Комментарий

Иран аймактык чектөө саясаты менен эл аралык басымдын ортосунда

Иран аймактык чектөө саясаты менен эл аралык басымдын ортосунда

Күч таразасы жана мүмкүнчүлүктүн чектери

Чоң кызыкчылыктар эски эсеп-кысаптар менен кесилишкен аймакта Иран токтобогон саясий жана коопсуздук бороондун борборунда турат. 1979-жылдагы революциядан бери Иран жөн гана өз таасирин бекемдөөгө умтулган аймактык мамлекет болбостон, Жакынкы Чыгыштагы күч таразасынын негизги оюнчусуна айланган. Ал таасирин Перс булуңунан Жер Ортолук деңизине чейин жайылтып, АКШга каршы экенин көрсөтүмүш болуп, чындыгында АКШ пландарын ишке ашыруу кызматын аткарган.

Иран жыйырма жылдан ашык убакыттан бери аймактагы таасиринин кеңейиши менен ага карата эл аралык басымдын күчөшү ортосундагы татаал тиреш абалында жашап келет. Ал Жакынкы Чыгыштагы бир катар чыңалуу очокторунда саясий жана аскерий катышуусун бекемдеген менен, ошол эле учурда экономикалык санкцияларга жана дипломатиялык обочолонууга көбүрөөк туш болду.

2003-жылдан тартып, Иракта Саддам Хусейн режими кулагандан кийин, Ирандын аймактагы таасири күчөй баштады. Ал ички жана тышкы союздаштарын саясий, экономикалык же аскерий жактан колдоого негизделген стратегияга таянды. Ошентип, анын таасири Иракта саясий күч жана аскерий топтор аркылуу, АКШнын жашыруун колдоосу менен кеңейди. Сирияда революция маалында Башар Асад режимин колдоду; Ливанда өзүнө караштуу партияны колдоо аркылуу таасирин бекемдеди; Йеменде болсо хусийлерди колдоду. Бул кеңейүү ага стратегиялык басым куралдарын берип, “каршылык огу” деп аталган түзүлүштү бекемдеди. Натыйжада ал аймактык күч таразасына таасир эткен жана Жакынкы Чыгышка байланыштуу кандай гана келишим болбосун, эске алынбай коюуга мүмкүн эмес оюнчуга айланды.

Бирок аймактагы америкалык саясат өзгөргөн сайын көрүнүш да өзгөрдү. Ирандын тышкы таасир куралдары чектелип, чет өлкөлөрдө анын бир катар көрүнүктүү өкүлдөрү өлтүрүлдү. Айрым ири иштерди жетектеген адамдардын өлтүрүлүшү менен ал иштер жабылды, ал эми президент Ибрахим Раисинин каза болушу менен бул иштердин белгилери да жоголду. Ошондой эле Иран жетекчилерине каршы удаа-удаа соккулар жасалып, анын өзөктүк программасына байланыштуу санкциялар аркылуу эл аралык басым күчөдү. Айрыкча Трамп администрациясы 2018-жылы биринчи мөөнөтүндө өзөктүк келишимден чыккан соң бул басым күч алды. Дал ушул жерде бурулуш учур пайда болуп, АКШ мунай жана банк тармактарын бутага алган катуу санкцияларды кайра киргизди.

Жо Байдендин доорунда келишимди кайра жандандыруу аракеттеринде үмүт шооласы пайда болгонуна карабастан, сүйлөшүүлөр токтоп калды. Ошол эле учурда Иран уранды байытуу деңгээлин жогорулатууну улантты, бул Батыштагы кооптонууларды күчөтүп, түз эмес кагылышуу ыктымалдыгын арттырды.

Санкциялар Иран экономикасынын абалын ого бетер оорлотту. Анын таасири өлкө ичинде улуттук валютанын арзандашы, инфляция жана жумушсуздуктун өсүшү аркылуу байкалып, коомдук басымды күчөтүп, кайталанган нааразылык акцияларына алып келди.

Иран жетекчилиги так эсептелген теңдемеге таянат: экономикалык жоготуулардын ордун толтуруу үчүн аймактык жетишкендиктерди көбөйтүү жана ички фронттун биримдигин сактоо. Бирок санкциялардын улантылышы экономикага түзүмдүк чакырык жаратып жатат, ал эми аймактагы жаңжалдарга терең аралашуу Иранга улам көбөйгөн каржылык жана саясий жүктү жүктөөдө. Бул жагдай айрым учурларда басымдын таасири менен кээ бир багыттардагы катышуусун азайтууга мажбур кылды.

Бүгүнкү күндө Ирандын ички абалы тышкы басымдардын уланышы жана экономикалык кысымдын күчөшү шартында татаал баскычты башынан өткөрүүдө. Ошондой эле ички саясий көрүнүштө өзгөрүүлөр болууда, анткени түзүм шайланган жана шайланбаган институттардын ортосундагы тең салмакка негизделген. Реформатордук агымдын таасири алсырап, консервативдүү агымдын таасири күчөдү, бул шайлоого катышуу көрсөткүчүнүн байкаларлык төмөндөшүнө алып келип, коомдун саясий процесске карата салыштырмалуу кайдыгерлигин чагылдырат.

