Макала
Trending

Ирандын өтмүшүнөн ибрат алуу керек!

Ирандын өтмүшүнөн ибрат алуу керек!

Иран аймагы мусулмандар тарабынан рошид халифа Умар ибн Хаттаб доорунда фатх кылынган. Бул Кадисия жана Нахаванд сыяктуу чечүүчү ири согуштар аркылуу болду. Фарс тилинде Иран сөзү “арийлер өлкөсү” деген маанини түшүндүрөт. Бул ошол аймакта отурукташкан арий калктарга карата айтылган. 1935-жылы Иран шахы Риза Пахлавийдин талабы менен өлкөгө расмий Иран деген наам берилди.

Иран аймагында тарыхта бир катар мамлекеттер түптөлгөн:

  1. 1502-жылы Сафавийлер мамлекети доор сүргөн. Исмаил Мирза Сафавийлер мамлекетин түптөп, шиа мазхабын мамлекеттин расмий мазхабы деп жарыялады. Бул мазхаб Иран калкына зомбулук менен орнотулду. Иранды исламий фатхтан баштап карманып келген сунний мазхабынан шиа мазхабына өзгөрткөндөр ушул Сафавийлер болуп эсептелет. Сафавийлер менен Усманий мамлекет ортосунда бир катар согуштар болду. Өз доорунда бул согуштар Орто Азия, Синд жана Индиядагы исламий өлкөлөрдүн Усманий мамлекетине кошулушуна тоскоолдук кылды. 1722-жылы Сафавийлердин өкүмдарлыгы афган урууларынын шейхи Махмуд Хан тарабынан кулатылды.
  2. 1795-жылы Кажарлар мамлекети түптөлдү. Кажарлардын өкүмдарлыгы доорунда мамлекеттин иштерине орустар жана англистер аралашты жана Иран Англия менен Россиянын таасири астындагы регионго айланды. Акыбетте Кажарлар Кавказды орустарга тапшырышты, Британиянын басымы астында Афганистанга эгемендик беришти, чет элдик концессиялар мыйзамын иштеп чыгышып, өлкөнүн нефть жана кен байлыктарынан пайдаланып жаткан Британияга темир жолун жана транспорт жолдорун курууга уруксат беришти. Кажарлар мамлекети Риза Шах Пахлавийдин Ахмад Мирзага каршы төңкөрүш жасашы менен кулатылды.
  3. 1925-жылы Пахлавийлер мамлекети түптөлдү. Риза Шах Пахлавий ушул мамлекеттик төңкөрүштү ишке ашырып, өзүн Иран шахы деп жарыялады. Анын өкүмдарлыгы доорунда Иран колонизаторлордун ортосундагы таасир талашуучу аймак болду. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Америка Россияга Ирандын түндүгүнөн чыгып кетүүгө басым кылды. Америка менен Британиянын ортосундагы таасир талашуу күрөшү 1979-жылы Хамейний ыңкылабына чейин уланды.
  4. Иран Ислам Республикасы. Исламий ыңкылаптан же «1979-жылдагы Хамейний ыңкылабынан» кийин түптөлгөн. Иран мамлекети монархиялык башкаруудан диний республикалык т.а. теократиялык башкарууга өттү. Исна ашарий шиа мазхабына негизделген Иран Ислам республикасы жарыяланды жана бүгүнкү күнгө чейин Иран ушул бийликке моюн сунуп келүүдө. Ушул орунда Хамейний ыңкылабы Иранда Англия-Америка күрөшүнүн тарыхында маанилүү доор болгонун өзгөчө баса белгилөө зарыл. Иран жана анын режиминин бүгүнкү абалына келгенге чейин басып өткөн саясий доорлордун кыскача тизмеси мына ушундай.

