
Иран боюнча айрым өлкө лидерлеринин позициялары
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчуп жаткан чакта, Борбор Азия өлкөлөрүнүн, Россиянын жана бир катар ислам калкы басымдуулук кылган мамлекеттердин лидерлеринин расмий реакциялары жалпысынан токтоо-дипломатиялык мүнөздө болуп, чыңалуунун токтотулушуна басым жасоодо.
Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров акыркы чыңалуу боюнча азырынча өзүнчө кеңири расмий билдирүү жасай элек. Ошентсе да, социалдык тармактарда президенттин тараптарды карманууга жана аскердик аракеттерди токтотууга чакырган такталбаган позициясы айтылууда. Бирок Бишкектин расмий түзүмдөр аркылуу жүргүзүп жаткан тышкы саясий багыты, салттуу түрдө токтоо дипломатиялык жөнгө салууну жана «Ислам кызматташтык уюму» сыяктуу эл аралык ислам аянтчаларынын алкагында өз ара аракеттенүүнү жактайт.
Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Жакынкы Чыгыштагы бир катар мамлекеттерге (өзгөчө, Араб монархияларына – БАЭ, Сауд Арабиясы, Катар, Бахрейн, Кувейт) тилектештигин билдирген расмий билдирүүлөрдү жөнөттү. Анда ал дос өлкөлөрдүн эркиндигине жана коопсуздугуна колдоо көрсөтөрүн билдирип, туруктуулукка доо кетирген аскердик аракеттердин жол берилгистигин баса белгиледи жана чыр-чатакты саясий-дипломатиялык жол менен жөнгө салууну жактап чыкты.
Ислам дүйнөсү» деп аталган мусулман калктуу өлкөлөрдө, реакциялар негизинен эгемендүүлүктүн бузулушун абстракттуу айыптоо жана аракеттерди бириктирүү чакырыктарынын тегерегинде болууда. «Ислам кызматташтык уюмунун» жетекчилиги буга чейин мусулман мамлекеттеринин аймагына жасалган соккуларды эл аралык укукту бузуу катары айыптап, эл аралык институттар аркылуу аракеттерди жөнгө салууну жактап келген. Бир катар араб мамлекеттери, анын ичинде Сауд Арабиясы, Перс булуңундагы өлкөлөргө жасалган соккуларды эгемендүүлүккө кол салуу жана аймактык туруктуулукка коркунуч катары атап, ачык айыпташты.
Жалпысынан алганда, бул реакциялар жөн гана этияттык эмес, алардын АКШга каратылган кооптонуусун көрсөтүп турат. Мындай позиция дипломатиялык милдеттенмелер менен акталууда. Кескин билдирүүлөрдөн баш тартуу, мамлекеттердин эгемендүүлүгүнө басым жасоо жана эл аралык механизмдер аркылуу чыңалуунун андан ары курчушуна жол бербөөгө умтулуу байкалат.
Бүгүнкү күндөгү кырдаал
2026-жылдын 1-мартына карата Жакынкы Чыгыштагы абал өтө чыңалган абалда калууда. АКШ жана “Израиль” Ирандын аймагындагы аскердик жана стратегиялык объекттерге масштабдуу соккуларды баштады. Буга жооп катары Иран “Израилдин” аймагына, ошондой эле Сауд Арабиясындагы, Бахрейндеги, Кувейттеги жана Эмираттардагы АКШга тиешелүү объекттерге ракеталык жана дрондук соккуларды урууда. Учурда жаңжал ачык түрдөгү түз аскердик тирешүү фазасына өттү.
Иранда ири жоготуулар жана кыйроолор катталганы кабарланууда. Аскер кызматкерлери менен карапайым калк арасында курман болгондор бар, инфраструктура жабыркап, авиакаттамдар токтотулуп, аэропорттор жабылды. Түшкөн маалыматтарга караганда, соккулардын натыйжасында Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болду. Ирандын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары анын өлүмүн тастыктап, ошондой эле анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана бир катар жогорку даражалуу аскер кызматкерлеринин каза болгонун билдиришти. Мындан тышкары, Ирандын бардык аймагында жүздөгөн адамдар курман болгону айтылууда. Минаб шаарындагы мектепке жасалган аба соккусу эң трагедиялуу окуялардын бири болду. Анда кеминде 148 адам каза болду, алардын көбү жаш балдар.
