Сакофат
Trending

Инклюзия

Саясий сөздүк (4)

Инклюзия

Инклюзиябул бардык адамдардын коомдук турмушка аралашуусу. Жөнөкөй сөз менен айтканда, мамлекеттин жарандарды «биздикилер» жана «экинчи катардагылар» деп бөлбөстөн, ар бир адам саясатка, экономикага жана коомдук турмушка катыша ала турган шарттарды түзүүгө умтулуусу. Бул жерде кеп, кагаз бетиндеги формалдуу теңчилик жөнүндө эмес, ар бир үндүн угулушу жана ар бир жарандын корголушу үчүн түзүлгөн реалдуу мүмкүнчүлүктөр тууралуу болуп жатат.

Саясатта инклюзия – бул  бийликтин улуттук, диний же социалдык болобу, ар кандай топтордун кызыкчылыктарын эске алуусу. Эгерде бул жок болсо, коомдо жикчилдик, нааразылык акциялары жана мамлекеттик институттарга болгон ишенимдин жоголушу келип чыгат. Ал эми инклюзия камсыз болгон жерде – коом туруктуу болот.

Инклюзия принциби, заманбап доорго гана тийиштүү жетишкендик эмес. Ислам тарыхында, бул принцип VII кылымда эле өзүн көрсөткөн. Мухаммад пайгамбар ﷺ өзүнүн «Коштошуу хутбасында» арабдын араб эместен, ал эми ак түстүүнүн кара түстүүдөн эч кандай артыкчылыгы жок экенин ачык жарыялаган. Исламда артыкчылык бир гана такыбалык менен аныкталат. Ошол кездеги уруулук түзүлүшкө негизделген коом үчүн бул калыптанган иерархиялык системага жасалган саясий чакырык болгон. Ислам үммөтү туугандык байланышка же текке эмес, адамдын ишенимине жана жеке сапаттарына негизделип курулган.

Буга эфиопиялык мурда кул болгон сахабий – Билал ибн Рабахтын мисалы ачык далил боло алат. Ал ислам тарыхындагы алгачкы азанчы болуп таанылган. Анын өтмүшү жаңы коомдо жогорку статуска ээ болуусуна тоскоол болгон эмес. Бул коомдук тоскоолдуктарды иш жүзүндө талкалоонун жана адамдарды коомго аралаштыруунун (инклюзиянын) алгачкы тарыхый үлгүсү эле.

Мусулмандар Мединага көчүп келгенден кийин, мусулмандар, жөөттөр жана шаардын башка урууларынын ортосунда келишим түзүлгөн. Бул документти көбүнчө көп жамааттуу коомдун алгачкы жазуу түрүндөгү модели деп аташат. Келишим ар кандай диний топтордун өз ченемдери менен жашоо укугун бекитип, бирок ошол эле учурда алардын бирдиктүү саясий мейкиндиктин бир бөлүгү болушун жана коопсуздук үчүн биргелешип жооп берүүсүн шарттаган. Ошол доор үчүн бул саясий системадагы инклюзивдик мамилелердин чыныгы үлгүсү болгон.

Инклюзиянын дагы бир ачык мисалы – жамаат менен окулган намаз. Жума намазында бардык мусулмандар мечитке чогулуп, социалдык абалына, тегине же байлыгына карабай бир катарга тизилишет. Катарда ишкер менен жумушчу, тартип сакчысы же окумуштуу менен билимсиз адам, ар кандай улуттун жана маданияттын өкүлдөрү ийин тирешип чогуу тура алышат. Намазда ак сөөктөр же байлар үчүн «өзгөчө орундар» жок – Жараткандын алдында бардыгы тең.

Пайгамбарыбыздын ﷺ  заманында жана Халифалык учурунда жума намазы диний гана эмес, коомдук-саясий милдетти да аткарган. Мусулмандар мечитке ибадат кылуу үчүн гана эмес, жамааттын маанилүү маселелерин талкуулоо үчүн да чогулушкан. Хутба уруусуна же тегине карабастан, бардыгына бирдей багытталган. Бул ар бир адам өзүн бирдиктүү коомдун ажырагыс бөлүгү катары сезе турган мейкиндикти түзгөн.

Эгер азыркы доорго кайта турган болсок, инклюзивдик саясат бүгүнкү күндө, пропорционалдык өкүлчүлүк системасында – парламентке бир эле күч эмес, ар кандай партиялар жана пикирлер өткөндө жарыяланууда. Бирок бул объективдүү чындык болуп эсептелбейт. Капиталисттик системада инклюзивдик саясат көбүнчө чыныгы максаттарды жаап-жашырган ыңгайлуу форма жана ураан катары гана кызмат кылат, бирок иш жүзүндө натыйжа бербейт.

Капитализмдеги инклюзивдик саясатка каршы келген мисалдар абдан байкаларлык деңгээлде ачык. Бийлик калктын бир бөлүгүн диний, этникалык же социалдык белгилери боюнча саясий иш-чаралардан четтеткенде, бул дээрлик ар дайым коомдогу чыңалууга алып келет. XX жана XXI кылымдагы болуп өткөн окуялар, азчылыктын кызыкчылыктарын этибарга албоо, коомдогу кризистер жана жикчилдик менен аяктарын бир нече жолу далилдеди.

Ошентип, инклюзия – бул жөн гана гуманисттик ураан эмес. Бул адилеттүү теңчилик системасындагы практикалык саясий принцип. Мында мамлекет бардык жарандарды жалпы долбоорго кошот. Ислам тарыхы, теңдик жана бирдиктүү келишим идеясы, коомдук туруктуулуктун негизи боло аларын көрсөткөн.

Бурана

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button