Заалим Трамп жана анын эрке баласы яхудий түзүмү Иранга жырткычтарча чабуул жасады

Заалим Трамп жана анын эрке баласы яхудий түзүмү Иранга жырткычтарча чабуул жасады
Америка жана яхудий түзүмү ишемби күнү Иранга каршы кеңири биргелешкен чабуул жасады. Борбор калаа Тегеранда жана Кум, Исфахан, Керманшах, Караж сыяктуу бир катар шаарларда жарылуулар угулду. АКШ президенти Дональд Трамп Иранга чабуул башталганын жарыялап: «Бир аз мурда Иранда кеңири масштабдагы согуштук операцияларды баштадык», – деди. Ал эми израилдик 12-канал Иран өкмөтүнө таандык ондогон буталарга сокку урду», – деп билдирди. Аль-Жазира, 28/2/2026.
Трамп текебер билдирүүлөрүндө Америка жана анын армиясы дүйнөдөгү эң күчтүү экенин, Иранга өзөктүк куралга жана ракеталарга ээ болууга жол бербей турганын айтты. Анын эркеси Нетаньяху да кожоюну Трамптын изи менен ушундай эле билдирүүлөрдү жасады. Ал эми Иран тараптан Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи: «Өлкөбүз мыйзамдуу коргонуу укугубуздун алкагында өзүнүн аскерий мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, өзүн коргойт», – деди. Аль-Жазира, 28/2/2026. Иран яхудий түзүмүнө жана Перс булуңундагы америкалык базаларга ракеталарды учурду.
Ушундайча яхудий түзүмүнүн учактары жана америкалык учактар кургактан, деңизден жана абадан Ирандагы аскерий базаларга жана мамлекеттик борборлорго чабуул жасады. Соккулардын көбү борбор калаага, мамлекеттик мекемелерге, жетекчилер турган жайга жана президенттин имаратына багытталды. Алгачкы билдирүүлөрүндө бул чабуулдар төрт күндөн он күнгө чейин уланары, ал тургай Ирандын өзөктүк жана ракеталык куралдарын толук куралсыздандырууга жеткенге чейин ачык чабуулдарга айланышы мүмкүн экени айтылды. (израиль) булактары чабуулдардын биринчи этабы төрт күнгө созулушу мүмкүн экенин, муну өткөн жайда т.а. 2025-жылдын июль айында жүргүзүлгөн 12 күндүк согуштун уландысы катары баалашты. Ал эми америкалык булак учурдагы АКШнын аскерий кампаниясы болжол менен 10 күнгө созулушу мүмкүн экенин билдирди. CBS телеканалына шилтеме кылып «Аль-Арабия», 28/2/2026.
Эй мусулмандар!
Бул жырткыч чабуул Иран Америка орбитасында айланып турган учурда ишке ашырылды. Иран Америкага Ирактагы жана Афганистандагы согушунда, ошондой эле аймактын көп бөлүгүндө кызмат көрсөткөн. Америка болсо ага карата ракета жана өзөктүк курал маселесин көтөргөн эмес. Тескерисинче, Обама 2015-жылы европалык мамлекеттердин катышуусу менен Иранга 3,67% деңгээлде өзөктүк энергияны байытууга уруксат берген келишим түзгөн. Ошол жылдар ичинде Иран Түркия сыяктуу эле ошол орбитада жүрүп келген.
Ал эми залим Трамп келгенде, Иран өзүнө толук баш ийген, айтканын айткандай кылган, каалаганын аткарган көз каранды мамлекет болушун каалады. Ал башында Маскаттагы болжол менен беш раундга созулган сүйлөшүүлөр аркылуу алдоо жолун колдонду. Андан кийин Трамп жана яхудий түзүмү тарабынан «он эки күндүк чабуулдар» деп аталган соккулар жасалды. Чынында да ушундай болду. Трамп Ирандын үч өзөктүк объектисин бутага алганын жарыялап, америкалык соккунун ийгиликтүү болгонун билдирди. Ал Фордоу, Натанз жана Исфахандагы өзөктүк объекттер бутага алынганын айтып, Иранды тынчтыкка келип согушту токтотууга чакырды. Өз кезегинде АКШнын коргоо министри Берт Хегисет америкалык сокку Ирандын өзөктүк амбицияларын жок кылганын билдирди (BBC, 22/6/2025).
