«Израил» адамдардын денелерин «жок кылып жибере турган» курал колдонгон

«Израил» адамдардын денелерин «жок кылып жибере турган» курал колдонгон
“Al Jazeera Arabic” журналисттер тобу иликтөө жарыялап, Газа тилкесиндеги согуш учурунда айрым бомбалардын жаңы түрлөрү колдонулгандыктан миңдеген палестиналыктардын денелери «бууланып» изсиз жоголуп кеткен болушу мүмкүн экенин билдирди.
Газадагы Жарандык коргонуу кызматы сокку урулган аймактарда эсеп жүргүзүп, 2 842 адамдын денеси аба соккуларынан кийин табылбай калганын каттаган. Күбөлөр алар сокку учурунда имараттын ичинде болгонун айтышкан.
Иликтөөгө ылайык, айрым жерлерде болгону кандын издери, дененин майда бөлүктөрү же күл гана табылган. Бул өтө жогорку температуранын таасири менен түшүндүрүлүшү мүмкүн.
Иликтөөчүлөр «Израил» колдонгон делген бир нече бомбалардын түрүн аташкан: MK-84 «Hammer» — салмагы 900 кг болгон ири бомба, жарылуучу аралашмасынын температурасы болжол менен 3 500 градуска чейин жетиши мүмкүн;
BLU-109 — бекемделген объектилерди талкалоо үчүн колдонулган снаряд;
GBU-39 — жогорку тактыктагы бомба, жарандык объектилерге сокку урууда колдонулган.
Бул куралдар жогорку жылуулук жана жарылуу басымынын таасирин жаратат. Айрым эксперттердин пикиринде, алар органикалык терилерди бүлгүндөп толук жок кылышы мүмкүн. Иликтөөдө мындай бомбалардын көбү «Израилге» АКШ жана айрым Европа мамлекеттеринен жеткирилгендиги белгиленген.




