоол болуп калды. Батыштын алдыңкы аскерий базасы болуу менен бирге, ал аймактагы туруксуздуктун эң чоң булагы болуп саналат. Себеби, анын кеңейүүчүлүк табияты, өзөктүк жана аскердик үстөмдүккө умтулуусу жана кайталанып келген согуштары узак мөөнөттүү туруктуулукту ар дайым бузуп турат.
Бул нерсе айрыкча Газа согушун токтотууну көздөгөн «Тынчтык конференциясынан» кийин айкын болду. Келишимге кол коюлгандан бир жума өтпөй Трамп администрациясы вице-президент Венсти, атайын өкүл Стив Виткофту жана Жаред Кушнерди Нетаньяхуга жөнөтүүгө аргасыз болду. Анткени яхудий түзүмү өзүнүн кеңейүү, көчүрүү жана стратегиялык үстөмдүк долбоорлоруна (айрыкча Ирандын өзөктүк маселесинде) кызмат кылган туруктуу чыңалууну аймакта атайылап сактап турат.
Мындан да ашып, бул түзүм Катардагы сүйлөшүү делегациясына сокку урган, анткени ал сүйлөшүү уланса, жакында келишим түзүлүшү мүмкүн экенин сезген болчу.
«Нефтедоллардан кийинки» Жакынкы Чыгыш багыты:
Сауд Арабиясынын мунайы жана ОПЕК системасынын калканы алдында доллардын жарым кылымдык үстөмдүгүнөн кийин бул тартиптин тирөөчтөрү акырындык менен урап жатат. Буга бир нече фактор себеп болууда: дүйнөлүк масштабда доллардын өтө көбөйгөн массасы жана инфляциясы, энергия булактарынын альтернативдүү булактарга бурулушу, мунайга болгон муктаждыктын азайышы, БРИКС өлкөлөрүнүн доллардан баш тартуу кампаниялары жана Газадагы геноцидге эл аралык каардануу менен каршылык.
Булардын баары АКШ үстөмдүгүнүн ахлакый жана материалдык негизин солгундатып жатат. Мындан тышкары, Украинадагы согуштун кеңейүү коркунучу Вашингтондун артыкчылыктарын Жакынкы Чыгыш аймагынан башка фронтторго бурушу мүмкүн. Бул болсо аймактагы Америка долбооруна орду толгус сокку болуп, кайра калыбына келүү мүмкүн болбой калышы ыктымал.
Бул өсүп жаткан эл аралык боштукта (1+0) модели барган сайын күчтүү жаңырууда, ал каршылык идеологиясы катары да, саясий альтернатива катары да чыгууда. Ошентип, ал идеологиялык колониализмди аяктоонун жаңы формасын сунуштайт.
Ошентсе да, Халифалык моделин ишке ашыруу ири тоскоолдуктарга туш болууда. Алардын катарына төмөнкүлөр кирет: бекем орногон улуттук-мамлекеттик түзүлүштөр, исламий кыймылдардын катаал түрдө басылышы, бирдиктүү жетекчиликтин жоктугу жана коомдук пикирди негизги чечимдерден алыстатып турган тынымсыз согуштар.
Жыйынтык
«Жаңы Жакынкы Чыгыш модели» аймакка жөн гана ар түрдүү согуштардын топтому катары эмес, үстөмдүк менен аслияттын, башкаруу менен биримдиктин, туруктуулук менен адилеттиктин ортосундагы тарыхый күрөш.
“4+2” системасы көрүнүктүү туруктуулукка жетишкендей көрүнсө да, анын уланышы теңсиздикке жана үзгүлтүксүз ахлакый артка чегинүүгө таянат. Чынында эле, ал революциялык өзгөрүүнүн алдын алуудагы «ийгилиги» өз кезегинде кайталануучу зомбулукту шарттап турат.
Ал эми “1+0” модели эгемендүүлүккө жана ахлакый биримдикке болгон терең сагынычтын көркөм чагылышы. Ал саясий мамлекет түрүндө ишке ашабы же идеал катары калабы, айырмасыз, анын өсүп жаткан таасири Үммөттүн четтен таңууланган жана натыйжасыз моделдерге болгон сабырын түгөтүп жатканын көрсөтөт.
Маселе эми: «кайсы модел үстөмдүк кылат?» дегенде эмес, «Жакынкы Чыгыш үстөмдүк менен каршылыктын ушул дилеммасын жеңип, өзүнүн хазарий түпкүлүгүнө негизделген адилеттүү системаны кура алабы?» деген суроодо турат.
Эгер XX кылым империялар менен үстөмдүктүн доору болсо, XXI кылым фикирлер менен моделдердин доору болушу мүмкүн, алар эркиндиктин жана дүйнөнү кайра калыптандыруунун куралдары катары чыгат.
Ошондуктан «Жаңы Жакынкы Чыгыш модели» — бул ойгонууга чакырык. Анткени, ахлакый мыйзамдуулукка байланышы жок геосаясий туруктуулук узакка созулбайт.
Аймактын жана бүт дүйнөлүк түзүлүштүн келечеги, легитимдүүлүктүн чыныгы наамы кимге өтөөрүнө жараша чечилет: АКШга жана анын үстөмдүк куралдарынабы, же Исламга жана анын бирдиктүү мамлекети болгон Халифалыккабы?
«وَٱللَّهُ غَالِبٌ عَلَىٰٓ أَمۡرِهِۦ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعۡلَمُونَ»
«Аллах Өз ишинде үстөмдүк кылуучу, бирок адамдардын көпчүлүгү билишпейт». (Юсуф: 21).




