Макала
Trending

Ирандын айланасындагы чыңалуунун күчөшү кимге пайдалуу?

Ирандын айланасындагы чыңалуунун күчөшү кимге пайдалуу?

Ирандын айланасындагы кырдаал, кайрадан кооптуу туруксуздук фазасына кирүүдө. Бирок, кырдаал кенен жана объективдүү көз карашка муктаж. Белгилей кетсек, бул абал бир нече жумадан бери күч алып жатат. “Израил” менен Ирандын ортосундагы тутанып жаткан тирешүүдөн улам, бул кагылышууга АКШ да катышууга мажбур болууда.

Бири-бирине сокку уруу, согушка чакыруучу сөздөрдүн кескин өсүшү жана аскерлердин жогорку даярдыкка келтирилиши тууралуу акыркы жаңылыктар, чоң согушка кадам ташталгандай сезимди жаратууда. Бирок тараптардын саясий логикасы бир кыйла татаал көрүнүшкө ишарат кылууда.

“Израил” учурдагы чыңалуунун «кайра кайтпас чекитке» айланышына кызыкдар. Тел-Авив үчүн Ирандын ядролук программасы жөн гана дипломатиялык талаш эмес, бул “Израил”дин барлык маселесине тиешелүү. Кысым көрсөтүүдөгү ар кандай тыныгуу стратегиялык жеңилүү катары кабыл алынат. Ошондуктан, кагылышуунун күчөйүүсү, жөөт режимдин колундагы курал. Тагыраагы, чыр-чатактын деңгээли канчалык жогору болсо, АКШны тирешүүнүн катаал форматына тартуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогорулайт. “Израил”дин союздаш мамлекетти чыңалууга тартылууга мажбур боло турган чокту тутантып жатканы алгачкы жолу эмес.

Вашингтондун позициясы

Дональд Трамп, катуу билдирүүлөр менен Тегеранга карата демонстративдүү кысым көрсөтүп келүүдө. Бирок ага карабастан, Американын стратегиясы салттуу түрдө күч колдонуу коркунучу менен Жакынкы Чыгыштагы ири кургактыктагы согушка кирип кетпөө ыктыярынын ортосунда тең салмактуулукту сактап келет. АКШга ядролук программа, санкциялар режими жана аймактык коопсуздук архитектурасы боюнча маселелерде сезилерлик натыйжа керек. Бирок аларга дүйнөлүк экономикага, мунай рыногуна жана Кытай менен болгон сүйлөшүүгө сокку ура турган, көзөмөлдөн чыгып кетүүчү «өрттүн» кереги жок.

Трамп, сөз жана санкциялар менен кысымды эң жогорку даражадагы тактика катары колдонууда. Бул – оюнга тиккен каражаттарды болушунча көтөрүп, сокку сөзсүз боло тургандай сезим жаратып, андан соң каршылаш тарапты жеңилүүгө мажбурлоочу сүйлөшүү стратегиясына окшошуп кетет. Бирок аймактык саясатта мындай тактика оңой эле көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн. Өзгөчө, эгер союздаштардын бири, тагыраагы, “Израил убакыт өзүнө каршы иштеп жатат деп эсептесе, кырдаал курчуйт.

Ошол эле учурда, Тегеран өзүнө мүнөздүү болгон жагдайда аракеттенүүдө. Тагыраагы, кадам таштоо үчүн мейкиндикти сактоо менен бирге, демонстративдүү катуулукту көрсөтүү. Иран тарыхый жактан АКШ менен түз, толук масштабдуу согуштан качып келет. Алар бири-бири менен көбүнчө эл алдында катуу жооп кайтарууну жана жактоочу топтор аркылуу аракеттенүүнү абзел көрүшөт. Бирок, ошол эле учурда, Иран аймактагы стратегиялык маселелерде көп учурда АКШнын позициясын колдоп келген.