Акыркы мезгилде Иранда кайталанган нааразылык толкундары да байкалды. Бул кыймылдардын артында ким турганына карабастан, жаштар менен бийликтин ортосундагы ажырым, жаштардын жеке эркиндиктерге умтулуусу, социалдык тармактардын таасири жана экономикалык абалдын оорлошуусу коомдук чыңалуунун күчөшүнө алып келип, көчө нааразылыкка даяр экенин көрсөттү. Бирок ар бир кыймылга карабастан, режим азыркыга чейин коопсуздук жана аскердик куралдар, ошондой эле тышкы басымга каршы туруу темасына басым жасаган мобилизациялык багыт аркылуу туруктуулук таразасын сактап калууга жетишүүдө.

Бул басымга жооп катары Иран Чыгышка карай ачыктыгын күчөттү. Бул, айрыкча, энергия жана инфраструктура тармактарын камтыган узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүк алкагында Кытай менен болгон мамилелеринде, ошондой эле саясий жана аскерий кызматташтык аркылуу Россия менен, өзгөчө аймактык жана эл аралык маселелерде кызматташтыгында көрүнөт. Ошондой эле ал Шанхай кызматташтык уюму сыяктуу Батышка кирбеген бирикмелерге кошулуп, өзүнө саясий жана экономикалык дем алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылды.

Мунун каршысында АКШ Иранды толугу менен муунтууну көздөбөйт, тескерисинче анын өзөктүк программасын жана алыс аралыкка учуучу баллистикалык ракеталарын көзөмөлдөөгө умтулат. Ал экономикалык жана саясий басым аркылуу Иранды багынууларга мажбурлоону көздөйт, ошол эле учурда аймактагы союздаштарынын үстөмдүгүн сактоого аракет кылат. Алардын башында аскерий жана өзөктүк артыкчылыгын сактоого умтулган яхудий түзүмү турат.

Ал эми яхудий түзүмү жаңжалды «согуштар арасындагы операциялар» деп аталган ыкма аркылуу башкарууга умтулат. Башкача айтканда, кеңири аймактык кагылышууга барбастан, Иран жайгашуусунун чыгымын көбөйтүү үчүн чектелген кибер, аба же деңиз соккуларын жүргүзөт. АКШ болсо өзөктүк куралдардын жайылышына жол бербөөгө артыкчылык берет жана кеңири согуштан качууга аракет кылат, бирок басымды күчөтүү үчүн чектелген, эсептелген сокку мүмкүнчүлүгүн да четке какпайт.

АКШ менен яхудий түзүмүнүн ортосундагы айырма тобокелдик деңгээлинде жатат: яхудий түзүмү алдын алуучу күч колдонуу жолун жактайт, ал эми АКШ аймактагы кеңири тең салмакты сактоо үчүн убактылуу келишимдерге же баскычтуу макулдашууларга эшикти ачык калтырат.

Яхудий түзүмүнүн Америка ичинде басым жасоо куралдары бар. Алардын эң негизгиси — Америка-яхудий коомдук иштер комитети (AIPAC). Бул уюм саясий колдоо жана мыйзам чыгаруу басымы аркылуу Конгресске таасир этет, Республикалык жана Демократиялык партияларда күчтүү өнөктөштөргө ээ жана яхудий түзүмүнүн коопсуздугун Жакынкы Чыгыштагы АКШ кызыкчылыктары менен байланыштырган коопсуздук багытын колдонот. Бирок бул куралдар согуш чечимин таңуулай албайт, анткени америкалык чечимдер эң оболу АКШнын улуттук кызыкчылыктарына негизделет.

Эгер дипломатиялык басым куралдары жетишсиз деп эсептелсе, АКШ чектелген жана кыска мөөнөттүү соккуга кайрылышы мүмкүн. Бирок ал так эсептелген болушу керек: мисалы, чектелген аба соккусу, деңиздеги кагылышуу же киберчабуул, ошондой эле Коопсуздук Кеңешинде ыкчам дипломатиялык аракеттер, биринчи күндөн тартып ортомчулукту ишке киргизүү жана Иран режимине ички басымды күчөтүү аракеттери.

Акырында, Иран өтө сезимтал аймактык таразанын борборунда калууда. Бул жерде кармоо стратегиясынын чектери аброй эсептери менен аралашып, ири державалардын кызыкчылыктары ички татаал көйгөйлөр менен кесилишет.

Маселе согушпу же тынчтыкпы деген суроо менен эле чектелбейт, тескерисинче күч менен чыгымдын, амбиция менен мүмкүнчүлүктүн, аскерий белги менен жашыруун дипломатиялык ишараттардын ортосундагы кылдат тең салмактуулуту кармоодо.

АКШ кандай гана туура эмес эсептелген кадам таштабасын, салттуу эсеп-кысаптан ашкан кеңири кагылышууну тутантып, анын таасири дүйнөлүк экономикага, энергетикалык коопсуздукка жана бүтүндөй аймактын туруктуулугуна жайылышы мүмкүн экенин түшүнөт. Ошондуктан азыркы көрүнүш туңгуюктун үстүндө аркан тартышкандай абалга окшош: ар бир тарап жипти толук үзбөстөн, бири-биринин сабырын сыноодо.

Келечек түз сызык менен белгиленген эмес жана суроо ачык бойдон калууда: “салкын кармоо” логикасы жеңишке жетеби же сезимге берилген учурлар эсептин акылмандыгынан үстөм болобу?

Жакынкы Чыгыштагы өзгөрүүлөрдү ниеттер гана аныктабайт, аларды күч таразалары, алардын өзгөрүшү, мүмкүнчүлүктүн чектери жана күч таразалары өзгөргөн учурда коомдук колдоонун кырдаалды түп-тамырынан өзгөртө алуу жөндөмү аныктайт.

Набил Абдулкарим

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button