Перс булуңундагы өлкөлөр да кооптуу зонада калды, ал жерлерде ракеталардын жана учкучсуз учактардын учуп өткөнү, атып түшүрүлгөнү жана кулаганы катталууда. Кырдаалдын курчушуна Ормуз кысыгынын тегерегиндеги абал негизги фактор болду. Иран бул кысыкты кемелердин өтүүсү үчүн иш жүзүндө жабык деп жарыялады, натыйжада танкерлердин кыймылы кескин чектелди. Коммерциялык кемелер менен байланышкан окуялар, анын ичинде мунай танкеринин жабыркашы катталды. Бул дүйнөлүк мунай жана суюлтулган газ жеткирүүгө олуттуу коркунуч туудурат, анткени дүйнөлүк энергия экспорттун олуттуу бөлүгү дал ушул кысык аркылуу өтөт.
Рыноктордун реакциясы дароо байкалды: мунайдын дүйнөлүк баасы кескин жогорулады. Brent жана WTI маркасындагы мунайдын котировкалары акыркы бир нече айдагы эң жогорку чекке жетип, туруксуздугун көрсөтүүнү улантууда. Аналитиктер, эгер кысыктын блокадасы сакталса же жаңжал андан ары жайылса, жеткирүүлөрдүн үзгүлтүккө учуроо коркунучунан улам баалар дагы өсүшү мүмкүн экенин эскертишүүдө.
Жалпысынан алганда, аймак жогорку аскердик жана экономикалык туруксуздук абалында турат. Бул жаңжалдын андан ары кеңейишине жана глобалдык энергетикалык кесепеттердин күчөшүнө алып келүүчү олуттуу коркунучтарр бар.
Зарыл болгон позиция
Хаменеинин өлүмүнө кубануу керекпи же кайгыруу керекпи, аймактагы эскалация кооптуубу же бул АКШга көз карандылыктан чыгып, “Израилди” жок кылуу маселесин биротоло чечүүнүн көптөн күткөн мүмкүнчүлүгүбү деген суроолор бир гана аймак үчүн эмес, бүткүл мусулман үммөтү үчүн актуалдуу. Араб жарым аралындагы өлкөлөр Америкага болгон кулдук сезиминен улам кырдаалдын барымтасына айланып, аргасыздан тирешүүгө жана мусулмандар ортосундагы бир туугандык согушка барууда. Бул нерседен исламдын жана мусулмандардын душмандары гана пайда көрөт. Батыштын башкаруусу астындагы жиктелүү жана эгоисттик максаттар мусулман өлкө лидерлеринин саясий позициясынын алсыздыгын дагы бир жолу көрсөтүп жатат. Мусулман лидерлери колониалдык көз карандылыктан корккондуктан, ислам үммөтүнүн душманын сестендирүү үчүн күч колдонуу боюнча татыктуу позицияны жарыялоонун ордуна, тиштерин кычыратып, тынчтык жолу менен жөнгө салууну суранууга мажбур болушууда.
Ирандын мусулмандарына келсек, силер үчүн ислам мамлекети деген аталыштагы формалдуу болгон байланышыңарды үзүүгө жана ислам долбоорун толук кандуу кабыл алууну, ошондой эле Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в)дын сүннөтүнө негизделген башкаруу минхажын жарыялоого убакыт келди! АКШнын таасиринен жана мусулмандардын тынчын алган Американын “Израил” сыяктуу “азуулуу итинин” таасиринен чечкиндүү түрдө арылуунун мезгили келип жетти! Халифалыктын түзүлгөнүн жарыялагыла жана ибадатта да, башкарууда да исламга каршы келген, аны мазактаган нерселердин баарын четке кагып, ыргытып салгыла!
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا ادْخُلُوا فِي السِّلْمِ كَافَّةً وَلَا تَتَّبِعُوا خُطُوَاتِ الشَّيْطَانِ ۚ إِنَّهُ لَكُمْ عَدُوٌّ مُبِينٌ
Эй ыйман келтиргендер, Исламга толук киргиле жана шайтанды ээрчибегиле! Чындыгында, ал силер үчүн ачык душман. (2, 208)
Хужжат Жамия




