Илимдүүлүк жана үйрөтүүнүн артыкчылыгы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Илимдүүлүк жана үйрөтүүнүн артыкчылыгы
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Бул тууралуу Сахих аль-Бухаринин шархы Ибн Хажар аль-Аскаланинин Фатх аль-Барисинде “Илимдүүлүк жана үйрөтүүнүн артыкчылыгы” деген бөлүмдө айтылат.
حدثنا محمد بن العلاء قال: حدثنا حماد بن أسامة عن بريد بن عبد الله عن أبي بردة عن أبي موسى عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: “مثل ما بعثني الله به من الهدى والعلم كمثل الغيث الكثير أصاب أرضا، فكان منها نقية قبلت الماء فأنبتت الكلأ والعشب الكثير، وكانت منها أجادب أمسكت الماء فنفع الله بها الناس فشربوا وسقوا وزرعوا، وأصابت منها طائفة أخرى إنما هي قيعان لا تمسك ماء ولا تنبت كلأ، فذلك مثل من فقه في دين الله ونفعه، ما بعثني الله به فعلم وعلم، ومثل من لم يرفع بذلك رأسا ولم يقبل هدى الله الذي أرسلت به“
Бизге Мухаммад ибн аль-Ала Абу Мусадан риваят кылды. Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айтты: “Аллах мени хидаят жана илим менен жөнөткөн нерсенин мисалы мол жамгыр жааган жер сыяктуу, анын бир бөлүгү таза жана сууну сиңирип, берекелүү өсүмдүктөрдү жана чөптөрдү өстүрөт. Анын бир бөлүгүндө сууну сиңирбей сактап кала турган жерлер да бар, Аллах ал аркылуу адамдарга пайда алып келет, адамдар андан ичип, жер сугарып, дыйканчылык кылышат. Анын бөлүгүндө сууну сиңирбей, сактап калбаган да, өсүмдүктөрдү өстүрбөгөн да жерлер бар. Бул Аллахтын динин түшүнүп жана андан пайда көргөн адамдын мисалы. Аллах мени эмне менен жиберсе, ошону үйрөнүп жана үйрөткөндүн мисалы. Жана мен аркылуу Аллах берген хидаятты кабыл албаган жана ага көңүл бурбагандардын мисалы”.
Урматтуу бир туугандар:
Бул үч категориядагы адамдардын абалын салыштыруу жана сүрөттөө. Биринчи категория эң жогорку, анткени ал илим үйрөнгөн жана аны үйрөтүп пайдаланган адамды билдирет жана мында көп жакшылык бар. Экинчи категория өзүнөн билимдүүрөөк адамга фикх илимин жеткирген адамды билдирет мында да жакшылыктар бар. Үчүнчү категория – бул илимди үйрөнбөгөн жана андан пайда көрбөгөн адам, анда эч кандай жакшылык жок.
Эй мусулмандар:
Бул хадисте диндин талаптарын аткаруунун улуулугунан улам, бизди ислам илимин алууга жана андан пайдаланууга чакырган кабар камтылган. Азыркы учурда үммөт кемсинүү жана басмырлануу алкагынан чыгып, кадыр-барктын, сыймыктын жана бакыттын жээгине чыгышы үчүн динди түшүнүү бизге канчалык зарыл? Хадисте акыреттен жана фикхтен алыс, үммөттүн абалын өзгөртүү үчүн иштөөгө эч кандай түрткү сезбей, бейкапар жашоону тандагандар ачык айыпталат. Бул сууну сиңирбей кармап калбаган, эгин зар өстүрбөгөн какшыган жердин мисалындагыдай, коомго эч кандай пайдасы жок адамдын мисалы. Сууну сиңирип алып, түшүмдүн мол өсүшүнө себеп болгондор бактылуу, анткени алар өз убактысын, акылын, күчүн жана аракетин Аллахтын жолуна арнагандар. Алар Куранды адамдар арасында жашоо эрежеси катары калыбына келтирүү үчүн, Аллахты ыраазы кылуу үчүн алар чындык жолун билип, аны бекем карманышкандар.
Оо, Аллахым, бизге мусулмандарды бириктирип, азап-тозоктон арылтуучу, пайгамбарлык үлгүгө ээрчиген туура жолду көрсөткөн Халифалыкты курууну тездет. Оо, Аллахым, жер жүзүн Өзүңдүн даңазалуу жүзүңдүн нуру менен жарык кыл. Аамиин аамиин.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 8-шаввал.
2026-ж, 26-март.
