Ирандагы абал: АКШнын жоготуулары

Ирандагы абал: АКШнын жоготуулары
Ачык булактардан алынган маалыматтарга ылайык, акыркы күндөрү АКШ менен “Израилдин” абадан коргонуу системаларынын айланасындагы абал расмий түрдө берилген маалыматтарга караганда бир топ начар экени байкалууда. Иран Перс булуңундагы АКШнын аскердик жана чалгындоо объектилерине, ошондой эле “Израилдин” аймагына сокку урууну улантууда. Акыркы эки суткадагы (5-6-март) “Израилден” тартылган видеолордон көрүнгөндөй, ирандык ракеталардын басымдуу бөлүгү – болжол менен 90%ы тоскоолдуксуз, өз буталарына жетүүдө.
Чабуулдардын фонунда АКШ аймактагы бир катар дипломатиялык миссияларын жабууга же ишин олуттуу түрдө кыскартууга мажбур болду. Эр-Рияд, Кувейт жана Бейруттагы элчиликтер жабылып, Доха, Дубай жана Манамадагы миссиялардын иши чектелди. Ошол эле учурда АКШнын негизги аскердик объектилерине: Бахрейндеги 5-флоттун базасына, Катардагы «Аль-Удейд» авиабазасына, Кувейттеги объектилерге, БАЭдеги «Аль-Дафра» базасына жана Сауд Арабиясындагы «Принц Султан» авиабазасына сокку урулганы тууралуу маалыматтар түшүүдө.
Алдын ала эскертүү системаларынын жабыркашы же алардын жок кылынышы, эң чоң сокку болду. Кеп баасы болжол менен 1,1 млрд долларлык болгон AN/FPS-132 Block 5 радары, THAAD системасы менен байланышкан AN/TPY-2 радары, ошондой эле бир катар радиолокациялык куполдорду жана спутниктик байланыш терминалдарын жок кылынганы тууралуу болууда. Спутниктен алынган маалыматтарга ылайык, Иорданиядагы Муваффак-Салти базасындагы AN/TPY-2 радары да катуу жабыркаган же жок кылынган. Бул системалар баллистикалык ракеталардын учурулганын эрте аныктап, ракетага каршы коргонууга 15 мүнөттөн 30 мүнөткө чейин убакыт берчү.
Ошол эле учурда АКШнын реалдуу жоготуулары расмий жарыялангандан алда канча көп болушу мүмкүн. Өзгөчө, АКШнын чет өлкөдөгү эң ири аскердик госпиталы – Германиядагы Ландштул медициналык борбору убактылуу төрөт кабыл алууну токтотту (башкача айтканда, согуш зоналарынан медициналык эвакуация аркылуу келген жарадарлардын агымы кескин көбөйгөндө, ресурстарды бошотуу үчүн төрөт бөлүмү ишин токтоткон).
Муну менен бирге, АКШнын 82-аба-десанттык дивизиясынын бөлүктөрүн аймакка которуу мүмкүнчүлүгү талкууланууда. Ошол эле учурда Ирандын ракета запасы канча экени белгисиз бойдон калууда. Вашингтон алардын запасы тез эле түгөнөт деп үмүттөнөт, бирок алардын көлөмү болжолдонгондон бир топ көп болушу мүмкүн.
Бурана




