Жогорку Кеңешке миллиарддан ашык каражат жумшалат

Жогорку Кеңешке миллиарддан ашык каражат жумшалат
Кыргызстан үчүн Жогорку Кеңешти каржылоо кымбатка түшүүдө. 2015-жылдан тартып 2025-жылга чейин парламентти каржылоо үчүн бюджеттен 9 млрд 634,9 млн сом жумшалган. Бул каражаттын дээрлик жарымы 2022-2025-жылдарга туура келет.
Белгилей кетсек, парламентке бөлүнгөн каражат 2022-жылдан баштап кескин жогорулай баштаган. Маселен, 2021-жылы парламентти каржылоо үчүн 689,5 млн сом бөлүнгөн болсо, 2022-жылы 950,6 млн сом, 2023-жылы 1 млрд 155,2 млн сом, 2024-жылы 1 млрд 360,2 млн сом, 2025-жылы 1 млрд 257,1 млрд сом бөлүнгөн.
2021-жылы депуттардын саны төрттөн бирге кыскартылып, парламентте 90 депутат калтырылганына карабастан, чыгашалар азайбастан, тескерисинче көбөйгөн. 2020-жылы бюджеттен бир депутатка жылына 5,6 млн сом бөлүнгөн болсо, 2025-жылы бул сумма үч эсеге көбөйүп дээрлик 14 млн сомду түзгөн.




