Фикхий
Зарыл эмес муктаждыктары барларга зекет берүү

Зарыл эмес муктаждыктары барларга зекет берүү
Биздин китептерде жакыр деп негизги муктаждыктарын (тамак-ашы, кийими, турак-жайы) камсыздоого жетерлик мал-мүлкү жок адам айтылары, ошондой адамга зекет берилери айтылган. Бирок мындан башка да негизги муктаждыктарга жакын болгон муктаждыктары барларды Ислам мамлекети мусулмандардын Байту-л-малынан камсыздап берчү. Мисалы: илим талабалары, никеге жардам берүү, дарылоо менен камсыз кылуу ж.б. Ал эми бүгүнкү күндө бул муктаждыктарды камсыздай турган Ислам мамлекети жок.
Суроо төмөнкүдөй: Бул муктаждыктарды төмөнкү негиздерге таянып, зекеттен камсыз кылууга болобу:
1. Бул муктаждыктарды камсыздай турган Ислам мамлекетинин жоктугу;
2. Айрым факихтердин белгилүү шарттар менен муну жаиз деп айткан райлары бар;
3. Бул муктаждыктар ашыкча эмес, тескерисинче негизги муктаждыктарга жакын экени.
Андан соң, эгерде ушул муктаждыктарды камсыз кылуу үчүн зекет берүүгө уруксат берген факихтин пикирине амал кылсак, биз табанний кылынган пикирге каршы чыккан болобузбу?
Жооп:
Биз зекет берилүүчү жакырды негизги муктаждыктарын камсыздоого мал-мүлкү жетпеген адам деп аныктаганда, муну далилдерге таянып айтканбыз жана аларды Экономикалык түзүм китебинде (181-бет, акыркы саптарда) келтиргенбиз. Анда мындай деп айтканбыз: “Ислам кайсы дияр, кайсы муунда болушуна карабастан, жакырлыкка бир этибар менен карайт т.а. аны «негизги муктаждыктарын толук кандыра албоо» деп эсептейт. Шарият негизги муктаждыктарды үч нерсе менен т.а. азык-түлүк, кийим жана турак-жай менен белгилейт. Алла Таала айтат:
﴿وَعَلَى الْمَوْلُودِ لَهُ رِزْقُهُنَّ وَكِسْوَتُهُنَّ بِالْمَعْرُوفِ لَا تُكَلَّفُ نَفْسٌ إِلَّا وُسْعَهَا لَا تُضَارَّ وَالِدَةٌ بِوَلَدِهَا وَلَا مَوْلُودٌ لَّهُ بِوَلَدِهِ وَعَلَى الْوَارِثِ مِثْلُ ذَلِكَ﴾
“Аларды (энелерди) жакшылык менен кийиндирип-ичиндирүү атанын милдети. Эч кимге чамасы жеткенден тышкары нерсе жүктөлбөйт. Балдары себептүү ата да, эне да зыян тартпасын. Мураскордун мойнунда да дал ушундай (милдет) бар”. (Бакара: 233).
Аллах Таала дагы айтат:
﴿أَسْكِنُوهُنَّ مِنْ حَيْثُ سَكَنْتُم مِّن وُجْدِكُمْ﴾
“Аларга (тактап айтканда, талак кылынып, идда сактап жаткан аялдарыңарга) өзүңөрдүн турак-жайыңардан-кудуретиңер жеткен жайдан турак бергиле”. (Талак: 6).
Ибн Маажа Абул Ахвастан риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:
«أَلَا وَحَقُّهُنَّ عَلَيْكُمْ أَنْ تُحْسِنُوا إِلَيْهِنَّ فِي كِسْوَتِهِنَّ وَطَعَامِهِنَّ»
«Билип койгула, жакшылап кийиндирип, жедиришиңер – алардын үстүңөрдөгү акысы». Ушулардан көрүнүп тургандай, муктаждыктардын кандырылбоосу жакырлык эсептеле турган негизги муктаждыктар. Бул азык-түлүк, кийим жана турак-жай”.
Ошондой эле «Малия» китебинде (121-бет) мындай деп айтканбыз:
«Факирлер. Алар негизги муктаждыктары: жемек-ичмек, кийим-кечек жана турак-жайлары үчүн жетиштүү малдары болбогон адамдар. Негизги муктаждыгын кандыруу үчүн зарыл болгон каражаттан аз малга ээ адам факир деп аталат. Ал садакадан алуусу мүмкүн. Ага анын муктаждыгын жана кембагалдыгын жоё турган чекке чейин зекеттен берилүүсү жайиз».
Бул маселе боюнча биз үчүн эң артык (ражих) пикир ушу.
Ал эми суроо берүүчүнүн: «Азыр бул муктаждыктарды камсыздай турган мамлекет жок» деген сөзүнө келсек, ооба, мамлекет жок, бирок мусулмандар бар. Негизи, алардын Исламы мындай муктаждарга өз мал-мүлкүнөн кайрымдуулук кылып жардам берүүгө түрткү бериши керек, зекеттен эмес. Зекетти негизги муктаждыктарды (тамак-аш, кийим, турак-жай) жабуу үчүн кедейлерге беришет, ал эми аталган муктаждыктарга (билим алуу, никеге жардам берүү, дарылоо) өз мал-мүлкүнүн ашыгынан садака кылып жардам беришет.
Ал эми суроо берүүчү, негизги эмес муктаждыктарды (билим, нике, дарылоо) жабуу үчүн зекет берүүгө уруксат деген мужтахид же факихтин пикирине амал кылса, бул табанний кылынган пикирге каршы келеби деген суроого келсек, ооба, бул табанний кылынган пикирге каршы келет. Бирок биз бул үчүн идарий жаза бербейбиз. Кимде-ким өз зекетинен аталган негизги эмес муктаждыктардын ээлерине (билим, нике, дарылоо) өзү ишенген мужтахид же факихтин пикирине таянып берсе, биз аны идарий жактан жазалабайбыз, анын эсеби Улуу Аллахтын алдында.
13-Мухаррам 1429-х.
21.01.2008-м.




