Ирандагы согуш Перс булуңунда эң ири экономикалык кризиске алып келиши мүмкүн

Ирандагы согуш Перс булуңунда эң ири экономикалык кризиске алып келиши мүмкүн
Ирандагы согуш Перс булуңунда 1990-жылдардагы согуштан бери эң ири экономикалык кризиске себеп болушу мүмкүн, айрыкча Ормуз кысыгы жабык бойдон калса кризис дагы да күчөйт. Эгер, кысык эки айга жабылса, Катар менен Кувейттин ИДПсы 14%га чейин төмөндөшү мүмкүн. Сауд Арабиясы менен Эмираттардын ИДПсы 3–5%га чейин төмөндөшү ыктымал.
Комментарий: АКШ Перс булуңундагы аскердик базаларын «силерди Ирандан коргоп жатабыз» деген негизде жайгаштырган. Ал бул региондун мамлекеттерине коопсуздук кепилдигин жана экономикалык өсүштү убада кылган. Бирок, реалдуулук мунун тескерисин көрсөтүүдө. Катар, Кувейт, Сауд Арабиясы жана Эмираттар сыяктуу өлкөлөр экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнө жана коопсуздук абалынын начарлашына туш болууда. Ормуз кысыгы жабык бойдон калганы жана аскердик аракеттердин курчушу аймакты чыңалууга алып келип, экономикага терс таасирин тийгизип жатат.
Регион АКШнын таасири алдында турат. Себеби, АКШнын базаларынын турушун баскынчылык таасирин сактоочу курал катары баалого болот. Андан тышкары «бөлүп ал да башкар» стратегиясына таянып АКШ региондогу өлкөлөрдү бири-бири менен согуштуруп жибериши да мүмүкүн. Муну НАТОдогу АКШнын өкүлү Мэттью Уитакердин билдирүүлөрү ырастап турат. Анын айтымында, Перс булуңундагы өлкөлөр АКШнын тарабында туруп согушка кире алышат.
Бул жагдай АКШнын базалары ойдогудай коргоочу фактор эмес, тескерисинче, туруксуздуктун, өз ара согуштун факторуна айлантат.
Харун Абдулхак