Бирок бул чабуулдар Иранды орбитада айланган мамлекеттен толук көз каранды мамлекетке айландырууга жеткен жок. Тескерисинче, аз болсо да орбитадан бошонуу тууралуу үндөр чыга баштады. Ошондуктан Америка кайрадан сүйлөшүүлөр аркылуу айла кылууга кайтып, ошол эле маселелерге б.а. Ирандын ракета жана өзөктүк куралдарын куралсыздандырууга көңүл бурду. Биринчи жолу беш раунддан кийин чабуул жасалгандай эле, бул жолу да үч раунддан кийин чабуул болду.
Эй мусулмандар!
Мусулман өлкөлөрүндөгү башкаруучулар каапырларга берилгендиктин коркунучун түшүнүшпөйт. Ал бул дүйнөдө кордук, акыретте оор азап экенин аңдашпайт:
﴿الَّذِينَ يَتَّخِذُونَ الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِ الْمُؤْمِنِينَ أَيَبْتَغُونَ عِنْدَهُمُ الْعِزَّةَ فَإِنَّ الْعِزَّةَ لِلَّهِ جَمِيعاً﴾
«Алар момундарды коюп, каапырларды дос тутушат, эмне, алар ошол каапырлардын жанынан күч-кубат издешеби?! (Убара болушат!). Анткени бардык күч-кубат Аллага таандык». (Ниса: 139).
Алар каапыр мамлекеттер үчүн эң биринчи өз кызыкчылыктары маанилүү экенин, алар күнү-түнү Исламга жана мусулмандарга душмандык сактаарын түшүнүшпөйт. Эгер алар таасир астында же өзүнө кызмат кылган бир мамлекетке ыраазы болуп көрүнсө, бул аларга жакшылык каалаганынан эмес, ичинде жамандык сактап, аны кийин ачык көрсөтүшү үчүн кылышат.
Эгер бул башкаруучулар — огу менен айлангандар болобу же түздөн-түз кызмат кылгандар болобу — Америка өз кызыкчылыгы талап кылганда аларды жок кылуудан тартынбастыгын түшүнүшсө, тарыхтагы окуялардан сабак алышмак. Анткени канчалаган кызматчылар өз милдети бүткөндөн кийин кулатылган. Эгер алар акылдуу болгондо каапырларды данектин кабыгын түкүргөндөй четке кагышмак, бирок алар дүлөй, тилсиз жана сокур, алар кайра кайтышпайт.
Алардын колонизатор каапырларга болгон берилгендиги ушунчалык деңгээлге жеткендиктен, алардын кайсы бир өлкөсүнө кол салынса, башкалары жардамга да келбейт. Болгону алардын «мыктысы» өлгөндөр менен жарадарларды санап коюу менен чектелет. Иранга каршы чабуулда болуп жаткан көрүнүш да ушундай.
Эй мусулмандар!
Силердин иззатыңар өз мамлекетиңер Халифалык мамлекети кайра кайтышында. Чынында, өз элине калп айтпаган жетекчи болгон Хизб ут-Тахрир Аллахтын уруксаты менен исламий жашоону кайра баштоо үчүн, Халифалык мамлекетин тикелөө жолунда олуттуу жана ыкластуу иш алып барууга өзүн арнады. Ал чындыгында өз элине калп айтпаган жетекчи, анын тазалыгы айкын, анын тазалыгын көтөрө албагандар андан алыс болушат. Биз аны ушундай деп эсептейбиз жана аны менен бирге иштеп жаткан бардык жигиттерди да олуттуу аракет кылган, тырышчаак, ыкластуу амал кылган адамдар деп билебиз. Алар Аллахтын уруксаты менен акыретти дүйнөдөн да артык көрүп умтулушат. Алар күнү-түнү тынымсыз аракет кылып, Аллахтын убадасы жана Пайгамбарыбыз ﷺ берген сүйүнчүсү алардын колдору аркылуу ишке ашышын үмүт кылышат. Бул Аллах үчүн кыйын эмес.