Хамейний ыңкылабынан кийин Иран Британия таасиринен чыгып Америка таасири астына өттү. Иран режими ондогон жылдардан бери Американын орбитасынан чыкпай аракет кылды. Америка бул режимге өтө маанилүү саясий факторлордун бирин т.а. мусулмандардын биригишин алдын алуу жана АКШнын региондогу таасирин сактап туруу милдетин жүктөгөн. Ал муну бир нече маанилүү жолдор аркылуу ишке ашырды:

  1. Америка региондо мазхабпарастык (сунний-шиа) күрөшүн чыгарып, Иран режимин шиа тараптын жетекчиси кылуу жана ушул күрөштү азыктандыруу үстүндө иштеди. Акыры региондо саясий, аскерий жана мазхабпарастык чыр-чатагын козгоду. Мисалы, Америка Иракты басып алууда пайдаланган куралдардын арасында эң маанилүү фактор мазхабпарастык болду жана Америка Иракка белгилүү бир даражада өкүмдар болду.
  2. Америка Иран режиминен мокочо жасап, исламий региондун, негизинен Фарс булуңунун коопсуздугуна коркунуч катары пайдаланды. Ал эми АКШ өзүн региондун коргоочусу кылып көрсөттү. Муну менен аймакта аскерий базаларды түзүп, аскерий катышуусу күчөдү. Мындан максат – нефть кендерине ээ болуу жана региондогу таасирин сактап туруу эле.
  3. Американын Иранга тапшырган бул регионалдык борбордук ролу Иран режиминин чыныгы жүзүн ачыктады. Муну Ирандын региондогу ар бир маселеде, Ирак, Афганистан, Яман, Сирия, Ливан жана башка өлкөлөрүбүздө Америка менен биргеликте кадам таштап жатканынан көрүү мүмкүн. Негизи, Батыштын кызыкчылыктарын ишке ашыруу ролун бул режим өзү да моюнга алган. Мисалы, көптөгөн ирандык жетекчилер Американын Афганистан менен Иракты басып алышына негизинен Иран мүмкүнчүлүк жаратып бергени туурасында билдирүү беришкен. Дагы бир мисал, Америка Иракты басып алуу учурунда Ирак калкынан таптакыр күтпөгөн үлкөн каршылыкка туш келди. Ошондо ал Иранды аралаштырды. Иран ал жердеги өз мазхабынын тарапкерлерине таасир өткөрүп, баскынчылыкка каршы күрөштү токтотуу, каршылык кыймылына каршы туруп, баскынчы Америкага жана ал орноткон режимге мыйзамдуулук түсүн берүү менен Америкага жардам берди. Ливанда Иран режими өз мазхабынын тарапкерлеринен уюм түздү жана аны куралдантып, өзүнүн атайын армиясына айлантты. Ирандын Ливандагы бул уюму Сирия режимин колдоп-кубаттады.

Сирияга келсек, Иран ал жерде өткөн кылымдын сексенинчи жылдарындагы козголоңдон баштап, кийин Шам козголоңуна аралашканда көрүнөт. Андан кийин Иран Ислам менен жашоону жана рошид Халифалык тикелөөнү каалаган исламий чөйрөгө Америка малайы болгон Асад режими менен бергилекте согушту.

Афганистанда да Иран режими баскынчы АКШны жана Карзай бийлигин колдоп-кубаттады. Мурунку Иран президенти Рафсанжаний өз билдирүүсүндө: «Эгер биздин күчтөр Талибанга каршы жардам бербегенде, Америка афган баткагына батмак», – деген. Мурунку Иран президенти Хатамийдин вице-президенти Мухаммад Али Абтахий да мындай деген: «Эгер Иран Америка менен кызматташпаганда, Кабул менен Багдад жеңилбейт эле, бирок, мунун акысына бизди карасанатайлык огуна кошуп коюшту». Ахмадий Нажад өз билдирүүсүндө: «Күчтөрүбүз Афганистан жана Иракта Америкага жардам колун сунду», деген.

Яманда Ирандын Хусийлер менен мамилеси ачык-айкын жана белгилүү. Америка Хусийлерге курал-жарак жана техниканы Иран аркылуу жеткирип берген. Ушул таризде Ирандын региондогу ролу Америка саясатынын огу менен айланды. Бул роль Америка саясатынын талаптарына карап кээде кеңейип, кээде кыскарып турду.

