«Израил» «терроризм» шылтоосу менен палестиналыктарды өлүм жазасына тартмакчы

«Израил» «терроризм» шылтоосу менен палестиналыктарды өлүм жазасына тартмакчы
«Израил» парламенти «терроризмге» байланышкан кылмыштар үчүн өлүм жазасын киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды. Мыйзамды 62 депутат колдоп, 47си каршы добуш берди. Мыйзам экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынып, Жазык кодексине өзгөртүү (террористтер үчүн өлүм жазасы) киргизилди.
Документке ылайык, өлүм жазасы «террористтик» актылар учурунда «израилдиктерди» өлтүргөн деп соттолгон адамдарга колдонулушу мүмкүн. Бул негизинен Батыш Жээк жана Газа секторундагы палестиналыктарга тиешелүү, аларды аскердик соттор карайт. Мыйзам болжол менен 10 миңдей палестиналык туткундарды камтышы мүмкүн.
Мыйзамдын механизми боюнча акыркы сот чечими чыккандан кийин 90 күндүн ичинде өлүм жазасы дарга асуу менен аткарылат. Белгиленгендей, мыйзам яхудийлерге же «Израил» жарандарына бирдей колдонулбайт: палестиналыктарга каршы кылмыштар жарандык соттордо каралат жана ал жерде өлүм жазасы колдонулбайт.
Бул мыйзам акыркы ондогон жылдардан бери «Израилде» өлүм жазасын иш жүзүндө колдонуудагы биринчи механизм болуп калышы мүмкүн. Анткени, өлкө 1962-жылдан бери өлүм жазасын аткарган эмес.
Мунун каршысында, мусулмандардын коопсуздугун жоопкерчилигине алган жетекчилер “Израил”ге карата куру айыптоолор менен гана алек.




