Илимдин жана аалымдардын өз адамдары бар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Илимдин жана аалымдардын өз адамдары бар
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: ”من تعلم علماً مما يبتغى به وجه الله عز وجل لا يتعلمه إلا ليصيب به عرضاً من الدنيا، لم يجد عَرف الجنة يوم القيامة” يعني ريحها، رواه أبو داود بإسناد صحيح.
Абу Хурайрадан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айтты: “Кимде-ким Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн үйрөнө турган илимди, дүйнөлүк пайдага жетүү үчүн гана үйрөнсө, ал Кыямат күнү бейиштин жытын да таппайт”. Абу Давуд сахих иснад менен риваят кылган.
Урматтуу бир туугандар:
Эң жакшы сөз – бул Аллахтын сөзү, ал эми эң жакшы жол – бул Анын пайгамбарыбыздын (ага тынчтык жана береке болсун) жолу.
Бул хадис бизге илимди дүйнөлүк пайда үчүн үйрөнүүдөн эскертип жатат. Акыретте алар эмнени алышат, анткени азыр биз өздөрүн жалгандан аалым атаган аалымдарды угуп жана көрүп жатабыз, алар илимди убактылуу жеке пайда үчүн алышкан.
Илим эки себеп менен үйрөнүлөт: илим алуу жана акылда пайда болгон суроолорго жооп берүү үчүн, же болбосо илим алуучуга пайда алып келе турган материалдык пайда үчүн.
Биринчинин максаты: кызыгуусун жана ырахатын канааттандыруу менен катар, акыретте жеңишке жетүү үчүн эң жогорку даражага ээ болуу, Кудайдан коркуу, тыюу салынган нерселерден алыс болуу жана туура жолго багыт алуу үчүн Аллах Тааланын буйругун аткаруу.
Ал эми пайда үчүн илим алгандардын мотивациясы материалдык пайдага жетүүдөн башка эч нерсе эмес.
Ал эми Алла Тааланын ыраазылыгы үчүн илим үйрөнгөндөр, алар илим үйрөнүп андан пайдалангандар жана башкаларга да пайда алып келген чыныгы аалымдар. Аллах аларды мактап, аларга эң жакшы сыйлыкты убада кылган. Алардын аркасында биз динибиз жөнүндө көп нерселерди билдик, ошондуктан адашкандар кетирген каталарга жол бербейбиз. Биз жер жүзүнүн мураскорлору болуу, аны өнүктүрүү боюнча өз моюнубузга алган аманатты актоого эмне жардам берерин билебиз.
Ал эми акыреттик илимди материалдык пайда үчүн үйрөнгөндөр, алардын илим алууга түрткү болгон максаты жана ой жүгүртүү жолунан улам, адамзат үчүн эң жаман адамдардын катарына кирет. Булар өздөрүнүн тар материалисттик көз карашынан улам адамдардын жашоосуна азап-кайгы жана кыйынчылыктарды жараткан адамдар. Бул адамдар шариятты соода катары бизнеске айландырышкан жана алардын арасында дин менен соодалашып, бузуку, залим жана кара ниет башкаруучуларга кызмат кылган сарай аалымдары да бар. Анын ачык далили биз көрүп турган нерсе – бул аалымдар акча-байлык үчүн уруксат бергендиктен- жашоодо Аллахтын мыйзамынан башка мыйзамдын колдонулушуна жол ачышат. Алар болгону үммөттөрдүн, айрыкча, Аллах адамзат үчүн тандап алган ислам үммөттүнүн жашоосун бузушту, анткени алар Аллах аларга ыраазы болуп берген динин бузушту. Алар адамзаттын максатына, башкача айтканда, Жер жүзүндө реформа жана өнүгүүгө жетүүгө тоскоол болушту. Булар прогресстин жолунда тоскоол боло турган таштар. Биз- Аллах үммөткө буларды алып салуу керектиги жөнүндө аң-сезим берет деп үмүттөнөбүз.
Биз илим ээлери жана аалымдар толугу менен Аллага кайтып келишин жана үйрөнгөн нерселерин туура эмес колдонгон ушул адашкан жана наадан адамдардан сакташын суранабыз. Жана үммөттүн ушул сыяктуу адамдар жөнүндө маалымдуулугу жогорулап, аларды жана алардын кожоюндарын татыктуу орундарына койот деп ишенебиз. Бул нерсе жер жүзүнүн мураскору боло турган бул асыл үммөттөн алыс эмес.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 13-жумаади саани.
2025-ж, 4-декабрь.
