
Жаңы жылдык түн милициянын көзөмөлүндө
Жаңы жылдын алдында, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары, кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн тартибине өтүштү. Жаңы жыл түнү коомдук тартипти 12 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Мындай чаралар, чындыгында «майрамдык коопсуздуктан» көрө, көйгөйдүн канчалык терең экенинен кабар берүүдө. Эгер бир гана түндү өткөрүү үчүн укук коргоо күчтөрүн мынчалык чоң өлчөмдө аракетке келтирүү талап кылынса, демек, кеп “зыяны жок” салт жөнүндө эмес, тескерисинче, коомдук коркунуч жогорулаган абал тууралуу болууда.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2024-жылы Кыргызстанда 36 миңден ашык кылмыш иши катталган, алардын дээрлик 40 пайызы уурулуктарга туура келет. Жалпы кылмыштуулуктун төмөндөө тенденциясы байкалганына карабастан, дал ушул майрам күндөрү кылмыштардын жогорулашы эң көп катталууда. Ал эми, жаңы жыл күндөрүндө ИИМдин күчөтүлгөн тартипте иштеши – мунун түздөн-түз далили. Жаңылыктарда ачык айтылбай келсе да, бирок мыйзам бузуулардын, көчөдөгү чыр-чатактардын, тоноолордун, унаа уурдоолордун, зомбулук кылмыштарынын көбөйүшү, ошондой эле, тез жардам жана өрт өчүрүү кызматтарынын ашыкча жүктөм менен иштеши, тармактагы кызматкерлерге мурдатан бери белгилүү.
Бул күндөрү өзгөчө алсыз катмар болуп өспүрүмдөр жана жаштар эсептелет. Ичимдик ичүү, тыюу салынган заттарды колдонуу, адепсиз жүрүм-турум жана мыйзам бузуулар – мунун баары отчеттордо үзгүлтүксүз катталганы менен, коомдо ачык талкууга чыгарылбайт. Бул көйгөйдүн себеп жана кесепеттерин талдоонун ордуна, мамлекет коомду исламий баалуу тарбиялануудан алаксытып, анын саясий активдүү катмарынын аң-сезимин алсыратуу үчүн каратылган батыштын талаптарына макул болууда.
Кыргызстан калкынын көпчүлүгү ислам динин кармангандыгынан, мамлекеттик майрамдар коомдун маданий жана руханий баалуулуктарын чагылдырышы керек эле. Бирок, жаңы жыл маңызы боюнча жат, сырттан алынган жана эбак эле коммерциялашкан салт болуп калган. Ал реалдуу коомдук муктаждыктан келип чыгып эмес, мурунку салт менен эле сакталып келе жатат.
Ошондой эле, жаңы жыл мезгилине байланыштуу кеңири жана ачык статистиканын жоктугу да, өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Мамлекет кесепеттердин толук көрүнүшүн көрсөтпөсө, көйгөй жок болуп калбайт. Бул болгону мындай майрамдардын наркы кымбатка түшөрүн мамлекет моюнга алгысы келбегендигинен кабар берет.
Мындан улам, жаңы жыл майрамынан жана актабаган дем алыштардан баш тартуу убактысы келгендиги барган сайын айкын болууда. Кеп, жөн эле майрамдоого тыюу салуу же жеке каада-салттар менен күрөшүү жөнүндө эмес, мамлекеттик деңгээлдеги майрамдын макамын кайра карап чыгуу тууралуу болуп жатат. Анткени бул майрам, эбегейсиз ресурстарды талап кылат, укук коргоо жана өзгөчө кырдаалдар кызматтарына өтө чоң күч келтирет, экономикалык зыян алып келет, жана эң негизгиси – өлкөнүн маданий өздүгүнө карама-каршы келет. Эгер мындай иш-чаралардын пайдадан көрө зыяны көп болсо, мамлекет алардан баш тартуу маселесин карап чыгууга батынышы керек! Бирок пайда жана зыянды, эң туура кылып Шарият белгилейт.
Абду Шүкүр