Мына ушул нерсе үммөттү куткарат, ага кайра иззат берет, күч-кубатын арттырат жана душмандарын ага кол салуудан мурда миң жолу ойлонууга мажбур кылат. Бул Халифалык мамлекетинин кайра кайтышы менен гана ишке ашат. Ошондо жер жүзү анын жакшылыгы жана адилеттиги менен нурланат. Халифалык мурда кайсарлар менен кисролордун текеберлигин жок кылгандай эле, алардын жолун жолдогон зөөкүр Трамп жана ага окшогон колонизатор каапырлардын текеберлигин да жок кылат.
Ал эми яхудий түзүмү болсо өзүнчө эсепке алынарлык күч эмес. Ал тууралуу Аллах Таала айткан:
﴿لَنْ يَضُرُّوكُمْ إِلَّا أَذًى وَإِنْ يُقَاتِلُوكُمْ يُوَلُّوكُمُ الْأَدْبَارَ ثُمَّ لَا يُنْصَرُونَ﴾
«Алар силерге азар берүүдөн башка эч кандай зыян жеткире алышпайт. Эгер силер менен согушса, аркаларына карап качышат. Кийин аларга (эч ким тарабынан) жардам берилбейт». (Али Имран: 111).
Ал мусулмандарга өз алдынча туруштук бере албайт, анткени ал каапырлардын колдоосу болбосо, согушууга жарактуу эмес. Бул тууралуу Кудуреттүү Аллах айткан:
﴿ضُرِبَتْ عَلَيْهِمُ الذِّلَّةُ أَيْنَ مَا ثُقِفُوا إِلَّا بِحَبْلٍ مِنَ اللَّهِ وَحَبْلٍ مِنَ النَّاسِ﴾
«Эгер алар Алланын жана адамдардын (мусулмандардын) коргоосунда болушпаса, албетте аларга каерде болушпасын, кор-зарлык жазылып коюлду». (Али Имран: 112).
Алар Аллахтын жибин үзүштү, эми аларга адамдардын жиби гана калды, ал Америка, Европа жана мусулман өлкөлөрүндөгү саткын башкаруучулар. Бул башкаруучулар яхудий түзүмүнүн жырткыч чабуулуна каршы эч нерсе кылышпайт.
Демек, бүгүнкү күндө маселе мусулман өлкөлөрүндө түзүлгөн мамлекеттерде. Алардын башкаруучулары Ислам жана мусулмандардын душманы болгон колонизатор каапырларга берилген. Ошондуктан мусулмандардын чоң кайгысы өз башкаруучуларында. Алар Аллахка берилгендик кылуунун ордуна, каапыр колонизаторлорго баш ийип, алардын буйругун аткарып, тыюусун кабыл алышат. Алар Аллахтын өкүмдөрүн орнотуп, Анын жолунда жихад кылуунун, Пайгамбарыбыз ﷺга ээрчүүнүн ордуна ушундай кылышууда. Ошондо Ислам жана мусулмандар иззатка жетип, каапырлык жана каапырлар кор болот. Аллах Таала айткан:
﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾
«Ошол күндө момундар Алла (румдуктарды) жеңишке ээ кылгандыгы себептүү шаттанышат. (Алла) Өзү каалаган кишисин үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайым ээси.» (Рум: 4–5).
1447-ж. Рамазан айынын 11-күнү
28/2/2026-ж.
Хизб ут-Тахрир