Америкага каршы туруу багыты Ирандын ички саясаты үчүн ар дайым ыңгайлуу курал болуп келген. Азыр да дал ушул позиция, көңүлдү ички экономикалык маселелерден жана нааразычылыктардан тышкы саясий кырдаалга бурууда. «Ошондуктан учурдагы фаза, көбүрөөк башкарылуучу эскалацияга окшоп жатат: мында максат – жооп кайтарууга кудуреттүү экенин көрсөтүү, бирок кайра кайтпас сценарий башталып кете турган чектен өтпөө.

Мунай маселеси, бул жерде өзгөчө мааниге ээ. Перс булуңундагы туруктуулукка болгон ар кандай коркунуч, дароо баалардын көтөрүлүшүнө алып келет. Котировкалардын өсүшү, бир катар экспортчуларга, анын ичинде Орусияга жана ОПЕК өлкөлөрүнө пайдалуу. Мунай канчалык кымбат болсо, алардын бюджеттери ошончолук бекем болот.

Бирок АКШ баалардын көзөмөлсүз кескин көтөрүлүшүнө кызыкдар эмес, бул өзгөчө орто мөөнөттөгү шайлоолордун алдында жана рейтингдердин төмөндөө шартында ички рынокко, инфляцияга жана шайлоочуларга сокку урат. Андан тышкары, жогорку баалар Кытайды негизги сатып алуучу катары бекемдетет жана энергетикалык тең-салмактуулукту татаалдаштырат. Вашингтонго жөн эле кыйроо эмес, көзөмөл астындагы силкинүү керек.

Бул чыңалуу геосаясий оюндун алкагында жүрүп жатканын эске алуу керек. АКШ үчүн Кытай менен болгон маекте, өзгөчө апрель айында Пекинге пландалган сапардын алдында, сүйлөшүү позициясын сактап калуу өтө маанилүү. Жакынкы Чыгыштагы өтө масштабдуу согуш Американын Азияга болгон кызыгуусун жана ресурстарын алсыратат. Ал эми өтө жумшак позиция, Трамптын «сүйлөшүүдөгү күчтүү лидер» деген беделине доо кетирет.

Мына ушул жерден, бир эле учурда сокку урууга даяр экенин көрсөтүү жана реалдуу ири аскердик кампанияга умтулбоо аракети менен карама каршылык келип чыгууда.

Чыңалууга ким кызыкдар?

Бул чыңалууга эң эле кызыкдар тарап Израил. Анткени Тел-Авив үчүн бул маселе, азыркы учурда стратегиялык мүнөзгө ээ жана аймактагы лидерлик үчүн күрөш болуп саналат. АКШ Тегеранды толугу менен жоготуп албоого кызыкдар. Алар, Иранга көзөмөл астындагы басымдын чегинде аракеттенүүнү каалашат. Кытай жана Перс булуңундагы өлкөлөр чыңалууга каршы. Аларга оболу энергия ресурстарынын агымынын туруктуулугу керек. Иран, учурда эки ача позицияда. Мамлекет тышкы коркунучтун алдында биригүүдө жана чыңалуудан улам режим бекемделип жатат. Бирок ошол эле учурда, толук кандуу согуш, режимге бийликти кармап турууну оор кылат.

Демек, жакынкы бир-эки жумада көбүрөөк чектелген аскердик чыңалуу сценарийи күтүлүүдө. Бул, өз ара сокку уруу, аскердик мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүү, киберчабуулдар жана инфраструктурага сокку уруу, бирок кургактагы басып кирүүсүз жана согушту расмий жарыялоосуз өтөт. Анткени бардык тараптар үчүн толук масштабдуу тирешүүгө өтүүнүн баасы өтө кымбат.

Жыйынтык

Тарых буга чейин бир нече жолу көрсөткөндөй: АКШ менен Ирандын ортосундагы кризистер чегине жетип, бирок кайра артка кайтып турган. Иран, адатта жашыруун байланыш каналдарын сактоо менен бирге, катуу багытты жүргүзөт. Ал эми АКШ, мейли ядролук маселе боюнча жеңилдиктер болсун, же аймактык активдүүлүктү чектөө, же санкциялык режимди күчөтүү болсун, кыскасы, кысымды саясий жеңишти камсыз кыла турган чекитке чейин жеткирүүнү туура көрөт.

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button