Басма сөз

Залим Америка баскынчылыгын тизгиндөөчү — бир гана Халифалык мамлекети

Басма сөз баянаты

Залим Америка баскынчылыгын тизгиндөөчү — бир гана Халифалык мамлекети

Ирактагы шайлоо деген маскара оюнга үч айдан ашык убакыт өттү. Ирак саясатчылары мактап, ага жийиркеничтүү мазхабчылыкты козутуп, «шайлоо майрамы» деп атаган ошол шайлоонун жыйынтыгы эмне болду?

Биринчиден, вакыйлык бул «майрам» элдин эркин билдирет деген эң чоң жалган жана алдамчылык экенин көрсөттү. Анткени жакын-алыстын баары добуштарды сатып алуу, адамдардын аңкоолугун пайдалануу боюнча эң чоң коррупциялык келишим болгонун так билишет. Натыйжа жарыялангандан кийин да айрым шайлоочулар добуштары текке кеткенине таң калышты. Мисалы, Найнава провинциясынан жеңүүчү талапкер Нажм аль-Жабури кырк миңге жакын добуш топтогонуна карабастан, шайлоо боюнча сот органы аны Баас партиясын жоюу мыйзамына кирет деген негизде талапкерликтен четтетүү тууралуу чечим чыгарган.

Экинчиден: шайлоодон кийин да блоктор жана бир эле коалиция ичиндеги топтор ортосунда кызмат орундар жана «конституциялык укуктар» деп аталган нерселер үчүн тирешүү, кагылышуу жана атаандаштык уланууда. Саясий келишпестиктер туруктуу көрүнүшкө айланып, маанилүү маселелер күтүү жана соодалашуу логикасы менен башкарылууда. Алар элди оор жашоого дуушар кылып, адашуу жана башаламандык айлампасына салганына эч көңүл бурушкан жок.

Үчүнчүдөн: өлкө дагы эле Америка оккупациясында жана эч бир чечим анын эрки жана уруксатысыз кабыл алынбайт. Бул Нури аль-Маликти же Иранга баш ийген куралдуу топтор менен байланышы бар башка талапкерлерди көрсөтүүгө каршы жасалган америкалык коркутуулар аркылуу ачык көрүнүүдө. Бул болсо саясий топтун Ирак көз карандысыз өлкө же эгемендүү мамлекет деген дооматтарынын жалган экенин далилдейт.

Төртүнчүдөн: ушул кайталанган шайлоо тажрыйбаларынын баарынан кийин, 23 жыл бою алынган жыйынтык — өлкөнүн начарлашы, кыйрашы жана абалынын оорлошу болду. Өлкөнү коррупция түп-тамыры менен жеп бүттү. Бул болсо биздин маселе ар төрт жыл сайын ушул «калдык-таштандыны» айланта берүү эмес экенин, көйгөйлөрүбүздүн чечими жүздөрдү алмаштырууда эмес экенин, тескерисинче бардык бул көйгөйлөрдү пайда кылган жана ушул коррупциянын баарын өндүргөн системаны түп-тамыры менен жулуп таштоо зарыл экенин так көрсөтөт.

Эй мусулмандар! Ушунун баары үчүн, эч качан өз элин алдабаган жол башчы болгон Хизб ут-Тахрир силерди бардык көйгөйлөрүңөрдүн түпкү чечимине жана натыйжалуу дарылоосуна чакырат. Анткени силердин маселеңер 1924-жылы Халифалык кулатылгандан бери силердин жүрөгүңөргө чөккөн бузук светтик режим маселеси. Натыйжада силердин бийлигиңер жоголду, мамлекетиңер бөлүнүп-жарылды, каапыр душманыңар силерге жабылып, табиятыңарды бузуп, байлыктарыңарды талап-тоноп, өз араңардан чыккан өкүлдөрүн силерге үстөм кылып, силерди оор азапка салды. Аллах Таала айтат:

﴿وَضَرَبَ اللهُ مَثَلاً قَرْيَةً كَانَتْ آمِنَةً مُطْمَئِنَّةً يَأْتِيهَا رِزْقُهَا رَغَداً مِنْ كُلِّ مَكَانٍ فَكَفَرَتْ بِأَنْعُمِ اللَّهِ فَأَذَاقَهَا اللَّهُ لِبَاسَ الْجُوعِ وَالْخَوْفِ بِمَا كَانُوا يَصْنَعُونَ﴾

«Алла бир шаарды (атап айтканда Меккени) мисал келтирет ал тынч, бейпил (шаар) эле, ар тараптан, ырыскы кемчиликсиз келип тураар эле. Анан, (анын эли) Алланын нематына шүгүрсүздүк кылган соң, Алла ал (шаар элине) бул «өнөрлөрү» себептүү ачарчылык жана коркунуч балээсин таттырып койду». (Нахл: 112).

Эми силер өз тагдырыңардын маселеси – система маселеси экенин түшүнө турган убак келди. Ошондуктан бул бузук системаны түп-тамыры менен жулуп таштап, анын урандылары үстүнө Ислам системасын орнотуу үчүн пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөөгө аракет кылган ыкластуу адамдар менен бирге болгула. Ошондо каныңарды, ар-намысыңарды жана байлыгыңарды коргойсуңар, баскынчы каапыр силердин эгемендигиңерге кол салуусуна бөгөт коёсуңар жана ушуну менен силерге кайрадан урмат-даңкыңар кайтып келет.

Хизб ут-Тахрирдин Ирак вилаятындагы маалымат бөлүмү

11.02.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button