Иран согушка байланыштуу азык-түлүк экспортун токтотту

Иран согушка байланыштуу азык-түлүк экспортун токтотту
Жакынкы Чыгыштагы согуш, Борбор Азиядагы жана Орусиядагы соода-сатыкка терс таасирин тийгизе баштады. АКШ, “Израил” жана Ирандын ортосундагы чыңалуу күчөгөндөн кийин, Тегеран 3-мартта азык-түлүк экспортуна толук тыюу салды. Бул чечим, акыркы жылдары аймактын базарлары көнүп калган бир катар товарлардын таңкыстыгын жаратат.
Кеп алгач мисте, курма, анар, цитрус жемиштери, помидор, жүзүм, кургатылган жемиштер жана татымалдар жөнүндө болуп жатат. Мисте жана курма сыяктуу айрым товарлар боюнча Иран негизги жана алмаштыргыс жеткирүүчү болуп саналат, ошондуктан алардын жок болушу баалардын өсүшүнө гана эмес, эгер башка булактардан товар келсе, базарларда продукциянын сапатынын төмөндөшүнө да алып келиши мүмкүн.
Акыркы жылдары аймактын Иран менен соода байланыштары жигердүү өнүгүп келген. Тегеран 2023-жылы Евразия экономикалык биримдигинде байкоочу статусун алгандан кийин, андан соң 2025-жылы күчүнө кирген эркин соода келишиминен кийин, тараптар товар жүгүртүүнүн кескин өсүшүн күтүшкөн.
Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Иран маанилүү соода өнөктөшкө айланган. Казакстан дан экспортун миллион тоннадан ашырса, Тажикстан беш жыл ичинде Иран менен товар жүгүртүүнү төрт эсеге жакын арттырган. Ал эми Кыргызстан соода көлөмүн үчтөн бирден ашыкка өстүргөн. Өзбекстан болсо Иран багытын Европага жана Түркияга транзиттик негизги каттамдардын бири катары колдонуп келген.
Бирок аскердик чыңалуу азык-түлүк жеткирүү үчүн гана эмес, бүтүндөй логистикалык инфраструктура үчүн кооп-коркунучтарды жаратат. Каспий аркылуу өтүүчү каттамдар, эл аралык транспорттук коридорлор, ошондой эле банктык эсептешүүлөр жана жүктөрдү ташуу кооптуу абалда турат.
Кыска мөөнөттүү келечекте, бул жеткирүүнүн үзгүлтүккө учурашына, импорттук продукциянын баасынын көтөрүлүшүнө жана логистикалык каттамдардын кайра каралышына алып келиши мүмкүн. Аймактагы өлкөлөр, башка альтернативаларды – Транскаспий каттамы жана Кытай багыты аркылуу өтчү жолдорду издей баштады. Бирок, эксперттердин пикири боюнча, иран базарын жана анын продукциясын тез арада алмаштыруу оңой болбойт. Ошондуктан Борбор Азиянын, Орусиянын азык-түлүк базарлары туруксуздукка туш болушу мүмкүн.