Ал эми, Трамптын биринчи мөөнөтүнөн тарта Американын Иранга карата саясаты өзгөрө баштады. Жакынкы Чыгышта «израил»дин ролун чоңойтуу үчүн мусулман өлкөлөрү менен нормалдашуу саясатын жүргүзө баштады. Трамптын талаптарын бир катар араб жана ажам өлкө жетекчилери кабыл алып, жөөт вужуду менен дипломатиялык алакаларды орнотушту. Трамп Иран өзүнө толук баш ийген, айтканын айткандай кылган, каалаганын аткарган көз каранды мамлекет болушун каалады. Ушул максатта Ирандын Ирактагы таасирлүү генералдарын жок кылды.

Кийин 7-октябрь окуялары жүз берди жана жөөт вужудунун көбүртүлүп көрсөтүлүп келген аскерий кубаты көбүктөн экени айкын болду. Натыйжада, яхудийлердин аброюн кайтаруу үчүн Ирандын Ливандагы аскерий канаты хизбулла жетекчилери бутага алынды. Хизбулланын жетекчилери биринин артынан экинчиси жан берип жатканына карабастан, Иран бийлиги толук кандуу жардам колун сунууга жарабады. Анын ордуна Америка менен сүйлөшүү үстөлүнө отурду. Америка менен Иран делегаттары Маскаттагы беш раундга созулган сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Андан кийин Трамп жана яхудий түзүмү тарабынан Иранга «он эки күндүк чабуулдар» деп аталган соккулар жасалды. Трамп Ирандын үч өзөктүк объектисин бутага алганын жарыялап, америкалык соккунун ийгиликтүү болгонун билдирди. Бирок бул чабуулдар да Иранга сабак болбоду. Анткени, Иран бийлигинин аймактагы ролу аяктаган эле. Түркиянын колдоосу менен Асад режими кулап, Сирияда Трампка берилгендик менен кызмат кыла турган жаңы режим орнотулду.

Америка кайрадан сүйлөшүүлөр аркылуу айла кылууга кайтып, ошол эле маселелерге б.а. Ирандын ракета жана өзөктүк куралдарын куралсыздандырууга көңүл бурду. Биринчи жолу беш раунддан кийин чабуул жасалгандай эле, бул жолу да үч раунддук сүйлөшүүнүн артынан чабуул болду. Натыйжада Ирандын лидери Аятолла Хаменеи баштаган бир катар жетекчилер курман болду. Бул жырткыч чабуул Иран Америка огунда айланып турган учурда ишке ашырылды.

Эгер бул башкаруучулар Америка өз кызыкчылыгына ылайык келген учурда аларды жок кылуудан тартынбастыгын түшүнүшсө, тарыхтагы окуялардан сабак алышмак. Анткени канчалаган кызматчылар өз милдети бүткөндөн кийин кулатылды. Бирок дүлөй, тилсиз жана сокур абалга кептелген араб режимдери да, айла-амал иштетип келе жаткан Эрдоган Түркиясы да бул окуялардан сабак албай жатышат.

Алардын колонизатор каапырларга болгон берилгендиги ушунчалык деңгээлге жеткендиктен, алардын кайсы бир өлкөсүнө кол салынса, башкалары жардамга да келбейт. Алардын эң «мыктысы» өлгөндөр менен жарадарларды санап коюу менен чектелет. Иранга каршы чабуулда болуп жаткан көрүнүш да ушундай болду. Аллах Таала айтат:

﴿الَّذِينَ يَتَّخِذُونَ الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِ الْمُؤْمِنِينَ أَيَبْتَغُونَ عِنْدَهُمُ الْعِزَّةَ فَإِنَّ الْعِزَّةَ لِلَّهِ جَمِيعاً﴾

«Алар момундарды коюп, каапырларды дос тутушат, эмне, алар ошол каапырлардын жанынан күч-кубат издешеби?! (Убара болушат!). Анткени бардык күч-кубат Аллага таандык». (Ниса: 139).

Демек, мусулмандар үммөттү куткара турган, күч-кубатын арттыра турган жана душмандарын ага кол салуудан мурда миң жолу ойлонууга мажбур кыла турган Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылышы керек. Ошондо жер жүзү анын жакшылыгы жана адилеттиги менен нурланат. Халифалык өтмүштөгү падышалардын текеберлигин жок кылгандай, зөөкүр Трамп жана ага окшогон колонизатор каапырлардын текеберлигин да жок кылат.

Бурана

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button