Макала
Trending

Ирандын айланасындагы чыңалуу күч алууда

Ирандын айланасындагы чыңалуу күч алууда

АКШ менен Ирандын ортосундагы мамилелер, ядролук келишпестиктер аймактагы аскердик күчтөрдүн демонстрациясынан улам, тездик менен курчуп жатат. Вашингтон Тегеранга, эгерде ядролук программа боюнча келишимден баш тартып, абалды андан ары курчута турган болсо, аскердик операция жасалышы мүмкүндүгүн расмий түрдө эскертти. Ошону менен бирге АКШ аймактагы аскердик катышуусун күчөтүүдө. Перс булуңунда жана Жер ортолук деңизинин чыгыш бөлүгүндө кошумча кемелер жана абадан сокку бере турган учак топтору жайгаштырылды.

Мындай кырдаалга Москва менен Бээжин кескин каршылыгын билдиришти. Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров, күч колдонуу сценарийине жол берилбестигин айтып, масштабдуу аскердик жаңжалдын тобокелдиктерин белгилөө менен токтоолукка чакырды. Иранды колдоо максатында Орусия менен Кытай биргелешкен аскердик-деңиз машыгууларын башташты. Машыгуулар Иран менен биргеликте дүйнөлүк энергетикалык логистиканын стратегиялык чекити болгон Ормуз кысыгында жана Инди океанынын түндүк бөлүгүндө өтүүдө.

Москва, Бээжин жана Тегерандын кызматташтыгынын активдешүүсүнө Американын аскердик басымынын күчөшү жана Ирандын инфраструктурасына сокку уруу коркунучу расмий себеп катары айтылууда. Биргелешкен машыгуулар АКШнын «туруксуздукту жаратуучу аракеттерине» жооп катары жана коопсуздук чөйрөсүндөгү координацияга даяр экендигин көрсөтүү катары сыпатталууда.

Ошол эле учурда Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы дипломатиялык байланыштар уланууда, бирок сүйлөшүү жараяндары аскердик чыңалууну арттыруу менен бир катар жүрүп жаткандыктан, абал өтө туруксуз бойдон калууда.

Жогорудагылардан келип чыгып окуялардын өнүгүшү бир нече сценарийде болушу мүмкүн:

  • Ирандын аскердик же ядролук мекемелерине чектелген соккуларды уруу;
  • Ормуз кысыгын жаап салуу же блокадага алуу;
  • Аймактагы союздаштарды, анын ичинде Перс булуңундагы өлкөлөрдү кагылышууга тартуу;
  • Дипломатиялык жана аскердик-техникалык деңгээлде Орусия менен Кытайдын аймакка катышуусуна каршы тирешүүнүн кеңейиши.

Демек, Америка чыңалууну арттыруу менен аймактагы Ирандын ролун кыскартуу долбоорун илгерилетүүнү, Кытайга агып жаткан мунай жана чийки заттардын агымын көзөмөлдөөнү максат кылууда. Мунун баары аймактагы күчтөрдүн тең салмактуулугуна, мунай жеткирүүнүн коопсуздугуна жана дүйнөлүк экономиканын туруктуулугуна таасирин тийгизиши мүмкүн. Учурдагы шарттарда ар кандай ката кадам же чагымчылдык, тез арада көзөмөлдөө кыйын болгон кесепеттерге алып келиши ыктымал.

Хужжат Жамиа

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button